Мэрия жыл бою иштөөчү теннис паркын курууга жеке өнөктөш тапты
Бишкек шаарында "Тай-Брейк" кортторунун базасында "Теннис Парк" жыл бою иштээрлик теннис комплексин реконструкциялоо жана куруу" мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоору үчүн жеке өнөктөш тандоо конкурсу өткөнүн муниципалитеттин маалымат кызматы маалымдады.
Конкурстун экинчи баскычына катышууга "Теннис Парк" ЖЧКсы компаниясы кабыл алынып, өзүнүн каржылык жана техникалык сунушун тапшырган. Конкурс комиссиясы бардык материалдарды карап чыгып, компаниянын сунушун конкурстук документация талаптарына жана МЖӨ долбоорунун шарттарына ылайык деп тапты.
Ошентип, аталган долбоор боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишимин түзүүгө укук алган жеңүүчү катары "Теннис Парк" ЖЧКсы татыктуу деп таанылды.