Улуттук банк эсептик ченди 8.5%га чейин жогорулатты

Улуттук банк эсептик ченди 8.5%га чейин жогорулатты

Улуттук банк Башкармасы 2022-жылдын 31-январында эсептик ченди (негизги ченди) 50 базистик пунктка 8.5%га чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу жөнгө салуучунун маалымат кызматы билдирди.

Чечим бүгүн, 1-февралдан тартып күчүнө кирет.

Эскерте кетсек, УБ акыркы жолу эсептик ченди 8%га өткөн жылы ноябрь айында көтөргөн. Анда регулятор өлкөнүн экономикасы кармалып турган өсүш арымды көрсөтүүдө, ошондой эле экономиканын пандемияга чейинки калыбына келүү фазасы аягына чыга элек деп билдирген болчу.

Белгилей кетсек, Улуттук банк эсептик ченди көтөрүү менен сомдун наркын көтөрөт, жыйынтыгында, коммерциялык банктар да пайыздарын көтөрүүгө аргасыз болот. Жөнөкөй тил менен айтканда, сомдун баркы көтөрүлүп, элдерге акча кымбаттайт. Кошумча, бериле турган кредиттерге кошумча пайыздар кошулат.

Economist.kg Улуттук банктан эсептик чен кандай иштээрин жана ал кандай себептер менен көтөрүлүп жаткандыгына түшүндүрмө сураганда, жөнгө салуучу эсептик ченди көтөрүү инфляцияны басаңдатуу үчүн жасалып жаткандыгын билдирген.

Мындан тышкары окуңуз

"Чычкан"постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан"постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан" постунун жаңыланган имараты пайдаланууга берилгенин Жол кыймылынынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, башкы башкармалыктын башчысы Азенбек Козукеев Жалал-Абад облусунда жол тескөөчүлөрүнүн ишмердүүлүгүн текшерүүдө. Анда Токтогул районундагы “Чычкан” постунда автоунаанын жүк салган бөлүгүнө адам салып алган айдоочу аныкталды. Азенбек Козукеев адам өмүрү баарынан кымбат экенин айтып,

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

"Код 95” айдоочулук күбөлүктүн бир түрү катары эл аралык жүк ташууда керектелчү документ болуп саналарын президенттин Иш башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Бообек Салимжанов "Кабар"агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, айдоочулар бул документти алуу үчүн өз өлкөсүнүн айдоочулук күбөлүгү болушу шарт. Андан соң белгилүү бир

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2011-жылы Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары Орто-Сай айылында жайгашкан 0,75 гектар жер тилкесин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке сатып жиберишкен. Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде аталган

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков "Кыргыз Республикасынын ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын" өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңешме өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга мамлекеттик органдардын жана Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрү катышып, азык-түлүк коопсуздугу, баалардын туруктуулугу жана тармактын туруктуу иштеши маселелери каралды. Кеңешменин жүрүшүндө Казакстан