КРда мигранттардын которгон акчалары негизинен биринчи муктаждыктарга жумшалат – Дүйнөлүк Банк

КРда мигранттардын которгон акчалары негизинен биринчи муктаждыктарга жумшалат – Дүйнөлүк Банк

КРга мигранттар тарабынан которулган акча негизинен азык-түлүк жана биринчи муктаждыктарга жумшалат. Бул тууралуу бүгүн Дүйнөлүк банктын (ДБ) «Борбор Азиядагы пандемия жана жакырчылыкты жеңүү» онлайн-брифингинде, экономист, жакырчылык жана теңчилик боюнча аймактагы программанын менеджери Уильям Зейтц билдирди.

Анын айтымында, дал ушул мигранттардын акча которуулары Кыргызстанга жакырчылыктын деңгээлин жогорулатпоого жардам берген жана бул каражат негизинен биринчи муктаждыктарга жумшалат.

«Мигранттардын акча которуулары Кыргызстанга жакырчылыктын деңгээлин жогорулатпоого жардам берди. Маалыматтар көрсөткөндөй, кризис башталгандан тартып, мигранттар Кыргызстандагы үй-бүлөсүнө жардам берүү үчүн көбүрөөк үнөмдөй башташкан. Ошол эле учурда бул келген акчалар биринчи муктаждыктарга, негизинен тамак-ашка жумшалат», – деди ДБнын өкүлү.

Ошондой эле ДБ 2012-жылдан бери КРда жакырчылыктын туруктуу кыскарышы байкалбагандыгын айтат. Ал эми COVID-19 пандемиясы кырдаалды курчутуп жиберген. ДБ мурдараак берген маалыматына ылайык, 2020-жылы КРгы жакырчылыктын деңгээли 20.1%дан 31%га чейин өскөн, жыйынтыгында, жакырчылыкка дагы 700 миң адам кириптер болгон. Бул калкы 6.6 млн болгон өлкө үчүн өтө эле чоң көрсөткүч экендигин айткан эле ДБ.

Эскерте кетсек, 2020-жылы жакыр жана жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жана кичи бизнеске колдоо көрсөтүү үчүн ДБ КРга 138 млн доллар бөлүп берген

Кыргызстанда жакырчылыктын чегинде жашагандардын саны 20%ды түзөт. Бул дээрлик 1.5 млн адам. 

COVID-19 кризиси жакырчылыкты кыскартуудагы негизги фактор болгон калктын эмгек кирешесине таасир этти. Буга кошумча инфляциянын айынан калктын төлөө жөндөмдүүлүгү төмөндөп, бул кырдаал жарандардын көбүн аярлуу катмарга түртүп койду.

«Ковидге чейинки мезгилге кайтуу үчүн чоң жумуштар жасалуусу шарт. Биздин изилдөөлөр көрсөткөндөй, учурда Кыргызстандын тургундары эмгек рыногун эң курч көйгөй деп эсептешет. Бул жакырчылыкты кыскартуу жагынан эң актуалдуу болуп саналат. Ошол эле учурда, элдер азыр өлкөнүн ичинде жумуш табуу таптакыр эле мүмкүн эмес деген пикирде. Сурамжылоого катышкандардын 20%ы гана азыр жумуш издөөгө ылайыктуу учур экенин айтышты», – дейт Уильям Зейтц.

2021-жылдын 30-мартында ДБ Европа региондору жана Борбордук Азия боюнча өзүнүн экономикалык отчетун жарыялаган. Анда COVID-19 пандемиясы жана саясий туруксуздук КРнын макроэкономикалык келечегин солгундатып койгонун көрүүгө болот. Орто мөөнөттүү өсүү божомолдору пандемияга чейинки мезгилге салыштырмалуу төмөн. ИДПнын деңгээли пандемияга чейинки абалына 2023-жылы гана кайтып келиши мүмкүн, бирок ИДПнын ар бир жаранга карата нормалдуу абалга келишине көп убакыт талап кылынат деп айтылган отчетто.

Мындан тышкары окуңуз

"Чычкан"постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан"постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан" постунун жаңыланган имараты пайдаланууга берилгенин Жол кыймылынынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, башкы башкармалыктын башчысы Азенбек Козукеев Жалал-Абад облусунда жол тескөөчүлөрүнүн ишмердүүлүгүн текшерүүдө. Анда Токтогул районундагы “Чычкан” постунда автоунаанын жүк салган бөлүгүнө адам салып алган айдоочу аныкталды. Азенбек Козукеев адам өмүрү баарынан кымбат экенин айтып,

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

"Код 95” айдоочулук күбөлүктүн бир түрү катары эл аралык жүк ташууда керектелчү документ болуп саналарын президенттин Иш башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Бообек Салимжанов "Кабар"агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, айдоочулар бул документти алуу үчүн өз өлкөсүнүн айдоочулук күбөлүгү болушу шарт. Андан соң белгилүү бир

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2011-жылы Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары Орто-Сай айылында жайгашкан 0,75 гектар жер тилкесин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке сатып жиберишкен. Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде аталган

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков "Кыргыз Республикасынын ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын" өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңешме өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга мамлекеттик органдардын жана Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрү катышып, азык-түлүк коопсуздугу, баалардын туруктуулугу жана тармактын туруктуу иштеши маселелери каралды. Кеңешменин жүрүшүндө Казакстан