Ош шаарынын башкы архитектурасынын кызматкерлери кармалды

Ош шаарынын башкы архитектурасынын кызматкерлери кармалды

Ошто курулуш стандарттарын одоно бузуу менен курулган бир катар курулуш долбоорлору аныкталганын УКМКдан билдиришти. Атайын кызматтын маалыматына караганда, курулуш компаниялары унаа токтотуучу жайлар боюнча жалган маалымат берип, Ош архитектурасы ал долбоорлорду мыйзамсыз бекитип турган. 

Курулуш компаниялары пайда көрүү үчүн унаа токтотуучу жайлардын ордуна коммерциялык имараттарды куруп салышкан. 
Ош архитектурасынын кызматкерлери шаарды иретке келтирүүнүн ордуна, курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен алдын ала келишим түзүшкөн. 

Натыйжада Ош шаарынын аймагында шаар куруу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын системалуу түрдө бузулушу байкалууда, бул объекттерди куруу мөөнөттөрүн создуктурууга, үлүшчүлөрдүн нааразычылыгына, транспорттук абалдын олуттуу начарлашына, жол тармагында тыгындардын пайда болушуна жана шаардык инфраструктурага кошумча жүк келтирүүгө алып келет.

Чогултулган материалдардын негизинде УКМК тарабынан кылмыш иши козголуп, анын алкагында Ош шаарынын башкы архитекторунун биринчи орун басары Т.Ы.К. жана архитектура боюнча адиси Т.З.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Ош шаарындагы шаар курулушу чөйрөсүндөгү коррупциялык мүнөздөгү кызматтык кылмыштарды аныктоо боюнча иш-чаралар уланууда.

Мындан тышкары окуңуз

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Экономист Кубан Чороев "Кабар" агенттигине улуттук валютаны жана мамлекеттик маанидеги документтерди өзүбүздөн басып чыгаруу бир нече негизги стратегиялык артыкчылыктарын белгиледи. Анын айтымында, чыгымдарды кыскартуу жана валютаны үнөмдөө эң башкы артыкчылык. "Буга чейин Кыргызстан сомду басып чыгаруу үчүн Франция же Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдүн ири компанияларына миллиондогон доллар

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстанга товарларды импорттоодо негизги үлүш Кытай менен Россияга туура келерин Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылды. Кытайдан келген импорт жалпы көлөмдүн 36,6%ын (338,6 млн доллар), Россиядан — 26,4%ын (244,3 млн доллар) түзөт. Кыргызстанга товар жеткирген негизги беш өлкөнүн катарына ошондой эле

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Медербек Туманов Жибек жолу фондунун аткаруучу вице-президенти Сы Синьбо менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга ошондой эле "Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Эмиль Такырбашев катышты. Жолугушууда тараптар өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен инвестициялык долбоорлорду талкуулашты. Өзгөчө гидроэнергетика,

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Бир нече жылдан бери чет өлкөдө жашап келе жаткан ишкер Шаршенбек Абдыкеримов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылды. Ал 28-мартта жарыялаган кайрылуусунда мурда "Аю Гранд Комфорт" жана "Томми мол" деген эки соода борборунун ээси болгонун, кийин алардын бири - "Аю Гранд Комфортту"