Улуттук банк ички валюта рыногуна катышуусун улантат – 13 млн доллар өлчөмүндө интервенция жүргүздү

Улуттук банк ички валюта рыногуна катышуусун улантат – 13 млн доллар өлчөмүндө интервенция жүргүздү

Улуттук банк ички валюта рыногунда жана тышкы финансылык рыноктордо түптөлгөн жагдайга туруктуу көз салып турат. Зарыл болгон шартта ички валюта рыногуна катышуусун улантат жана аны жумшартуу үчүн зарыл инструменттерге ээ. Мындай билдирүүнү регулятор жасады.

УБ Украинадагы кырдаалдан улам ички валюта рыногунда долларга суроо-талаптын жогорулашы байкалып жатканын белгилеп, мындай абал көбүнчө психологиялык факторлорго жана рыноктун катышуучуларынын күтүүлөрүнө байланыштуу келип чыкканын айтты.

  • Эскерте кетсек, Укранинадагы окуялардан улам бүгүн Кыргызстанда рубль төмөндөп, доллардын курсу 95 сомго чейин жетти.  

«Улуттук банктын эл аралык резервдеринин көлөмү жетиштүү жана ал өлкөнүн товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр рыногунун келечектеги көлөмүнүн 6 айын жабат. 2022-жылдын 22-февралына карата абал боюнча Улуттук банктын эл аралык резерви 2 млрд 792.4 млн долларды түзөт. 

Эл аралык резерв запасынын жетиштүү болушу жана валюталык интервенцияларды жүргүзүү аркылуу Улуттук банктын ыкчам кийлигишүү мүмкүнчүлүгүнүн болушу валюта рыногунда жагдайдын туруктуу абалда кармалып турушун камсыз кылат», – деп айтылат билдирүүдө. 

  • Улуттук банк бүгүн, 24-февралда доллардын курсун кармоо үчүн 13 млн доллар өлчөмүндө интервенция жүргүзүүдө. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы Economist.kg басылмасына билдирди.

Белгилей кетсек, КР 1993-жылдан тартып өзгөрүлмөлүү алмашуу курсунун режими менен иштеп келет. Анын алкагында чет өлкө валютасына карата суроо-талап менен сунуштун балансынын негизинде курстун динамикасы аныкталат.

Мындан тышкары окуңуз

"Чычкан"постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан"постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан" постунун жаңыланган имараты пайдаланууга берилгенин Жол кыймылынынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, башкы башкармалыктын башчысы Азенбек Козукеев Жалал-Абад облусунда жол тескөөчүлөрүнүн ишмердүүлүгүн текшерүүдө. Анда Токтогул районундагы “Чычкан” постунда автоунаанын жүк салган бөлүгүнө адам салып алган айдоочу аныкталды. Азенбек Козукеев адам өмүрү баарынан кымбат экенин айтып,

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

"Код 95” айдоочулук күбөлүктүн бир түрү катары эл аралык жүк ташууда керектелчү документ болуп саналарын президенттин Иш башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Бообек Салимжанов "Кабар"агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, айдоочулар бул документти алуу үчүн өз өлкөсүнүн айдоочулук күбөлүгү болушу шарт. Андан соң белгилүү бир

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2011-жылы Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары Орто-Сай айылында жайгашкан 0,75 гектар жер тилкесин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке сатып жиберишкен. Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде аталган

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков "Кыргыз Республикасынын ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын" өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңешме өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга мамлекеттик органдардын жана Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрү катышып, азык-түлүк коопсуздугу, баалардын туруктуулугу жана тармактын туруктуу иштеши маселелери каралды. Кеңешменин жүрүшүндө Казакстан