Бишкекте 14 кабаттуу турак жай имаратынын курулушу токтотулду

Бишкекте 14 кабаттуу турак жай имаратынын курулушу токтотулду

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасы менен №61 мектептин жанындагы курулуш иштери убактылуу токтотулуп, курулушка байланыштуу укук берүүчү документтер кайтарылып алынганын Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда №61 мектептин жанында 14 кабаттуу турак жай имараты курулуп жатканы тууралуу жарандардын видео кайрылуусу тараган.

Учурда тиешелүү мамлекеттик органдар курулуштун мыйзамдуулугун, ошондой эле балдардын коопсуздугу камсыздалып жатканын текшерүү максатында кошумча текшерүүлөрдү жүргүзүп жатышат.

Мындан тышкары окуңуз

Рустам Мамасадыков УКМК төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды

Рустам Мамасадыков УКМК төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды

Өлкө башчы Садыр Жапаров Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна жана 71-беренесине ылайык, Рустам Мамасадыковду   Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматынан бошотуп, аны  УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары кызматына дайындоо тууралуу буйрукка кол койду. Р.Мамасадыков Коопсуздук кеңешинин катчысы болгонго чейин УКМК төрагасы К. Ташиевдин биринчи орун басары болуп иштеген.

Президент УКМК жетекчиси эмнеге кызматтан алынганын билдирди

Президент УКМК жетекчиси эмнеге кызматтан алынганын билдирди

Президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтан кетиши боюнча үн катты. “Кабар” агенттигине президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдиргендей, мындай чечимди президент мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн кабыл алган. “Бул чечим эң биринчи кезекте мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн, коомчулукта, анын ичинде мамлекеттик түзүмдөр

Ж.Жаилов: Ишкерликти Кыргызстандын аймактарында  өнүктүрүүбүз зарыл

Ж.Жаилов: Ишкерликти Кыргызстандын аймактарында өнүктүрүүбүз зарыл

Бишкек шаары ашыкча калк топтолгон, бизнес үчүн мүмкүнчүлүктөр чектелүү, ошондуктан ишкердикти аймактарда өнүктүрүү зарыл экенин радионун түз эфиринде Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, экономика илимдеринин доктору, профессор Жумабек Жаилов билдирди. Анын айтымында, айрым Европа өлкөлөрүндө ири шаардан тоолуу аймакка бизнес көчүрүлгөн учурда мамлекет ар бир түзүлгөн жумушчу орун үчүн болжол

Өзбекстандын алтын-валюта резерви 75 млрд долларга жетти

Өзбекстандын алтын-валюта резерви 75 млрд долларга жетти

Өзбекстандын алтын-валюта резервдери тарыхый эң жогорку деңгээлге чыгып, 2026-жылдын 1-февралына карата 75 млрд доллардан ашканын өлкөнүн Борбордук банкы маалымдады. Маалыматка ылайык, 2025-жылдын декабрь айынын аягында резервдердин көлөмү 66,3 млрд долларды түзгөн. Натыйжада бир айдын ичинде өсүш 8 млрд доллардан ашып, бул көрсөткүч резервдер боюнча статистика жүргүзүлө баштагандан берки эң