Ош шаарында аял-ишкерлер үчүн креативдүү лаборатория ачылды

Ош шаарында аял-ишкерлер үчүн креативдүү лаборатория ачылды

Ош шаарында аял-ишкерлер үчүн сонун мүмкүнчүлүк пайда болду. Бизнестеги ар кандай көйгөйлөрү боюнча алар эми креативдик  лабораторияга келип кеңеш алып, ар кандай окуулардан өтө алышат.

Аял-ишкерлер үчүн ачылган креативдик лаборатория тажрыйба алмашууга боло турган, байланыштарды кура турган, өнөктөрдү таба турган өзүнчө бир аянтчага айланат дейт долбоордун жетекчиси, Ололо-Ош IT-хабынын башкы менеджери Гульнур Абылкасымова.

“Бизнестеги аялдардын саны өсүүдө, муну менен бирге ийгиликсиз тажрыйбага ээ болгон аялдар да көбөйүүдө. Билимдин жетишсиздигинен, тажрыйбанын жоктугунан ж.б. көп себептерден улам ийгиликке жетпей көңүлү калып жатат. Креативдик лаборатория мына ушул маселелерди чечүү үчүн түзүлдү. Лабораторияда биз тренинг, семинарларды, ар кандай мастер-класстарды уюштуруп турабыз, зарыл болсо психологдун консультациясын уюштуруп бере алабыз. Кыскасы, аял-ишкерлер үчун ар тараптуу колдоо көрсөтүлөт”.

Аял-ишкердиги бардык жерде колдоого муктаж

Гульнур Абылкасымова 2 баланын апасы. Он жылдык ишкердик тажрыйбага ээ. Ошондуктан, айрыкча түштүк аймактарда аялдар үчүн ишкердикте кандай көйгөйлөр жана тоскоолдуктар бар экенин жакшы билет. Патриархалдык маанай басымдуулук кылган коомдо аялдардын өзүнө болгон ишеними төмөн, өз каалоолорун, сезимдерин дароо айта беришпейт дейт ал.

“Аял-ишкер – бул биринчи кезекте адам, инсан, ал личность катары өсүп жетилиши керек. Бул биринчи кезекте физикалык, менталдык саламаттык. Аял өзү үчүн так билиши керек: мен эмнени каалайм, мага бул чындап эле керекпи? Ошондуктан, лаборатория аялдар үчүн өзүн табууга жардам берген, максаттарын аныктоого түрткү болгон, жеке инсан катары да өстүрө турган жайга айланууга тийиш”.

Түштүк аймактарда миграциянын да агымы күчтүү болгондуктан, көп үй-бүлөлөрдө эркек адамдар сыртта жүрүшөт. Аялдар күнүмдүк тиричилик маселелерин өз алдынча чечүүгө аргасыз. Ошол эле учурда үй-бүлөнүн түйшүгү, балдарды кароо, окутуу, алардын өнүгүүсү менен алектенүү да аялдардын мойнунда. Ошондуктан, көпчүлүк аялдар бизнес баштоого аргасыз барышат. Гульнур Абылкасымованын айтымында, заманбап коомдо бизнес менен алектенүү, билим алуу, өзүңө болгон ишенимдүү бекемдөө бул кайсы бир деңгээлде жашоо үчүн күрөштүн зарылдыгына айланып калды.

“Аялдар ишкердиги бардык жерде колдоого муктаж. Аял табиятынан биринчи кезекте үй-бүлө, бала-чака, тиричилик маселелерине багыт алат эмеспи, буга өтө көп эмгегин, күчун жумшайт. Ошондуктан, эгер аял бизнес баштоого бел байласа, ага сөзсүз түрдө мыкты кеңешчилер, консультанттар  керек. Лаборатория мына ушундай милдетти аткарат”.

Аялдар финансылык сабаттуулукка муктаж

Бизнес баштап жаткан аялдардын көпчүлүгү биринчи кезекте финансылык сабаттуулук боюнча билимдерге муктаж дейт долбоордун жетекчиси. Анткени, аялдар ишкердикте көп учурда насыя алуу маселесинде уттуруп коюшат дейт Абылкасымова.

“Азыркы мезгилдин эң көгөйлүү маселеси – бул насыя. Аялдар бизнес баштоону тилек кылып, насыя алышат, иш башташат, анан кандайдыр бир финансылык проблеманы чечүү үчүн насыя алышат. Насыяны төлөй турган мезгил келгенде, бизнеси али бутуна тура элек, кошумча кирешеси жок, анан  толугу менен насыя төлөө менен алек болот да, бизнеси экинчи планга чыгат. Үй-бүлөдө кризис башталат, ошентип бир көйгөй экинчи бир башка көйгөйдү жаратат да, ошентип уланып кетет берет. Эгер аялдарды насыя алганга чейин  окутуп, туура пландаганды, тобокелчиликтерди эсептегенди, финансылык сабаттуулукту үйрөтө турган болсок, көп көйгөйлөрдү болтурбай коюуга болот эле. Бул учурда бизнесте жаратмандык кылуу мүмкүнчүлүгү көбүрөөк болот”.

БУУӨП бир жыл бою каржылайт

Аял-ишкерлер үчүн креативдик лаборатория БУУӨПтүн Акселератор лабораториясынын колдоосу менен Ололо-Ош IT-хабынын алкагында түзүлдү. Долбоор бир жылдык мөөнөткө эсептелген. Бул мезгил ичинде белгилүү бир сандагы аял ишкерлер тандалып алынат да, аларга ар тараптуу коштоо болмокчу. Иш эки багытта жүрөт, жаңы баштаган аял-ишкерлердин тобу жана бизнесте тажрыйбасы бар, бирок өсүүгө муктаж болгон айымдардын өзүнчө тобу. Долбоордун кызматкерлери бир жылдан кийин өзүн-өзү каржылай турган деңгэлге чыгууну пландап жатышат.

Мындан тышкары окуңуз

"Чычкан"постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан"постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан" постунун жаңыланган имараты пайдаланууга берилгенин Жол кыймылынынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, башкы башкармалыктын башчысы Азенбек Козукеев Жалал-Абад облусунда жол тескөөчүлөрүнүн ишмердүүлүгүн текшерүүдө. Анда Токтогул районундагы “Чычкан” постунда автоунаанын жүк салган бөлүгүнө адам салып алган айдоочу аныкталды. Азенбек Козукеев адам өмүрү баарынан кымбат экенин айтып,

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

"Код 95” айдоочулук күбөлүктүн бир түрү катары эл аралык жүк ташууда керектелчү документ болуп саналарын президенттин Иш башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Бообек Салимжанов "Кабар"агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, айдоочулар бул документти алуу үчүн өз өлкөсүнүн айдоочулук күбөлүгү болушу шарт. Андан соң белгилүү бир

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2011-жылы Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары Орто-Сай айылында жайгашкан 0,75 гектар жер тилкесин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке сатып жиберишкен. Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде аталган

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков "Кыргыз Республикасынын ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын" өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңешме өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга мамлекеттик органдардын жана Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрү катышып, азык-түлүк коопсуздугу, баалардын туруктуулугу жана тармактын туруктуу иштеши маселелери каралды. Кеңешменин жүрүшүндө Казакстан