Күткөндөн мыкты – Жерүй кенин иштетүүнүн жыйынтыктары пландалган көрсөткүчтөрдөн ашты

Күткөндөн мыкты – Жерүй кенин иштетүүнүн жыйынтыктары пландалган көрсөткүчтөрдөн ашты

2021-жыл Кыргызстан үчүн эң оор жылдардан болду. Локдаундан кийин саясий окуялардын курчушуна байланыштуу кыргызстандык ишканалардын ишмердигин калыбына келтирүү кыйынга турду.

Быйыл Кыргызстандын экономикасына пайда алып келген алгылыктуу долбоорлордун бири катары Жерүй кенин ишке киргизүү аракетин айтсак болот. Бардык кыйынчылыктарга карабастан өз убагында өздөштүрүү башталып, алтын өндүрүү боюнча алгачкы жыйынтыктар пландалган көрсөткүчтөрдөн ашты.

Баары кантип башталган

Таластагы алтын кен комбинатынын салтанаттуу ишке киришүү аземи Кыргызстан менен Орусиянын мамлекет башчыларынын деңгээлинде өттү. Иш-чарага КРнын президенти Садыр Жапаров менен РФнын президенти Владимир Путин телекөпүрө форматында катышты.

КРнын президенти инвесторлорго – «Альянс Алтын» компаниялар тобуна Кыргызстандын экономикасына инвестиция салганына ыраазычылык билдирип, «Жерүй» Россиянын мамлекеттик банкынын катышуусундагы өлкөдөгү иштеп жаткан эң ири инвестициялык долбоор экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, кенди ишке киргизүүгө даярдык көрүү стадиясында эле инвесторлор бюджетке жана бюджеттен тышкаркы фонддорго салык жана салыктык эмес төлөмдөр түрүндө дээрлик 1.5 млрд сом которгон.

ВТБ Банк башкармалыгынын төрагасы Андрей Костин заводдун ишке кириши аталган банктын Кыргызстандагы дебюттук жана Россиянын катышуусундагы эң ири долбоор экенин баса белгиледи. Каржылоонун жалпы суммасы 190 млн долларды түзөт.

Костин КРнын экономикасы «Жерүй» долбоору аркылуу руданы казуудан тартып, алтын куймаларын алганга чейинки толук циклди түзгөн уникалдуу өндүрүш объектисин алды деп эсептейт.

Эске салсак, «Альянс Алтын» компаниясы Жерүй кенин иштетүү үчүн лицензияны 2015-жылы 100 млн долларга алган. Бул Кыргызстанга буга чейин  төлөнгөн эң чоң сумма десе болот. Ал кезде Жерүй 580 млн долларлык соттук милдеттенмелеринен улам көйгөйлүү объект катары эсептелип турган эле.

Кыргызстандын бюджетине канча түштү?

«Жерүй» кенинде алтын өндүрүлүп баштагандан бери – 2015-жылдан 2021-жылдын март айына чейин «Альянс Алтын» ишканасынан түшкөн бюджеттик жана социалдык чегерүүлөрдүн көлөмү өндүрүштө таза кирешенин жоктугуна карабастан 923 млн сомду түзгөн.

Фабрика ишке киргенден бери «Альянс Алтын» ЖЧКсы өлкөнүн бюджетине ай сайын төлөнүүчү төлөмдөрдү пландуу түрдө көбөйтүп келет. Ал эми июнда Жерүйдөн бюджетке биринчи млрд сом, тагыраак айтканда, 1.3 млрд сом которулган.

2021-жылдын декабрь айына карата «Альянс Алтын» ЖЧКсы республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге 3.9 млрд сом, анын ичинен 1.9 млрд сомду алтынды сатуудан түшкөн кирешеден төлөгөн.

Талас дотациядан чыкты

Үстүбүздөгү жылдын башынан бери Талас облусунда салык жана башка кирешелер өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2.5 эсеге өсүп, рекорддук көрсөткүчкө, тагыраак айтканда, 2 млрд 120 млн сомго жеткен. Райондун кирешесинин бир кыйла өсүшү Жерүй кенин ишке киргизүүнүн эсебинен камсыз болгон.

Учурда облустун бүт кирешесининин үчтөн эки бөлүгү «Жерүй» кенин иштетүүчү «Альянс Алтын» ЖЧКдан түшөт. Бул көрсөткүчтөр менен дотациядагы Талас облусу өлкөдө салык жана башка төлөмдөр боюнча дароо акыркы орундан 6-орунга көтөрүлдү.

Жергиликтүү аймактын инфраструктурасын өнүктүрүү жана кармоо үчүн компания тарабынан 200 млн сом төлөнүп, анын 50%ы – Талас облусунун өнүктүрүү Фондуна, 30%ы – Талас районунун өнүктүрүү Фондуна жана 20%ы – Бекмолдоев айылдык кеңешинин өнүктүрүү Фондуна берилген.

Мындан тышкары, «Альянс Алтын» Талас районундагы социалдык долбоорлорду да каржылап, кичи жана орто бизнеске арзан пайыз менен жеткиликтүү насыяларды берген «Бакубат Талас» фондуна өзүнчө 150 млн сом которгон.

Өндүрүштүн көлөмү

Алтын өндүрүүчү фабриканын кубаттуулугу жылына 1.3 млн тонна руданы түзөт. Бардык казылып алынган рудалар алтынды өндүрүүчү фабрикада кайра иштетилет, андан кийин КРнын аймагында аффинаждалат. КРнын Улуттук банкы жогорудагы алтын куймаларын сатып алуу укугуна ээ.

Фабрика ишке кирип жатканда Жерүй алтын комбинатынан жылына эки тоннадан ашык алтын өндүрүлөт деп пландалган. Жылдын аягында болсо 950 миң тонна руда казылып алынып, 3000 килограммга жакын алтын эритилген. Бул пландаштырылгандан 300 килограммга көп болгон.

Экология 

Руданы кайра иштетүү алтын өндүрүүчү  фабриканын башкы корпусунун ичинде нейтралдаштыруу аркылуу кудуктан эритүү технологиясы менен жүрөт. Анткени зыяндуу заттарды айлана-чөйрөгө түшүрбөө маанилүү болуп саналат.

Ошондой эле Жерүйдө суунун пайдаланылышы толук көзөмөлгө алынып, тиешелүү чаралар көрүлгөн. Суу фабриканын ичинде пайдаланылат жана ачык суу булактарына төгүлбөйт, бул рудадан алтынды алуу учурунда жогорку экологиялык стандарттарды сактоодо өтө маанилүү.

Нейтралдаштырылган калдыктарды жарым кургак сактоочу жайдын Кыргызстанда аналогу дээрлик жок жана бул эксплуатациялоодо коопсуз деп эсептелет.

Ай сайын адистер кендеги экологиялык көрсөткүчтөрдү көзөмөлдөө үчүн керектүү анализдерди жүргүзүп турушат. «Чүй экологиялык лабораториясы» көз карандысыз компаниясы жакында жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыгында, ишкананын кендеги өндүрүштүк ишмердүүлүгү экологияга эч кандай терс таасирин тийгизбегенин аныктаган.

«Жерүй» кенинде баштапкы рудадан баштап,  кайра иштетилген продукцияга чейин бардык керектүү анализдерди жүргүзгөн борбордук-аналитикалык лаборатория бар.

«Альянс Алтын» ЖЧКсы рекультивация фондуна атайын ай сайын 795 миң сом которуп турат. 2021-жылдын декабрь айына карата атайын рекультивациялык эсепке 29 млн 92 миң сом топтолгон.

Жумуш менен камсыз кылуу  

Бүгүнкү күндө шахтада подрядчы ишканалардын кызматкерлерин кошкондо 1200дөн ашуун адам иштейт. Бул жергиликтүү калктын 97%ын түзөт.

Ишканада 400гө жакын адам окутулуп, анын ичинен 195 адам ишканада эмгектенет. Жумушчулардын эмгек акысы тоо-кен тармагында иштегенине жараша татыктуу деп айтууга болот.

Эске салсак, Жерүй кени Талас районунун аймагында, Талас шаарынан 60 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан. Кендин жалпы рудасынын көлөмү 21 млн тоннаны түзөт, рудадагы алтындын орточо курамы тоннасына 3.7 грамм болсо, баланс запасы – 88 тоннаны түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Президент айылдардагы маданият үйлөрүн курууга ашыкпай турууну суранды

Президент айылдардагы маданият үйлөрүн курууга ашыкпай турууну суранды

Президент Садыр Жапаров 26-декабрда IV Элдик курултайда айылдарда Маданият үйлөрүн курууга ашыкпоого чакырып, анын себебин алар иштебей, бош туруп калып жатканы менен түшүндүрдү. Президенттин айтымында, Маданият үйлөрүн кармоо да кошумча чыгымдарды талап кылат. Мисал катары ал өзүнүн туулган Кең-Суу айылындагы Маданият үйүн келтирди. "Аны эч ким колдонбойт. Болгону кээде

Кыргызстанда 4-5 жылдан соң сугат суу көйгөйү болбойт

Кыргызстанда 4-5 жылдан соң сугат суу көйгөйү болбойт

Президент Садыр Жапаров Элдик курултайда суу маселесин көтөргөн делегатка жооп берип жатып өлкө боюнча 106 сууну суткалык жөнгө салуу бассейндери курулуп жатканын ортого салды. Мамлекет башчысы белгилегендей, 2-3 жыл мурда коюлган тапшырма боюнча, элдин муктаждыктарына жараша кезек-кезеги менен объекттер салынып жатат. “Азыр 11-объект бүтүрүлдү. Дагы10 объект курулуп жатат. Мунун баарын

Өлкө боюнча 114 фостердик үй-бүлөдө 250 бала тарбияланууда

Өлкө боюнча 114 фостердик үй-бүлөдө 250 бала тарбияланууда

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргызстанда фостердик үй-бүлөлөр системасын өнүктүрүүнү улантууда. Фостердик ата-эне болууга талапкерлерди даярдоо жана мындай үй-бүлөлөрдө балдарды багып-кармоо үчүн жыл сайын бюджеттик каражаттар каралат. Министрликтин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө 114 фостердик үй-бүлө иштеп, анда 250 бала тарбияланууда. Ошондой эле фостердик ата-эне болууга 31 талапкер каттоодон өткөн.

Январдан тарта Ч.Айтматов проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат

Январдан тарта Ч.Айтматов проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат

1-январдан тарта Бишкек шаарында Чыңгыз Айтматов проспектисинин Семетей көчөсүнөн А.Токомбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Бул чара жөө жүргүнчүлөр үчүн жер алдындагы өтмөк жана аялдама комплекстерин куруу иштеринин башталышына байланыштуу кабыл алынууда. Тиешелүү чечим Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы менен кабыл алынып, майрамдык эс