Пенсионерлер көбөйүп баратат. Аларды жакырчылык тобокелдигинен кантип сактоо керек?

Пенсионерлер көбөйүп баратат. Аларды жакырчылык тобокелдигинен кантип сактоо керек?

Кыргызстанда пенсионерлердин саны жыл сайын орто эсеп менен 20 миң адамга көбөйүүдө. 2030-жылдын аягына чейин Социалдык фонддун болжолу боюнча алардын саны 900 миңден ашат. 

Мамлекет бардыгын татыктуу пенсия менен камсыз кыла алабы? Формалдуу эмес экономиканын жогору болуп жаткан шарттарында жана жаштар салык төлөөдөн жана өздөрүнүн карылыгы үчүн социалдык чегерүүдөн баш тартып жаткан учурда олуттуу тобокелдиктер бар.

Эмне үчүн пенсиялар төмөн?

2022-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда 714 миң 589 пенсионер каттоодо турат. Пенсиянын орточо өлчөмү 6 миң 248 сом. Бул негизинен айлык акынын төмөндүгү жана ага жараша камсыздандыруу төгүмдөрүнүн аздыгы менен түшүндүрүлөт.

2021-жылы пенсияларды төлөө үчүн 50 миллиард 819,4 миллион сом талап кылынган. Алар толугу менен каржыланган. Мында камсыздандыруу төгүмдөрүнөн болгону 38 миллиард 378,7 миллион сом чогултулуп, республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттар 23 миллиард сомдон ашык каражатты түздү. Быйыл Социалдык фонд 41 миллиард 689,1 миллион сомго камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултууну пландоодо. Бул оңой иш эмес.

Бүгүнкү күндө пенсионерлер өлкөнүн калкынын 10,4 пайызын түзүп, алардын 68 пайызы айыл жергесинде жашайт. Улгайган адамдарды жаш курагы боюнча пенсия менен дээрлик толук камтууга квалификациялык стажга карата минималдуу талаптардын (эркектер үчүн 25 жыл жана аялдар үчүн 20 жыл) эсебинен жетишилет.

Ошол эле учурда жаш курагы боюнча пенсионерлердин жалпы санына белгиленген жаш курактан мурда пенсия алууга укугу бар көптөгөн категориялар кирет.

Мисалы, 2020-жылы жаш курагы боюнча жаңы пенсиялардын 58 пайызы мөөнөтүнөн мурда же жеңилдетилген негиздерде дайындалган. Албетте, алардын баштапкы пенсияларынын өлчөмдөрү толук камсыздандыруу стажы бар жана жалпы белгиленген жаш курагында пенсияга чыккандарга караганда алда канча төмөн. Бирок көпчүлүгү ишин улантып, пенсиядан тышкары айлык акы да алышат. Бул адамга пайда алып келгени менен мамлекетке анча эмес.

Эркектерге караганда аялдар көбүрөөк 

Дагы бир теӊдешсиздик бар – ал гендер. Жаш курагы боюнча пенсионерлердин 71 пайызын аялдар түзөт. Бул алардын өмүрүнүн узактыгына жана пенсияга чыгуу курагынын төмөндүүлүгүнө гана эмес, ошондой эле эрте пенсияга чыккан көптөгөн жеңилдиктерге да байланыштуу.

Жеңилдетилген эрте пенсиялардын ичинен эң кеңири тараган категориялар – көп балалуу энелер жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү баласы бар энелер (жеңилдиктерди алуучулардын жалпы санынын 48,4 пайызы), ошондой эле бийик тоолуу райондордо жашаган үч жана андан көп балалуу энелер (жеңилдиктерди алуучулардын жалпы саны 22,3 пайызы).

Төрөттүн жалпы коэффициенти стабилдүү түрдө бир аялга үчтөн ашуун баланы түзөт. Адистер жеңилдетилген категорияларды кайра карап чыгууга мезгил жетти деп эсептешет. Болбосо жакынкы арада пенсияларды төлөөдө көйгөйлөр жаралышы мүмкүн.

«Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча республикада калктын санынын өсүшүнө карабастан, жаш курактык түзүмдө жылышуулар башталып, балдарга караганда улгайган адамдардын саны көп болот. Болжолдоонун орточо варианты боюнча 2050-жылга карата 60 жаштан ашкан адамдардын салыштырмалуу саны дээрлик үч эсеге көбөйөт. 2030-жылдан тартып картаю процесси тереңдейт», — деп Социалдык фонддо белгилешти.

Бирок, демографиялык картаю пенсионерлердин жаш курагы боюнча пропорционалдуу өсүшүнө алып келбейт, анткени пенсияны дайындоо ыктымалдыгы камсыздандыруу стажына байланыштуу. Азыр улгайган адамдарды жаш курагы боюнча пенсия менен камтуу дээрлик 100 пайызды түзөт, бул негизинен иш менен камсыз кылуу милдеттүү жана расмий болгон «советтик» стаждын болушу менен шартталган.

Төлөөчүлөрдү издөө  

«Бирок азыр төлөөчүлөр калктын эмгекке жарамдуу курагынын үчтөн биринен бир аз ашыгын түзөт, үчтөн экисинин каттоосу жок жана социалдык камсыздандыруусу жок иштейт же иштебейт. Мындай катышуунун төмөндүгү менен, көп адамдар пенсия курагына өтө аз же эч кандай стажы жок жетет. Республикада негизинен эмгекке жарамдуу жаш курагындагы 1 миллиондон ашык жаран эмгек миграциясында иштегендигин жана формалдуу эмес жумуштуулуктун жогорку деңгээли жөнүндө унутпашыбыз керек», – деп белгилешти ведомстводо.

«Пенсия курагындагы калктын санынын тездик менен өсүшү пенсиялык төлөмдөргө кеткен чыгымдарды узак жана көбүрөөк каржылоо зарылдыгына алып келет, ал эми пенсияга укугу жок улгайган адамдардын санынын өсүшү – жаш курагы боюнча пенсия менен камтылышынын кыскартылышына, анын натыйжасында улгайган адамдардын жакырчылык тобокелдигинин жогорулашына алып келет. Ал эми бул социалдык чыңалуунун күчөшү, жалпы макросоциалдык көрсөткүчтөрдүн начарлоосу жана келечекте республикалык бюджеттин социалдык жөлөкпулдарга жана башка социалдык колдоо программаларына кеткен чыгашаларын көбөйтүү зарылчылыгы менен коштолушу мүмкүн», – деп таң калтырды Социалдык фонд.

Эл аралык эмгек уюмунун №102 конвенциясы 30 жылдык камсыздандыруу стажы болгон учурда пенсиялык камсыздоонун минималдуу деңгээлин «типтүү эмгек акынын» 40 пайызын белгилейт. Пенсиялык системанын тең салмактуулугу үчүн төлөөчүлөрдүн санын жана пенсионерлердин санын 1:3 катышта сактоо зарыл. Эгерде үчтөн аз болсо, анда каржылык туруктуулук маселе жаратат.

КЫРГЫЗСТАНДА БУЛ КАТЫШ 1:0,8ДИ ТҮЗӨТ.

Жаштар салык төлөп, төгүмдөрдү чегергиси келбейт жана пенсиялык системанын адилеттүүлүгүнө ишенишпейт, атүгүл кээ бирлери карыганча жашайбы, эмне үчүн бүгүн кимдир-бирөөнү багыш керек деп күмөн санашат.

«Бирок ар бир адамдын чоң энеси, чоң атасы, карыган ата-энеси бар. Бүгүнкү күндө сиздер улуу муундагыларыӊарды, биринчи мектеп мугалимиңиздерди, биринчи дарыгериңиздерди багып жатасыздар, – деп белгиледи Соцфонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева жакында журналисттерге берген маегинде. – Пенсиялык система – бул дайыма экономикалык өнүгүүнүн натыйжасы. Мында Бишкекте жашап жүрүп, Швейцариядагыдай пенсия алуу мүмкүн эмес. Пенсияны көбөйтүүнүн бирден-бир жолу көмүскөдөн чыгуу, көмүскө экономиканы формалдаштыруу». 

«Пенсиябыз – ар бирибиздин колубузда. Пенсиянын өлчөмү да сизден көз каранды, «ак ниет» эсеп-кысап жүргүзүлгөн жерде иштешиңиз керек, жыл сайын бардык камсыздандыруу төгүмдөрү туура чегерилгенби жана иш берүүчүңүз сиздин эмгек акыӊызды жашырабы же жокпу деп жеке камсыздандыруу эсебиңизди текшериңиз. Бизнес дагы социалдык жактан жоопкерчиликтүү болушу керек, ошондо биз туруктуу пенсиялык системага ээ болобуз», – деп баса белгиледи Гүлнура Жуматаева.

Кырдаалды өзгөртүү үчүн пенсиялык системаны реформалоо пландалууда. Анын ичинде мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун тарифтик саясатын өркүндөтүү, пенсиялык системанын топтолмо бөлүгүн жакшыртуу жана башкалар камтылат. Сунушталып жаткан реформалардын жыйынтыктары төмөнкүлөргө: республикалык бюджеттен социалдык трансферттердин үлүшүн оптималдаштырууга, жарандардын пенсиялык системага финансылык катышуусунун узактыгына жана татыктуу пенсияга жараша пенсиялык төлөмдөрдүн адилеттүүлүгүнө алып келет.

Маалымат булагы: www.24.kg

Бул шилтеме аркылуу макаланын орус тилиндеги версиясын окуй аласыздар: https://24.kg/obschestvo/224619_pensionerov_vse_bolshe_kak_uberech_ihotbednosti_/

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте соода процедураларын жөнөкөйлөтүү боюнча 14-жыйын өттү

Бишкекте соода процедураларын жөнөкөйлөтүү боюнча 14-жыйын өттү

Бишкек шаарында мамлекеттик органдардын, бизнес коомчулуктун жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрүн бириктирген Соода процедураларын жөнөкөйлөтүү боюнча кеңештин (СПЖК) 14-жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Жыйындын алкагында 2025-жыл үчүн СПЖКнын 2025–2027-жылдарга карата планынын ишке ашырылышынын жыйынтыктары чыгарылып, Кыргыз Республикасында соода процедураларын жөнөкөйлөтүү боюнча мындан аркы стратегиялык

Иш издесең 1221 номерине чал

Иш издесең 1221 номерине чал

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2026-жылдан тарта ишкерлерге https://jumush.gov.kg порталына Кыргызстандын аймагында жаңы түзүлгөн же бош турган ар бир жумуш орду тууралуу маалымат жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн берерин 24.kg агенттигине ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жумуш издеп жүргөн жарандар аталган портал аркылуу бош жумуш орундар

Мамлекеттик ишканалар таза кирешесинин 50%ын бюджетке которуудан бошотулат

Мамлекеттик ишканалар таза кирешесинин 50%ын бюджетке которуудан бошотулат

Кыргызстанда мамлекеттик ишканалардын материалдык-техникалык базасын жаңылоону жана модернизациялоону колдоо максатында алардын таза кирешесин пайдалануу тартиби кайра каралды. Токтомго ылайык, мамлекеттик ишканалар 2022–2030-жылдар аралыгында таза кирешесинин 50%ын республикалык бюджетке которуудан бошотулат. 2026–2030-жылдары бул каражаттарды: * өндүрүштү өнүктүрүүгө, * модернизациялоого, * материалдык-техникалык базаны кеңейтүүгө багыттоого уруксат берилет. Мындан тышкары, мамлекетт

Декабрдын аягында аба ырайы 13 градуска чейин жылыйт

Декабрдын аягында аба ырайы 13 градуска чейин жылыйт

Бишкекте декабрь айынын аягына чейин жылуу аба ырайы болжолдонууда. 26-декабрда Бүгүн күндүз Бишкекте жаан жана кар аралаш жамгыр жаашы күтүлөт. Абанын температурасы +3...+5°С жылуу болот. 27-декабрда Ишембиде түндө -3…-5°С суук, күндүз — ала булут каптап турат, абанын табы +1…+3°С болот. 28-декабрда Жекшембиде түндө 0…-2°