Кымбатчылык, чектөөлөр – дүйнөлүк энергетика рыногундагы кырдаалга сереп

Кымбатчылык, чектөөлөр – дүйнөлүк энергетика рыногундагы кырдаалга сереп

Бүгүнкү күнү дүйнө жүзү боюнча энергияны керектөөнүн кескин өсүшү байкалууда, анын натыйжасында, бул товарлардын дүйнөлүк баасы күн сайын рекорддук чекке жетүүдө, ал эми запастар болсо минималдуу деңгээлде калууда.

Кыргызстандын нефтетрейдерлер союзу  дүйнөлүк энергетикалык аренадагы учурдагы кырдаалдын татаалдыгын түшүнүүгө жардам берүүгө дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү энергетикалык ресурстардын абалына кыскача баяндама даярдады.

Улуу Британия

Улуу Британиянын май куюучу жайлары (МКЖ) күйүүчү майдын дефицитине дуушар болууда. Жыйынтыгында, 23-сентябрда BP мунай корпорациясы ондогон МКЖды жаап жатканын жарыялады. Ошондон кийин суроо-талап күчөп, унаа ээлери бензиндин баарын май куюучу жайлардан сатып алып, аны бактарына эле эмес, канистрлерге да куюп алышкан.

Натыйжада, ВР май куюучу жайларынын ар бир үчүнчүсүндө күйүүчү май тартыштыгы болгон. Ошондой эле EG Group (Asda май куюучу жайлар тармагы) дагы сатууга чектөө киргизип, компания күйүүчү майдын бардык сортторун сатуу бир адамга 30 фунт (болжол менен 15-20 литр) менен чектелет деп билдирди.

Компаниялардын билдирүүлөрү автоунаа ээлерин  дүрбөлөңгө салып, алар бензинди чектөөсүз сатып алууларга алып келди, ошондуктан өлкөдөгү 50%дан 90%га чейин МКЖ жабылды (аймакка жараша), ал эми иштеп жаткан май куюучу жайларда километрлеген кезек күтүүлөр түзүлдү.

Улуу Британиянын рыногунда азыркы кырдаал татаал бойдон калууда. Жакында эле бул өлкөдө бензиндин литринин орточо баасы дээрлик 1.7 еврого жетти.

Королдук автомобиль күйүүчү майынын өкүлү Саймон Уильямс, эгер мунайдын баррели 100 долларга жетсе, бензиндин литринин орточо баасы 2 еврого жетиши мүмкүн деп билдирди. Ал көптөр мурдагыдай унаа айдашпаса да, кирешеси аз британдыктар күйүүчү май сатып алууга кошумча каражат табуу үчүн көп күч-аракет жумшоого аргасыз болушаарын айтат. Буга байланыштуу ассоциация КММга болгон КНСти убактылуу төмөндөтүүгө чакырат.

Кытай

Кытайда да күйүүчү майга чектөө киргизиле баштады. Кытайдын айрым аймактарында май куюучу станциялар дизелдик отунду сатууну чектеп, Кытайдын түштүк-батышында жана чыгышында узун кезектер пайда болгонун Bloomberg агенттиги билдирди. Бул маалыматты башка булактар ​​да тастыктады. Пекиндик Caixin Global медиа-группасынын айтымында, түндүктөгү Хэбэй провинциясында дизель майынын кымбатташынан улам, жетиштүү көлөмдү алуу кыйынга туруп жатканын билдирди.

Күйүүчү майдын үзгүлтүккө учурашы электр энергиясындагы көйгөйлөргө байланыштуу болушу мүмкүн, анткени уланып жаткан энергетикалык кризистин шартында электр генераторлору үчүн дизелдик отундун олуттуу көлөмү зарыл болгон.

Кытайда электр жарыгын өчүрүү уланууда, South China Morning Post басылмасынын берген маалыматына караганда, Чжэцзян провинциясындагы экспорттук зонанын көптөгөн ишканалары электр жарыгы көйгөйлөрүнөн улам өндүрүшүн кыскарткан.

Провинциялардын айрым аймактарындагы заводдорго күндүз иштөөгө, ошондой эле жергиликтүү тургундарга микроволновка менен жылыткычтарды иштетүүгө тыюу салынды. Энергетикалык системалардын жүгүн азайтуу үчүн бийлик катуу чектөөлөрдү киргизүүдө. Мисалы, айрым ишканаларга түнкүсүн гана иштөөгө уруксат берилсе, соода борборлору төрт саат мурда жабылууга мажбур болууда.

Goldman Sachs агенттигинин маалыматы боюнча, Кытай ишканаларынын 44%ы электр энергиянын тартыштыгына дуушар болгон, анткени ишканаларга керектөөнүн эң жогорку сааттарында чектөөлөр коюлуп, энергияны түнкүсүн гана колдонууга уруксат берилген.

Энергия менен камсыздоодогу оор кырдаалдан улам 30га жакын ишкана ишин убактылуу токтотуп, дагы 15 ишкананын ишмердиги үзгүлтүккө учураган. Reuters цемент, алюминий, болот, химиялык заттар, боёк жана эмерек өндүрүшү жабыркаганын, ошондой эле алюминий өндүрүү боюнча кубаттуулуктун 7%га жакыны жана цементтин 29%ы токтоп калганын жазат.

Ошондой эле Apple жана Tesla үчүн тетиктердин бир нече жеткирүүчүлөрү жергиликтүү бийликтин электр энергиясын керектөөгө койгон чектөөлөрүнөн улам өндүрүштү токтоткону кабарланууда.

Индия

Индиянын жылуулук электр станциялары өнөр жай ишканаларынын суроо-талаптарынын өсүп жаткандыгына байланыштуу ички рыноктун электр энергиясына болгон керектөөлөрүн канааттандыра албайт. «Ковид» чектөөлөрү жоюлгандан кийин өлкөдө өндүрүш тез калыбына келүүдө. Өлкөнүн электр энергия рыногу индиялык керектөөчүлөр үчүн өтө кымбат болуп калган көмүр импортунун кыскарышы менен курчуп жатат.

Индиянын бийлиги электр жарыгын өчүрүүгө аргасыз болууда. Индиянын бир катар штаттарында ТЭСти отун менен камсыз кылуу боюнча борбордук өкмөт тарабынан чукул чаралар көрүлгөнүнө карабастан, электр энергиясы суткасына 14 саатка чейин өчүрүлүүдө.

Мамлекеттик Coal India – дүйнөдөгү эң ири көмүр компаниясы – өндүрүштү жана энергетикалык компанияларга жеткирүүнү көбөйттү, бирок ЖЭБдеги көмүр запастары дагы эле өтө төмөн. Индиянын 135 көмүр менен иштеген электростанцияларынын көпчүлүгүндө учурда отундун запасы минималдуу. Индиянын көмүргө болгон көз карандылыгы чоң, анткени өлкөнүн энергетикалык балансындагы үлүшү 70%дан ашат.

Кыргызстан

Кыргызстан нефтетрейдерлер Союзу бүткүл дүйнөдө болгондой эле Кыргызстанда да энергетикалык кризис (электр энергиясын пайдаланууну чектөө чаралары, дүйнөлүк баанын өсүшүнөн улам КММнын жетишсиздиги) болууда жана азыркы шартта өнөр жай секторуна мамлекеттик колдоо көрсөтүү мурда болуп көрбөгөндөй керек деп корутундулады.

Мындан тышкары окуңуз

"Чычкан"постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан"постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан" постунун жаңыланган имараты пайдаланууга берилгенин Жол кыймылынынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, башкы башкармалыктын башчысы Азенбек Козукеев Жалал-Абад облусунда жол тескөөчүлөрүнүн ишмердүүлүгүн текшерүүдө. Анда Токтогул районундагы “Чычкан” постунда автоунаанын жүк салган бөлүгүнө адам салып алган айдоочу аныкталды. Азенбек Козукеев адам өмүрү баарынан кымбат экенин айтып,

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

"Код 95” айдоочулук күбөлүктүн бир түрү катары эл аралык жүк ташууда керектелчү документ болуп саналарын президенттин Иш башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Бообек Салимжанов "Кабар"агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, айдоочулар бул документти алуу үчүн өз өлкөсүнүн айдоочулук күбөлүгү болушу шарт. Андан соң белгилүү бир

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2011-жылы Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары Орто-Сай айылында жайгашкан 0,75 гектар жер тилкесин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке сатып жиберишкен. Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде аталган

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков "Кыргыз Республикасынын ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын" өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңешме өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга мамлекеттик органдардын жана Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрү катышып, азык-түлүк коопсуздугу, баалардын туруктуулугу жана тармактын туруктуу иштеши маселелери каралды. Кеңешменин жүрүшүндө Казакстан