ИДП 11 айда 2.4%га жогорулады – бул тейлөө тармагынын эсебинен өстү

ИДП 11 айда 2.4%га жогорулады – бул тейлөө тармагынын эсебинен өстү

Ички дүң продукт (ИДП), алдын-ала баалоо боюнча, 2021-жылдын январь-ноябрында, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2.4%га жогорулоо менен 626 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улутстатком билдирди.

«Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү 569 млрд сом өлчөмүндө түзүлдү жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 4.1%га жогорулаган.

ИДПнын өсүү темпинин жогорулашы негизинен, кызмат көрсөтүүчү тармактар тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрь айларында кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 2020-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 6.1га өскөн болсо, 2020-жылдын январь-ноябрь айларында 10%га төмөндөгөн.

Эскерте кетсек, буга чейин Евразия Өнүктүрүү Банкынын (ЕӨБ) макроэкономикалык божомолунда да тейлөө чөйрөсү КРнын экономикасын калыбына келтирүүнүн негизги драйвери болот деп айтылган эле.

Үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрында ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (43.7%) кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келди, ал өткөн жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 1.1%дык пунктка азайды, ал эми товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 1.6%дык пунктка кыскарды жана 42.6%ды түздү.

ИДПнын түзүмүндөгү өнөр жай тармагынын үлүшү 20.2%ды түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1.7%дык пунктка төмөн, курулуштун үлүшү, тиешелүүлүгүнө жараша, 6.3%га төмөн болду, ал эми ушул эле учурда айыл чарбасынын үлүшү, тескерисинче, 16.1%ды түзүү менен 1.45дык пунктка көбөйдү.

10-декабрда «КРнын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөгү» парламенттик угууда Экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев «КРнын орто мөөнөттүү мезгилде социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолу жөнүндө» баяндамасында 2022-жылы экономикалык өсүштүн негизги драйвери өнөр-жай тармагы болот деген божомолун айтты.

Мындан тышкары окуңуз

"Чычкан"постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан"постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан" постунун жаңыланган имараты пайдаланууга берилгенин Жол кыймылынынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, башкы башкармалыктын башчысы Азенбек Козукеев Жалал-Абад облусунда жол тескөөчүлөрүнүн ишмердүүлүгүн текшерүүдө. Анда Токтогул районундагы “Чычкан” постунда автоунаанын жүк салган бөлүгүнө адам салып алган айдоочу аныкталды. Азенбек Козукеев адам өмүрү баарынан кымбат экенин айтып,

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

"Код 95” айдоочулук күбөлүктүн бир түрү катары эл аралык жүк ташууда керектелчү документ болуп саналарын президенттин Иш башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Бообек Салимжанов "Кабар"агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, айдоочулар бул документти алуу үчүн өз өлкөсүнүн айдоочулук күбөлүгү болушу шарт. Андан соң белгилүү бир

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2011-жылы Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары Орто-Сай айылында жайгашкан 0,75 гектар жер тилкесин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке сатып жиберишкен. Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде аталган

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков "Кыргыз Республикасынын ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын" өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңешме өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга мамлекеттик органдардын жана Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрү катышып, азык-түлүк коопсуздугу, баалардын туруктуулугу жана тармактын туруктуу иштеши маселелери каралды. Кеңешменин жүрүшүндө Казакстан