Формалдуу эмес экономика деген эмне жана ал эмне үчүн кооптуу? – Талдоо

Келишим түзүлбөгөн жумуш, айлык акыны конвертте алуу, социалдык коргоонун жоктугу, коопсуздук техника эрежелерин бузуу, регламенттелбеген жумуш убактысы, эмгектин оор шарттары – мунун баары формалдуу эмес экономикага тиешелүү болгон тизменин бир канчасы эле. Бул дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө тигил же бул деңгээлде болуп жаткан көрүнүш жана бул көрүнүштөн Кыргызстан да четте калган эмес.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2019-жылы формалдуу эмес экономиканын деңгээли ИДПга карата 23.5%ды же 145 млрд сомду түзгөн. Башка маалыматтар боюнча бул деңгээл ИДПга карата 50%га чейин жетиши мүмкүн, ал эми COVID-19 пандемиясы кырдаалды андан дагы начарлатып жибериши мүмкүн.

Ошол эле учурда, 2015-жылга салыштырмалуу формалдуу эмес экономиканын деңгээли бир аз төмөндөгөн жана жалпысынан бул көрсөткүч боюнча КР «лидер» мамлекеттердин катарына кирбейт, ошого карабастан, көйгөй экономика үчүн эң маанилүү маселелердин бири болуп саналат, анткени ал өлкөнүн өнүгүшүнө жана бизнестин иштешине түздөн-түз байланыштуу.

КРгы формалдуу эмес экономика, Улутстаткомдун сайтынан алынган маалыматтар:

2015-жылы ЭЭУга мүчө өлкөлөр формалдуу эмес экономиканын деңгээлине жана анын мамлекеттердин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө тийгизген таасирине тынчсызданып, «Формалдуу эмес экономикадан формалдуу экономикага өтүү жөнүндө» 204-сунушун кабыл алышкан.

«Формалдуу эмес экономика – «кара» эмгек акысы же салыктарды тлб маселеси гана эмес, бул татаал көрүнүш жана ал Эл аралык эмгек уюму аныктагандай, «кызматкерлердин бүтүндөй экономикалык иш аракетине жана экономикалык бирдиктерге тиешелүү. Алар мыйзамдар боюнча же иш жүзүндө формалдуу мамилелер менен таптакыр камтылбайт же толук камтылбайт».

Бул документ ратификациялоону караштырбайт, бирок ал мамлекеттердин стратегиялык ишмердүүлүгүнө, мыйзамдарды өзгөртүүгө жана сактоого байланыштуу формалдуу экономикага өтүү боюнча бир катар маанилүү сунуштарды камтыйт, бул бизнести жагымдуу өнүктүрүү, жарандардын эмгек чөйрөсүндөгү укуктарын коргоо, кызмат көрсөтүүлөргө жетүү, татыктуу эмгек шарттарын түзүү жана колдоо үчүн шарттарды камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн берет.

Сунуш мыйзамсыз иш-аракеттерди, тактап айтканда, мыйзам тарабынан тыюу салынган кызмат көрсөтүүлөрдү же товарларды өндүрүүнү, сатууну, ээлик кылууну же колдонууну, анын ичинде баңги заттарды өндүрүүнү жана мыйзамсыз жүгүртүүнү, куралды мыйзамсыз даярдоону жана сатууну, адамдарды сатууну жана акчалардын изин жашырууну камтыбайт.

204-сунуштун маани-мазмуну

Өнүгүү үчүн ченемдик базаны жана негизди камсыз кылган биринчи эл аралык стандарт

  • Формалдуу эмес экономиканын бүтүндөй жана көп түрдүүлүгүн баса белгилейт
  • Формалдуу эмес экономикадан чыгуу жана комплекстүү стратегиялар аркылуу формалдуу экономикага өтүү боюнча так түшүнүк жана практикалык сунуштарды берет
  • Сунуш үч тараптуу бекем консенсустун (өкмөт, иш берүүчүлөр жана кызматкерлер) негизинде кабыл алынды  

204-сунушта төмөнкүлөр таанылат:

  • Формалдуу эмес экономиканын кеңири масштабдары
  • Кызматкерлердин укуктарын жана татыктуу эмгек шарттары ишке ашыруу жагынан негизги көйгөй болуп саналат
  • Ишканалардын өнүгүшүнө, мамлекеттик кирешелерге, өкмөттүн иш-аракети чөйрөсүнө, институттардын күчтүүлүгүнө, ошондой эле улуттук жана эл аралык рыноктордогу адилеттүү атаандаштыкка терс таасирин тийгизет
  • Көпчүлүк адамдар эрксизден формалдуу эмес экономикага кирип кетишет, ал эми татыктуу эмгек тартыштыгы формалдуу эмес экономикада өтө курч билинет.  

Бир катар жетектөөчү принциптер:

  • Бул үчүн атайын иштелип чыккан ыкмада колдонуу менен формалдуу эмес экономикадагы кызматкерлердин жана экономикалык бирдиктердин өзгөчөлүктөрүнүн жана керектөөлөрүнүн көп түрдүүлүгүн эске алуу зарылчылыгы
  • Формалдуу экономикага өтүү максатында өзгөчө улуттук шарттар, мыйзамдар, саясий практикалар жана артыкчылыктар
  • Формалдуу экономиканын жүрүшүндө ишкердик дараметти, динамизмди, кесиптик көндүмдөрдү жана новатордук жөндөмдөрдү сактоо жана кеңейтүү
  • Дем берүү чараларын жана ченемдерди сактоого камсыз кылууга багытталган чараларды айкалыштырган теңделген мамилени колдонуу зарылчылыгы
  • Социалдык пикир алышуунун маанилүүлүгү

ЭЭУ ошондой эле формалдаштыруу бир катар Туруктуу өнүгүү жаатындагы максаттарга  жетүүнүн зарыл шарты болуп саналат, анткени бул жакырчылыкты жана теңсиздикти кыскартуу, улуттук өнүгүү стратегияларын ишке ашыруу жолу жана бир нече ТӨМдөрдү ишке ашырууну колдоонун, анын ичинде балдар эмгегин жана мажбурлаган эмгекти жоюунун «куралдарынын» бири деп эсептейт.

Иш жүзүнө келгенде Кыргызстандын бийлиги өлкөнүн бүткүл жаңы тарыхында экономиканы формалдаштыруу аракетин жасап келген: ал салык мыйзамдарын өзгөртүүдөн, текшерүүлөрдү жана жөнгө салууну кыскартуудан, кирешелердин изин жашыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды катаалдаштыруудан жана капиталдарга мунапыс жарыялоодон турат.

Буга карабастан, эксперттер көмүскө экономика кыскартылбастан, тескерисинче, анын таасири күчөгөнүн белгилешүүдө.

Улутстаткомдун маалыматтарына ылайык, формалдуу эмес экономика иш-аракеттин төмөнкүдөй түрлөрүндө байкалат:

  • дүң жана чекене соодада
  • курулушта
  • транпорттук иште жана жүктөрдү сактоодо
  • иштетүүчү өнөр жайында
  • мейманкаларда
  • ресторандарда.

Ошол эле учурда, берилген маалыматтарда айыл чарбасындагы иштердин абалы эске алынбайт, мында формалдуу эмес иш-аракеттин деңгээли өтө жогору болушу мүмкүн, бирок бул боюнча маалымат жок.

Эксперттер айыл жергесинде формалдуу эмес экономиканын жайылышына ишкерлердин укуктук сабаттуулугунун төмөндүгү жана маалымдуулуктун жетишсиздиги; региондордогу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн начар инфратүзүмү, ошондой эле калктын кирешелеринин төмөндүгү түрткү болот деп эсептешет.

ЖИА чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүгө таасир этүүчү институционалдык шарттарды изилдөөдө келтирилген ЭЭУнун маалыматтарына ылайык 2018-жылы Кыргызстанда формалдуу эмес иш менен камсыз болуу деңгээли формалдуу эмес экономиканын көрсөткүчтөрүнүн бири болуп саналып, 52.5%ды түзгөн.

Мындай жумуштуулукка эркектердин 54.2%ы, аялдардын 49.7%ы тартылган. Башкача айтканда, бул адамдардын басымдуу көпчүлүгү эмгек келишимин түзбөстөн, социалдык жактан коргоонун төмөн деңгээлинде иштеген.

Андан тышкары, ЭЭУнун маалыматтары боюнча Кыргызстанда 25 жашка чейинки жаштар формалдуу эмес эмгек мамилелерине көбүрөөк тартылышат.

Быйылкы жылы  ЖИА ЭЭУнун колдоосу менен өлкөдө 1000ден ашык бизнес өкүлдөрүн бириктирген экономиканы формалдаштыруу боюнча долбоорду баштады. Долбоор башталганга чейин Ассоциация формалдуулукка таасир этүүчү факторлорду аныктоо үчүн үч изилдөө жүргүзгөн.

Сурамжыланган ишкерлер алардын ичинен негизгилерге төмөнкүлөрдү кошкон:

  • Ишканаларды эсепке алуунун жана салык отчеттуулугунун зарылдыгын
  • Сот системасынын жетилбегендигин. Коррупцияны жана соттордун көз карандылыгын
  • Контролдоо-көзөмөлдөө системасын: мыйзамсыз текшерүүлөрдү, бийликти кыянаттык менен пайдаланууну жана коррупциялык көрүнүштөрдү; көзөмөлдөө органдарынын кызматкерлеринин эмгек акысынын аз өлчөмүн; ишкерлердин өз укуктары жана мыйзамдын талаптары жөнүндө маалымдуулугунун төмөн деңгээлин
  • Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын төмөндүгүн жана коррупцияны
  • Бюджеттик каражаттарды сарптоодо ачык-айкындуулуктун жоктугун, салык төлөөчүлөрдүн чегерилүүчү каражаттарды сарптоо жөнүндө маалымдуулугунун төмөндүгүн
  • Насыя каражаттарынын тартыштыгын
  • Формалдуу эмес фирмалардын жана формалдуу эмес иш менен камсыз кылуунун эсебинен социалдык төгүмдөрдүн жана салыктардын кем чыгууларын.

Мындан тышкары, ЖИА 65 ишкердин арасында сурамжылоо жүргүзгөн, анын жүрүшүндө сурамжыланган кызматкерлердин үчтөн бири эмгек келишимин түзбөстөн иштешсе, дээрлик үчтөн биринде – мындай кызматкерлердин жарымынан азы иштешери аныкталган, дагы төрттөн бир бөлүгү эмгек келишими бардыгы менен түзүлгөндүгү тууралуу билдирген.

Респонденттердин жарымынан көбү эмгек келишимин түзүү зарылчылыгы жок экенин, үчтөн биринен көбү киреше салыгын жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөбөө үчүн бул иштерди жасабаганын, 10%дан ашыгы билими жок жана эмгек келишимин түзүү боюнча жөндөмдөргө ээ эмес экенин айтышкан.

Ошол эле учурда дээрлик бардыгы жогоруда аталган салыктардын жана төгүмдөрдүн ставкасы төмөндөтүлсө, кызматкерлер менен формалдуу мамиле түзүүгө даяр экенин билдиришти.

Бизнес ассоциациялар төмөнкүлөр аркылуу укуктук аң-сезимди жогорулатуу жана ишкерлердин укуктук нигилизмин төмөндөтүү менен маселени чечүү мүмкүн деп эсептешет:

  • окутуу
  • эмгек мамилелерин формалдаштыруунун артыкчылыктарын түшүндүрүү
  • мыйзамдарды өзгөртүү
  • ЭЭУнун 204-сунушунун максаттарына ылайык салык ставкаларын кайра карап чыгуу.

Өз кезегинде, ЭЭУ да формалдуу экономикага өтүү максаттарына жетүү үчүн өлкөлөр, атап айтканда, Кыргызстан стратегиялык максатты кайра карап чыгып, формалдуу эмес экономиканын масштабтарын кыскартууга эмес, формалдуу эмес экономиканы формалдаштырууга, андан кийин конкреттүү, өлчөнүүчү, жетүүгө мүмкүн болгон, реалдуу жана формалдаштыруу боюнча аныкталуу мөөнөттөгү максаттарды коюуга умтулуусу зарыл деп эсептейт.

Read more

Талас районундагы дарыяларына дагы 20 миң форелинин чабактары кое берилди – долбоорду «Альянс Алтын» колдооду

Талас районундагы дарыяларына дагы 20 миң форелинин чабактары кое берилди – долбоорду «Альянс Алтын» колдооду

Балык запастарын калыбына келтирүү максатында Талас районундагы жайлоодо жайгашкан Түз-Ашуу жана Чоң-Чычкан дарыяларына дагы 20 000 севан форелинин чабактары кое берилди. Бул демилге Талас регионалдык жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл башкармалыгы тарабынан «Альянс Алтын» компаниясынын каржылык колдоосу менен ишке ашырылды. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. Экологдордун айтымында, тандалган

«Альянс Алтын» өндүрүштүк калдыктарды курулуш материалдарына кайра иштетүү технологиясын патенттеди

«Альянс Алтын» өндүрүштүк калдыктарды курулуш материалдарына кайра иштетүү технологиясын патенттеди

«Альянс Алтын» компаниясы Кыргызпатенттен алтын казуучу өндүрүштүнкалдыктары — кектерди курулуш тармагында кайра пайдалануу технологиясына автордук укук объектисин каттоо тууралуу күбөлүк алды. Бул тууралуу ишкана билдирди. Бул окуя компаниянын туруктууөнүгүү стратегиясын ишке ашырууда жана экологиялык жактан коопсуз чечимдерди өнөр жай өндүрүшүнө киргизүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат. Кектердин экологиялык коопсуздугу илимий жактан да

«Альянс Алтын» Таластын  санэпид борборуна жабдууларды жана эмеректерди жаңыртты

«Альянс Алтын» Таластын санэпид борборуна жабдууларды жана эмеректерди жаңыртты

Таластагы райондор аралык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна 405 миң сомдук жаңы эмеректер жана жабдуулар алынды. Долбоорду «Альянс Алтын» каржылаган. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди. «Альянс Алтын» ишканасынын өкүлү Адилет Токторбаев билдиргендей, ишканага материалдык-техникалык базаны жакшыртууга колдоо көрсөтүү боюнча департаменттен расмий кайрылуу түшкөн. Буга байланыштуу керектүү жабдуулар менен камсыз

«Альянс Алтын» Талас районундагы 11 мектепке санариптик жабдууларды тапшырды

«Альянс Алтын» Талас районундагы 11 мектепке санариптик жабдууларды тапшырды

27-мартта «Альянс Алтын» компаниясы Талас районундагы 11 мектепке санариптик жабдууларды тапшырды. Бул тууралуу тоо кен ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Компаниядан белгилешкендей, демилге корпоративдик социалдык жоопкерчилик программасынын алкагында ишке ашып, компания Жерүй алтын кенин иштетип жаткан аймактагы билим берүүнү колдоого багытталган. Мектептерге заманбап компьютерлер, интерактивдүү панелдер жана принтерлер берилди. Компания