Кумшекер менен өсүмдүк майынын баалары бир жылда кандай өзгөрдү – сереп

Кумшекер менен өсүмдүк майынын баалары бир жылда кандай өзгөрдү – сереп

Монополияга каршы мамлекеттик агенттик кант жана өсүмдүк майына бааны мамлекеттик жөнгө салуу боюнча 2021-жылдын жыйынтыгын чыгарды.

Аталган мекеме базардагы бааны турукташтыруу үчүн мамлекет бир топ чараларды көргөнүн айтат.

  • 1-июлдан 31-августка чейин кумшекер жана күн карама майын импорттоодо КНСтин ставкасын жокко чыгарган
  • 23-июндан тартып жылдын аягына чейин кантты жана өсүмдүк майын экспорттоого убактылуу тыюу салган
  • ата мекендик кант өндүрүүчүсү «Кайыңды-Кант» ААК үчүн КНС төлөөнү 80%га төмөндөткөн
  • 25-майдан 25-августка чейин бааларга убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизген 

Акыркы чечимди аткаруу максатында, Монополияга каршы мамлекеттик агенттик канттын жана өсүмдүк майынын дүң баасына чекене үстөктөрдүн максималдуу өлчөмүн (регионго жараша 10% жана 13%) белгилеген.

Мындан тышкары, ведомство ЕЭК Кеңешинин чечими менен Кыргызстанга 15-майдан 30-сентябрга чейинки аралыкта 40 миң тоннага чейин алымсыз кумшекерди импорттоо үчүн тарифтик жеңилдик берилгенин айтат.

Бул чаралардын баары кант жана күн карама майынын баасын турукташтыруу үчүн жасалган.

Канттын чекене баасы кандай өзгөрүп турду

Республика боюнча орточо баалар (сом/кг)

Жыл башынан бери канттын баасы акырындык менен январь айында 1 кг 54 сомдон мартта 63 сомго чейин өсө баштаган. Андан кийин Экономика министрлиги менен соода түйүндөрүнүн ортосунда келишим түзүлүп, анын аркасында бааны турукташтырууга мүмкүн болгон.

Андан ары мамлекеттик жөнгө салуунун жана башка чаралардын киргизилиши менен баалар 25-августка чейин туруктуу сакталып, ал тургай бир аз арзандаганы да байкалган. Бирок андан кийин канттын баасы кайра көтөрүлө баштаган.

Ноябрь айынын аягынан тартып, республиканын кант заводдору канттын дүң баасын 64.85 сомго чейин көтөрүштү. Натыйжада, чекене сатуудагы кумшекердин баасы да кымбаттап, соода түйүндөрү 68 сомго чейин кымбаттаткан.

Ата мекендик өндүрүүчүлөр менен ири түйүндөргө («Глобус», «Фрунзе», «Народный») жеткирилген кумшекердин дүң баасын кг үчүн 64.85 сомдон 63 сомго түшүрүү (жеткирүү менен кошо) боюнча макулдашуу болгон.

Мындан улам учурда аталган түйүндөрдө кумшекер 65 сомдон сатылууда.

Өсүмдүк майынын баасы кандай өзгөрдү?

республика боюнча орточо баасы (сом/л)


Жыл башынан бери күн карама майынын баасынын туруктуу өсүшү байкалууда – январь айында литри 131 сомдон июнда 161 сомго чейин көтөрүлгөн. Мамлекеттик жөнгө салуу киргизилгенден кийин анын баасы сентябрга чейин (150 сом), башкача айтканда, мамлекеттик жөнгө салуу аяктаганга чейин (25-август) төмөндөй баштаган.

Ал аяктагандан кийин өсүмдүк майынын баасы бүгүнкү күнгө чейин туруктуу бойдон калууда.

Мындан тышкары окуңуз

"Чычкан"постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан"постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан" постунун жаңыланган имараты пайдаланууга берилгенин Жол кыймылынынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, башкы башкармалыктын башчысы Азенбек Козукеев Жалал-Абад облусунда жол тескөөчүлөрүнүн ишмердүүлүгүн текшерүүдө. Анда Токтогул районундагы “Чычкан” постунда автоунаанын жүк салган бөлүгүнө адам салып алган айдоочу аныкталды. Азенбек Козукеев адам өмүрү баарынан кымбат экенин айтып,

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

"Код 95” айдоочулук күбөлүктүн бир түрү катары эл аралык жүк ташууда керектелчү документ болуп саналарын президенттин Иш башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Бообек Салимжанов "Кабар"агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, айдоочулар бул документти алуу үчүн өз өлкөсүнүн айдоочулук күбөлүгү болушу шарт. Андан соң белгилүү бир

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2011-жылы Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары Орто-Сай айылында жайгашкан 0,75 гектар жер тилкесин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке сатып жиберишкен. Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде аталган

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков "Кыргыз Республикасынын ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын" өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңешме өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга мамлекеттик органдардын жана Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрү катышып, азык-түлүк коопсуздугу, баалардын туруктуулугу жана тармактын туруктуу иштеши маселелери каралды. Кеңешменин жүрүшүндө Казакстан