Баткен облусунун 2020-жылдагы социалдык-экономикалык абалына сереп

Баткен облусунун 2020-жылдагы социалдык-экономикалык абалына сереп

2021-жылдын январь айында Баткен облустук мамлекеттик статистика башкармалыгы 2020-жылдын январь-декабрь айларындагы Баткен облусунун социалдык-экономикалык абалы боюнча реалдуу, мамлекеттик, финансылык жана социалдык секторлорго талдоо жүргүзгөн айлык басылмасын жарыялаган. Басылмада ыкчам маалыматтардын негизинде, областтын ар бир секторуна берилген толук статистикалык таблицалар менен бирге кенен маалымат берилет.

Тиркеменин биринчи жана экинчи бөлүмүндө облустун 2020-жылдын январь-декабрь айларындагы социалдык-экономикалык абалына статистикалык мүнөздөмө жана негизги көрсөткүчтөр берилген. Анда кээ бир тармактарда өсүү байкалган болсо, чекене товар жүгүртүүнүн көлөмү сыяктуу кээ бир секторлордун пайыздык көрсөткүчтөрү 2019-жылга салыштырмалуу төмөндөгөн.

Тармактар2020-ж. январь-декабрь

2019-жылга салыштырмалуу

Өнөр-жай ишканалары3074677,9 миң сомдук продукция өндүрүлгөн

Физикалык көлөмдүн индекси 125,3% болгон
Айыл-чарбасы, аңчылык жана токой чарбасы

дүң чыгарылышы 17290,7 млн сомго барабар болгон


101, 9%ды түзгөн

Капиталдык салымдардын иштетилиши

2962450,6 миң сомго барабар
77,8 %ды түзгөн
Турак-жай курулушу
жалпы аянты 54428,0 чарчы метр болгон 500 квартира пайдаланууга берилген

75,5%ды түзгөн
Транспорттун бардык түрү 1165,6 миң тонна жүк ташылган жана жүргүнчүлөрдү ташуунун көлөмү 142949,8 миңге жеткен

79,5%ды түзгөн
Чарба жүргүзүүчү субьектилер


юридикалык жактар жана жеке адамдар тарабынан көрсөтүлгөн рыноктук тейлөөлөр 17772151,3 сом болгон  
3,2%га төмөндөгөн

Чекене товар жүгүртүүнүн көлөмү

15423215,1 сом (коомдук тамактанууну кошкондо)12,1%га төмөндөгөн
Калкка кызмат көрсөтүү

2348936,2 миң сомду түзгөн3,2%га төмөндөгөн
Инфляция деңгээлин мүнөздөөчү керектөө бааларынын индекси

107,9%ды түзгөн108,5 % болгон
Орточо бир айлык эмгек акы

13368,8 сом болгон

14,9%га өскөн
Калктын негизги социалдык-демографиялык топтордун жашоо минимуму5372,23 сомду түзгөн. Эмгекке жөндөмдүү курактагы калк үчүн 5946,52 сом, пенсия курагындагылар үчүн 4724,80, балдарга 4669,15 сомду түзгөн  
 

Сектордук обзор

Баткен облусунда ээлик кылуучу субъектилердин саны 2021-жылдын январь айына карата 76718 бирдикти түзүп, анын ичинен 6,1%ы юридикалык жактар, 41,5%ы дыйкан (фермер) чарбалары, 52,2%ы жеке ишкерлер, 0,2%ы филиалдар жана өкүлчүлүктөр болгон.

Катталган юридикалык жактардын саны 2021-жылдын 1-январына карата 4642 субьектини түзүп, 2019-жылга салыштырмалуу 3,8%га өскөн. Ошондой эле жеке ишкерлердин саны 40074, дыйкан (фермер) чарбаларынын саны 31810 бирдикти түзүп, бир жыл мурдагы мезгилге салыштырмалуу 3,2 жана 1,4 пайызга өскөнүн көрүүгө болот.

Экономикалык ишмердиктин түрү боюнча өнөр-жай тармактарынын
үлүшү иш жүзүндөгү баада % менен

Баткен облусунун ар райондорундагы чекене товар жүгүртүүнүн салыштырма салмагы % менен

Калкка акысына кызмат көрсөтүүнүн салыштырма салмагы % менен райондордогу көрсөткүчтөрү

Официалдуу катталган жумушсуздардын саны (адам)

Баткен облусунун демографиялык жагдайы

2020-жылдын январь-ноябрь айында Баткен облусу боюнча 12855 бала төрөлгөн.  Калктын табигий өсүүсү 10275 адамды, же 1000 кишиге көбөйүп, 18,9% түзгөн.

Мамлекеттик секторлор

Финансы. Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин борбордук казына бөлүмүнүн маалыматы боюнча 2020-жылдын январь-ноябрь айларында жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү, официалдуу трансферттерди кошкондо 939,1 млн. сом өлчөмүндө аныкталып, 2019-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 95,8%га аткарылган.
Облустук жергиликтүү бюджет 2020-жылдын январь-ноябрь айларында профицит менен аткарылган (кирешелер чыгашалардан көп). 2020-жылдын январь-ноябрь айларында жергиликтүү бюджеттинин киреше бөлүгүнө 531,9млн. сом өлчөмүндө салык төлөмдөрү түшүп, өткөн жылга салыштырмалуу салыктан түшүүлөр
2,4 пайызга өскөн. Салыктан тышкары кирешенин басымдуу бөлүгүн менчиктен түшкөн киреше жана пайыздар түзгөн. Облустук бюджетте официалдык трансферттик түшүүлөр көлөмү бардык түшүүлөрдүн 28,6 пайызын түзөт.


Облустук бюджеттин чыгаша бөлүгү 2020-жылдын январь-ноябрь айларында 651,2 млн. сомду түзүп, 2019-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 8,2%га азайган. Чыгашалардын 33,4%ы социалдык-маданий чөйрөгө, 49,2%ы жалпы багыттагы мамлекеттик тейлөөлөр, коргоо жана коомдук тартипти сактоого жумшалган. Бардык
чыгашалардын 19,6%ы билим берүү тармагына (127,4 млн. сом) бөлүнгөн.

Мындан тышкары окуңуз

"Чычкан"постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан"постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан" постунун жаңыланган имараты пайдаланууга берилгенин Жол кыймылынынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, башкы башкармалыктын башчысы Азенбек Козукеев Жалал-Абад облусунда жол тескөөчүлөрүнүн ишмердүүлүгүн текшерүүдө. Анда Токтогул районундагы “Чычкан” постунда автоунаанын жүк салган бөлүгүнө адам салып алган айдоочу аныкталды. Азенбек Козукеев адам өмүрү баарынан кымбат экенин айтып,

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

"Код 95” айдоочулук күбөлүктүн бир түрү катары эл аралык жүк ташууда керектелчү документ болуп саналарын президенттин Иш башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Бообек Салимжанов "Кабар"агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, айдоочулар бул документти алуу үчүн өз өлкөсүнүн айдоочулук күбөлүгү болушу шарт. Андан соң белгилүү бир

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2011-жылы Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары Орто-Сай айылында жайгашкан 0,75 гектар жер тилкесин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке сатып жиберишкен. Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде аталган

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков "Кыргыз Республикасынын ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын" өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңешме өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга мамлекеттик органдардын жана Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрү катышып, азык-түлүк коопсуздугу, баалардын туруктуулугу жана тармактын туруктуу иштеши маселелери каралды. Кеңешменин жүрүшүндө Казакстан