КРда орто жана чакан ишканалардын ИДПга салымы 40-49%ды түзөт – «Кепилдик Фонду»

КРда орто жана чакан ишканалардын ИДПга салымы 40-49%ды түзөт – «Кепилдик Фонду»

Орто жана чакан ишканалардын ИДПга салымы 40-49%ды түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда «Кепилдик Фонду» ААКнун башкармалыгынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров «Биринчи Радионун» түз эфиринде айтты.

Анын айтымында, КРда орто жана чакан ишканалардын ИДПга салымы 40-49%ды түзөт.

«Эгерде өнүккөн өлкөлөрдү алып көрсөк, алардыкы 60%дан жогору, кээ бир өлкөлөрдө 90%га чейин жетет», – деди ал.

«Кепилдик Фондунун» төрагасынын айтымында, ишкерлердин баалоого койгон күрөөсү керектүү суммага жетишпей калган учурларда фонд жардамга келет. Ишкерлердин талабы 30-40% банктын кредиттик портфелине жараша түзүлөт. Андан тышкары, ишкерлердин финансылык сабаттуулугу 24-24% болгондуктан, фонддун кызматкерлери аймактарга барып ишкерлерге жолугуп, аларды окутушат.

Малик Абакиров белгилегендей, учурда өкмөт ар кандай долбоорлор аркылуу жардам берип жатканына карабастан, бизнеске дагы деле каражаттык колдоо керек. Анткени Covid-19 пандемиясы алардын ишмердүүлүгүнө болуп көрбөгөндөй эле таасирин тийгизген.

Ал эми КРгы Америка соода палатасынын талдоосуна ылайык, пандемия учурунда ишканалардын ишкердүүлүгүнө үч негизги фактор таасир эткен.

  1. Ишканалардын 54%ы товарлардын жана кызматтардын төмөндөп кетүүсүнө дуушар болуп, натыйжада, бул ишканалардын кирешесинин төмөндөшүнө алып келген.
  2. Ишканалардын 45%ы мыйзамдык чектөөлөрдүн таасирине толук же олуттуу түрдө дуушар болушкан.
  3. Ишканалардын 37%ы кам азык жана чийки заттардын жетишсиздигине же ташылып келүүсүнүн үзгүлтүккө учурашына дуушар болушкан. 

Ошондой эле ишкерлер жумушчулардын эмгек акысын төмөндөтүүгө, операцияларды кыскартууга, капиталды айлантууга алынчу кредиттерди токтотуп турууга жана жаңы экспорт мүмкүнчүлүктөрүн ачууга барышкан. Ишин толугу менен токтотууга сурамжыланган ишкерлердин 10%ы мажбур болгон.

Маалымдама. Пандемиянын кесепеттери тууралуу сурамжылоого Америка соода палатасынын элүүдөй ишкана мүчөлөрү катышкан. Жоопторду экономиканын түрдүү 15 тармагынан (аудит, консалтинг, юридикалык кызматтар, банк, курулуш ж.б.) чакан, орто жана ири ишканалар беришкен. Сурамжылоо (CIPE) Эл аралык жеке ишкерлер борборунун колдоосу менен жүргүзүлгөн.

Эгерде пандемиянын кесепети тууралуу айта турган болсок, ишканалар ал кесепеттерди азайтуу үчүн эң көп төмөндөгүдөй чаралар көрүшкөн:

  • Ишканалардын 86%ы административдик чыгымдарды жана жумушчуларга кеткен чыгымдарды кыскартышкан.
  • Ишканалардын 51%ы учурдагы жана стратегиялык инвестицияларды кийинкиге калтырышкан.
  • Ишканалардын 41%ы жаңы бизнес багыттарды түзүшкөн.

Негизги акционери Дүйнөлүк банк болгон «Кепилдик Фонду» учурда  2 миңден чакан жана орто бизнестин өкүлдөрүнө 3 млрд сомдон жогору кепилдик берген. Ошондой эле «Кепилдик Фондго» Дүйнөлүк банк (ДБ) берген каражаттан 24 млн доллар бөлүнөт.

«Экономика министрлиги ДБ менен 24 млн долларлык долбоорго кол койду. Негизинен Дүйнөлүк банк КРга 100 млн доллар берип жатат, анын 24 млн доллары «Кепилдик Фондго» бөлүнөт. Анын алкагында ишкерлерге кепилдик портфелдери берилет. Мөөнөтү келгенде бул каражатты кайра министрликке кайтарып беребиз», – деди фонддун төрагасы. 

Мындан тышкары окуңуз

Жылдыз Асанакунова: Кыргызстанга австралиялык туристтер көп келүүдө

Жылдыз Асанакунова: Кыргызстанга австралиялык туристтер көп келүүдө

2020-2021-жылдарга чейин өлкөгө жылына 2-3 миллион гана турист келсе, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 13 миллионго жеткенин мамлекет башчысы Садыр Жапаров билдирген. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча туризмдин абалы кандай? Анын мамлекеттин экономикасына кошкон салымы канчалык? Ушул өңдүү суроолорго жооп алуу үчүн "Ишкер медиа" сайты туризм боюнча

Бишкектеги Краснодар көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Бишкектеги Краснодар көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

13-августта Бишкек шаарынын Ленин районунда Краснодар көчөсүнүн капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки ачылыш болду. Жаңыланган тилке Б. Алыкулов көчөсүнөн Тирасполь көчөсүнө чейинки аралыкты камтыйт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөөдөн өткөн жол тилкесинин узундугу 510 метрди түзөт. Капиталдык оңдоо иштерин “Су-4 Кара-Балта” ЖЧКсы подряддык

Ош шаарындагы Б.Осмонов көчөсү 15 күнгө жабылды

Ош шаарындагы Б.Осмонов көчөсү 15 күнгө жабылды

Ош шаарында 15-августтан 30-августка чейин Б. Осмонов көчөсүнүн Мукумий көчөсүнөн Достук айлампасына чейинки бөлүгү убактылуу жабылат.  Ош шаардык мэриясы, Б. Осмонов  көчөсүнөн Мукумий, А.Атаканов көчөлөрү аркылуу альтернативдүү жол аркылуу убактылуу каттоону өтүнөт. Ошондой эле Төлөнов көчөсүн оңдоп-түзөөгө байланыштуу Саргалчаев, Абжалов көчөлөрү 15-августтан тарта убактылуу жабылды.

Нарын – Баетов жолуна асфальт төшөлүүдө

Нарын – Баетов жолуна асфальт төшөлүүдө

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Нарын –Баетов унаа жолунун 84 – 115-чакырым аралыгында курулуш иштери активдүү улантылууда. “Кыргызавтожол-Түндүк” ишканасынын маалыматына ылайык, жалпы узундугу 31 чакырымды түзгөн аталган тилкенин бүгүнкү күндө 25 чакырымына асфальттын экинчи катмары төшөлүп бүттү. Курулуш иштерин №1 Жол куруу башкармалыгы жүргүзүүдө. Учурда жолдун калган бөлүгүндө асфальт