Тамчы айылындагы 1,5 гектарлык унаа короосу курулуштары менен мамлекетке кайтарылды

Тамчы айылындагы 1,5 гектарлык унаа короосу  курулуштары менен мамлекетке кайтарылды

Тамчы айылында жайгашкан Айыл чарба министрлигине караштуу машина короосун мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталганын УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, 2000–2004-жылдары аталган кыймылсыз мүлк милдеттүү конкурс өткөрүлбөстөн үчүнчү жактарга сатылган. Бул Кыргыз Республикасынын "Совхоздорду жана башка мамлекеттик (муниципалдык) айыл чарба ишканаларын мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө" жобосунун талаптарын бузат.

Текшерүүнүн жыйынтыгында жер тилкеси жана имараттар менчиктештирүү жол-жоболору бузулуп, мамлекеттик менчиктен чыгарылганы аныкталган. Иликтөөнүн негизинде 1,5 гектар аянттагы жер тилкеси бардык курулуштары менен бирге мамлекеттин балансына кайтарылды.

УКМКда мыйзамсыз менчиктештирүү схемаларын токтотуу боюнча иштер улантылып жатканын, ошондой эле мамлекеттик уюмдардын башка объектилери боюнча да ушундай текшерүүлөр жүргүзүлүп жатканын белгилешти.

Мындан тышкары окуңуз

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Экономист Кубан Чороев "Кабар" агенттигине улуттук валютаны жана мамлекеттик маанидеги документтерди өзүбүздөн басып чыгаруу бир нече негизги стратегиялык артыкчылыктарын белгиледи. Анын айтымында, чыгымдарды кыскартуу жана валютаны үнөмдөө эң башкы артыкчылык. "Буга чейин Кыргызстан сомду басып чыгаруу үчүн Франция же Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдүн ири компанияларына миллиондогон доллар

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстанга товарларды импорттоодо негизги үлүш Кытай менен Россияга туура келерин Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылды. Кытайдан келген импорт жалпы көлөмдүн 36,6%ын (338,6 млн доллар), Россиядан — 26,4%ын (244,3 млн доллар) түзөт. Кыргызстанга товар жеткирген негизги беш өлкөнүн катарына ошондой эле

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Медербек Туманов Жибек жолу фондунун аткаруучу вице-президенти Сы Синьбо менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга ошондой эле "Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Эмиль Такырбашев катышты. Жолугушууда тараптар өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен инвестициялык долбоорлорду талкуулашты. Өзгөчө гидроэнергетика,

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Бир нече жылдан бери чет өлкөдө жашап келе жаткан ишкер Шаршенбек Абдыкеримов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылды. Ал 28-мартта жарыялаган кайрылуусунда мурда "Аю Гранд Комфорт" жана "Томми мол" деген эки соода борборунун ээси болгонун, кийин алардын бири - "Аю Гранд Комфортту"