Парламентте МИК турак жайларынын өздүк наркы канча?

Парламентте МИК турак жайларынын өздүк наркы канча?

Парламентте депутат Нурланбек Азыгалиев сатылып жаткан турак жайлардын өздүк наркына кызыкты. МИКтин жетекчисинин орун басары Нурлан Кудайкуловдун айтымында, турак жайдын бир чарчы метринин өздүк наркы Бишкекте 59 миң 140 сомду, ал эми аймактарда 64 миң 800 сомду түзөт.

Кудайкулов сатуу баасы бир чарчы метр үчүн 900 доллардан 1400 долларга чейин өзгөрөрүн айтты. "Подрядчылар менен эсептешүүдө биз объекттин жалпы аянты үчүн төлөйбүз, ал эми калкка жашоо аянты гана сатылат. Алынган пайда кийинки долбоорлорду каржылоого жумшалат", - деп түшүндүрдү ал.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев турак жайдын калькуляциялык наркы менен сатуу баасын айырмалоо керектигин белгиледи.

"Насыялык каражаттарды тейлөөгө кеткен чыгымдар жана пайданы түзүүчү башка факторлор эске алынат. Башында баа 600-700 долларды түзчү, бирок инфляциядан улам көрсөткүчтөр өзгөрдү. Коммерциялык долбоорлордун эсебинен биз төлөө мөөнөтү узун жана пайыздык чендери рыноктук баадан төмөн болгон социалдык жана жеңилдетилген программаларды субсидиялайбыз. Инфляция 9%дын тегерегинде болуп жаткан учурда, турак жай 4% менен берилип жатат", - деп кошумчалады ал.

Мындан тышкары окуңуз

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги ири компаниялар менен кызматташат

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги ири компаниялар менен кызматташат

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы кечээ Бишкек шаарындагы “Кока-Кола Бишкек Боттлерс” ЖЧКсынын заводунда болгонун аталган агенттиктен билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, анда ишкананын иши, ошондой эле өлкө экономикасына инвестицияларды кеңейтүү жана мындан аркы өнүгүү келечеги талкууланды. Компаниянын өкүлдөрүнүн айтымында, ишкана Кыргызстанда 1996-жылдан бери ийгиликтүү иш алып барып келет жана бул аралыкта өндүрүштү

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Экономист Кубан Чороев "Кабар" агенттигине улуттук валютаны жана мамлекеттик маанидеги документтерди өзүбүздөн басып чыгаруу бир нече негизги стратегиялык артыкчылыктарын белгиледи. Анын айтымында, чыгымдарды кыскартуу жана валютаны үнөмдөө эң башкы артыкчылык. "Буга чейин Кыргызстан сомду басып чыгаруу үчүн Франция же Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдүн ири компанияларына миллиондогон доллар

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстанга товарларды импорттоодо негизги үлүш Кытай менен Россияга туура келерин Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылды. Кытайдан келген импорт жалпы көлөмдүн 36,6%ын (338,6 млн доллар), Россиядан — 26,4%ын (244,3 млн доллар) түзөт. Кыргызстанга товар жеткирген негизги беш өлкөнүн катарына ошондой эле

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Медербек Туманов Жибек жолу фондунун аткаруучу вице-президенти Сы Синьбо менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга ошондой эле "Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Эмиль Такырбашев катышты. Жолугушууда тараптар өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен инвестициялык долбоорлорду талкуулашты. Өзгөчө гидроэнергетика,