Кыргызстан канткенде энергетикалык кризистен чыга алат? Эксперттердин пикири

Кыргызстан канткенде энергетикалык кризистен чыга алат? Эксперттердин пикири

Бишкекте «Кыргызстан энергетикалык кризистен канткенде чыга алат» деген темада тегерек стол өттү. Талкууга эксперттик коомчулуктун, мамлекеттик түзүмдөрдүн, эл аралык уюмдардын жана бизнестин өкүлдөрү катышышты.

Чакырылган коноктор электр энергиясынын тарифтеринин көтөрүлүшү, жылытуу мезгилиндеги коркунучтар, энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу жана Кыргызстандын энергетика тармагын келечекте өнүктүрүү сыяктуу маселелерди талкуулашты.

Белгилей кетсек, бул иш-чара Economist.kg басылмасы тарабынан уюштурулган.

Эрнест Карыбеков, эксперт

– Мен калк үчүн болобу же бизнес үчүн болобу, тарифтердин көтөрүлүшүнө каршымын. Бизде ички энергетикалык системалар бар, бааны төмөндөтсө деле, тармак кирешелүү болот. Азыр болуп жаткан балээнин баары – энергетика системасын мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү программасынын натыйжасы. «Кыргызэнергону» кайтарып, бардык ортомчулардан кутулуу керек. Бизде монополист мамлекет эле болбосо, баары бир рынок жок. Электр энергиясын кайра саткан ортомчулар эмес, жөн эле өндүрүшкөн майда жеке соодагерлер бар.

Учурдагы тарифтер чындыгында чыгашаларды актабайт, бирок бул маселе электр энергиясын сатып алуу, көмүр сатуу сыяктуу схемалар аркылуу жүргөндүктөн келип чыгууда. Эми болсо энергетикалык кризистен чыгуунун жолдорун гана издеп жатышат.

Алтынай Абдыкеримова,
Экономика министрлигинин Коомдук кеңешинин мурдагы мүчөсү

– Пайданы мындай кой, тарифтер жок дегенде эскирген жабдуулардын амортизациясын жабуу үчүн өндүрүлгөн продукциянын өздүк наркын камтышы керек. Биз гидроагрегаттарды, трансформаторлорду жана башка тетиктердин баарын сырттан алып келебиз. Өндүрүүчүлөр биздин тарифти карабайт, алардын өздөрүнүн койгон баасы бар. Социалдык тарифтер менен элди ыраазы кылган менен бул эч жакшы жакка алып барбайт.

Өндүрүш өсүүдө, ошол эле учурда электр энергиясын керектөө да өсүүдө. Энергетика тармагында жаңы саясатты башташыбыз керек.

Эл аралык донорлордон кечке эле насыя ала берүү мүмкүн эмес, көз карандысыздыкка биринчи кадамды тарифтерди көтөрүүдөн башташ керек. Ооба, бул жакшы эмес, бирок биз буга келишибиз керек.

Элеонора Казакова, Кыргызстандагы энергиянын кайра жаралуучу булактарынын ассоциациясы башкармалыгынын мүчөсү

– Чакан ГЭСтерди куруу үчүн бизде чоң потенциал бар. Чакан ГЭСтерди курууга жер тилкелерин бөлүп берүүдөн, суу ресурстарын пайдалануудан баштап, көптөгөн алгачкы маселелерди чечүү керек. Учурда иш жүрүп, айрым ченемдик укуктук актылар аткарылып жатат, бирок башка нерселер менен катар курулуштун башталышын мүмкүн болушунча тездетүү керек. Албетте, пайда болгон тартыштыкты жаппайбыз, бирок, балким, жакынкы эки-үч жылда 1 млрд киловатт/саатка чейинки кубаттуулукка жетебиз.

Азыр мүмкүн болушунча жергиликтүү электр энергияны өндүрүүнү стимулдаштырып, аларга көп мүмкүнчүлүктөрдү жана жеңилдиктерди берүү зарыл. Анткени калк негизги муктаждыктарын жабуу үчүн электр энергиянын өчүрүлүшүнөн коркпоосу зарыл. Башкача айтканда, балким, азырынча күн же шамал парктарын куруу жөнүндө сөз кылуунун кажети жок, анткени бизде бул үчүн Өзбекстан, Россия же Казакстанга караганда бир топ азыраак аймак бар, бирок биз микрогенерацияны тездетилген ылдамдыкта өнүктүрүүбүз керек. Айрыкча алыскы жана айыл жерлериндеги жарандар муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн күн панелдерин, чакан шамал тегирмендерин жана микро ГЭСтерди орното алышат.

Мындан тышкары окуңуз

"Чычкан"постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан"постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан" постунун жаңыланган имараты пайдаланууга берилгенин Жол кыймылынынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, башкы башкармалыктын башчысы Азенбек Козукеев Жалал-Абад облусунда жол тескөөчүлөрүнүн ишмердүүлүгүн текшерүүдө. Анда Токтогул районундагы “Чычкан” постунда автоунаанын жүк салган бөлүгүнө адам салып алган айдоочу аныкталды. Азенбек Козукеев адам өмүрү баарынан кымбат экенин айтып,

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

"Код 95” айдоочулук күбөлүктүн бир түрү катары эл аралык жүк ташууда керектелчү документ болуп саналарын президенттин Иш башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Бообек Салимжанов "Кабар"агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, айдоочулар бул документти алуу үчүн өз өлкөсүнүн айдоочулук күбөлүгү болушу шарт. Андан соң белгилүү бир

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2011-жылы Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары Орто-Сай айылында жайгашкан 0,75 гектар жер тилкесин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке сатып жиберишкен. Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде аталган

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков "Кыргыз Республикасынын ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын" өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңешме өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга мамлекеттик органдардын жана Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрү катышып, азык-түлүк коопсуздугу, баалардын туруктуулугу жана тармактын туруктуу иштеши маселелери каралды. Кеңешменин жүрүшүндө Казакстан