Кыргызстанда дагы бир эл аралык аба майданы ачылат

Кыргызстанда дагы бир эл аралык аба майданы ачылат

«Эти Бакыр Терексай» кыргыз-түрк ишканасы Жалал-Абад областында «Кербен» аба майданын кеңейтип жана реконструкциялоону каржылайт. Модернизациялоодон өткөндөн кийин бул аба майдан эл аралык статусуна ээ болот. Ошентип Кыргызстанда дагы бир эл аралык  аэропорт пайда болот. Мындай кабарды ААК «Манас» эл аралык аба майданынын маалымат кызматы билдирди (МЭАМ, мамлекеттик үлүшү 79%).

Маалыматка ылайык, МЭАМ менен «Эти Бакыр Терексай» ишканасы ортосунда биринчи сүйлөшүүлөр ийгиликтүү өттү. Жыйынтыгында, «Кербен» регионалдык аба майданын реконструкциялоо жана кеңейтүү чечимдери келип чыкты.

«Учурда «Эти Бакыр Терексай» ишканасынын «Кербен» аба майданын модернизациялоого түз инвестиция салуусу жана менчикти эрежесиз өзгөртүүгө болбой турган, эки тарапка тең пайдалуу шартта кызматташуунун жолдору тууралуу талкуу жүрүп жатат. Бул кызматташуунун жыйынтыгында, «Кербен» аба майданы ICAO эл аралык стандартка жооп берген, жакшыртылган жасалма учуп-конуучу тилкеге ээ болмокчу. Реконструкциядан өткөн аба майдан эл аралык статусун алууга мүмкүнчүлүгү болот», –  деп айтылат «Манас» эл аралык аба майданынын билдирүүсүндө.


Мурдараак Economist.kg белгилегендей, 2021-жылдын январь айынан тартып«Эти Бакыр Терексай» «Кербен» аба майданын реконструкциялоону каржылап жана 35 км турган Ала-Бука – Кировка жолун капиталдык ремонттон өткөрүүгө акча бөлүүнү пландап жатканын жарыя кылган.  

Эки инфраструктуралык долбоорду каржылоо келишими 2020-жылдын декабрында болгон сапарда, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиковдун жетекчилиги астында ишке ашкан.


Эскерте кетсек, 15-декабрдан тартып  «Эти Бакыр Терексай» ишканасы «Терексай» руднигиндеги алтын өндүрүүчү фабриканын жана калдык сактоочу жайдын курулушун жандандырган эле. Бирок бул жумуштар октябрдын башында жергиликтүү калктын бир тобунун талабы менен токтоп калган болчу. Компания бири каршы болгон, экинчиси колдогон эки топтун кагылышуусунан чочулап, алардын талабына макул болгон.  


 «Эти Бакыр Терексай» ЖЧК — бул бириккен кыргыз-түрк ишканасы, ал 2016-жылы «Терексай» зыяндуу руднигинин базасында түзүлгөн. Бириккен ишкананы 25% жана 75% үлүшү менен «Кыргызалтын» (мамлекеттик үлүшү 100%) жана ири түрк Cengiz Holding конгломератына кирген түрк «Эти Бакыр» АК түптөгөн.

Жаңы фабрика

2020-жылдын 25-сентябрында «Эти Бакыр Терексай» компаниясы «Терексай» руднигинде бир жылда 1 млн тонна руданы иштеп чыгуучу кубатка ээ жаңы алтын өндүрүүчү фабриканын курулушун баштаган. Жаңы фабрика советтик жана технологиялык жактан да эскирип бүткөн, кубаттуулугу 10 эсе аз АӨФ нын ордун басмак. Жаңы фабрика менен Терек, Тереккан жана Перевальное сыяктуу пайдалуу кендердин чыккан жерлерин ачууга жана иштетүүгө мүмкүн болот.

Мындан тышкары окуңуз

"Чычкан"постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан"постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан" постунун жаңыланган имараты пайдаланууга берилгенин Жол кыймылынынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, башкы башкармалыктын башчысы Азенбек Козукеев Жалал-Абад облусунда жол тескөөчүлөрүнүн ишмердүүлүгүн текшерүүдө. Анда Токтогул районундагы “Чычкан” постунда автоунаанын жүк салган бөлүгүнө адам салып алган айдоочу аныкталды. Азенбек Козукеев адам өмүрү баарынан кымбат экенин айтып,

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

"Код 95” айдоочулук күбөлүктүн бир түрү катары эл аралык жүк ташууда керектелчү документ болуп саналарын президенттин Иш башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Бообек Салимжанов "Кабар"агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, айдоочулар бул документти алуу үчүн өз өлкөсүнүн айдоочулук күбөлүгү болушу шарт. Андан соң белгилүү бир

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2011-жылы Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары Орто-Сай айылында жайгашкан 0,75 гектар жер тилкесин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке сатып жиберишкен. Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде аталган

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков "Кыргыз Республикасынын ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын" өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңешме өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга мамлекеттик органдардын жана Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрү катышып, азык-түлүк коопсуздугу, баалардын туруктуулугу жана тармактын туруктуу иштеши маселелери каралды. Кеңешменин жүрүшүндө Казакстан