Астанада Кыргызстан элчилигинин жаңы имараты курулат

Астанада Кыргызстан элчилигинин жаңы имараты курулат

Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Кудайберген Базарбаев Астана шаарынын акими Женис Касымбек менен жолукканын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мурда жетишилген келишимдерди ишке ашыруу маселелерин жана Бишкек жана Астана шаарларынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Ошондой эле, Астанада Кыргызстандын элчилиги үчүн жаңы имаратты куруу, маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү, гастролдук иш-чараларды өткөрүү жана эки өлкөнүн тиешелүү мекемелеринин түз байланыштарын өнүктүрүү маселелери каралды.
2025-жылдын сентябрь айында Тышкы иштер министрлиги элчиликтин Астана шаарындагы жаңы имаратка көчкөнүн билдирген. Азыр Тышкы иштер министрлиги Астанада дагы бир имаратты куруу пландалып жатканын маалымдады.

Мындан тышкары, жолугушууда соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык, ошондой эле Бишкек жана Астана шаарларынын ортосундагы өз ара сапарларды уюштуруу маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Бул сапарлар турак жай-коммуналдык чарба, көрктөндүрүү, санариптештирүү жана жер пайдалануусу тармактарындагы тажрыйбаны алмашуу максатында жүргүзүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Экономист Кубан Чороев "Кабар" агенттигине улуттук валютаны жана мамлекеттик маанидеги документтерди өзүбүздөн басып чыгаруу бир нече негизги стратегиялык артыкчылыктарын белгиледи. Анын айтымында, чыгымдарды кыскартуу жана валютаны үнөмдөө эң башкы артыкчылык. "Буга чейин Кыргызстан сомду басып чыгаруу үчүн Франция же Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдүн ири компанияларына миллиондогон доллар

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстанга товарларды импорттоодо негизги үлүш Кытай менен Россияга туура келерин Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылды. Кытайдан келген импорт жалпы көлөмдүн 36,6%ын (338,6 млн доллар), Россиядан — 26,4%ын (244,3 млн доллар) түзөт. Кыргызстанга товар жеткирген негизги беш өлкөнүн катарына ошондой эле

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Медербек Туманов Жибек жолу фондунун аткаруучу вице-президенти Сы Синьбо менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга ошондой эле "Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Эмиль Такырбашев катышты. Жолугушууда тараптар өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен инвестициялык долбоорлорду талкуулашты. Өзгөчө гидроэнергетика,

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Бир нече жылдан бери чет өлкөдө жашап келе жаткан ишкер Шаршенбек Абдыкеримов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылды. Ал 28-мартта жарыялаган кайрылуусунда мурда "Аю Гранд Комфорт" жана "Томми мол" деген эки соода борборунун ээси болгонун, кийин алардын бири - "Аю Гранд Комфортту"