Жазгы-талаа жумуштары республикада кандай жүрүүдө? – Айыл чарба министрлиги жооп берет

Жазгы-талаа жумуштары республикада кандай жүрүүдө? – Айыл чарба министрлиги жооп берет

Бүгүн, 29-мартта Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Айыл чарба министринин орун басары Азамат Мукашев Кыргызстандагы жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү, күйүүчү май жана айдоо иштери боюнча маалымат берди.

Күйүүчү майдын тартыштыгы болбойт

Мукашевдин айтымында, мамлекеттик материалдык резервден 5 миң тонна күйүүчү-майлоочу май сатып алууга каражат бөлүнүп, учурда ал кампада турат. Бүгүнкү күндө керектүү көлөмдүн 72%ы дизелдик отун менен камсыздалган. Ошондой эле аймактарда дизель майынын орточо баасы бир литрине 62-63 сомдон сатылууда. Негизинен республика жазгы талаа жумуштарына 40-45 тонна дизель отунун керектейт.

Өткөн жылы кургакчылыктын кесепетинен кызылча айдоо 9.5 миң гектарга кыскарган

Министрлик былтыр кургакчылыктын кесепетинен кант кызылчасынын айдоо аянты 9.5 миң гектарга кыскарганын билдирди. Быйыл аларды 14.5 миң гектарга жеткирүүнү пландалууда. Быйыл негизинен дан эгиндерин айдоого, тагыраак айтканда, буудай, тоют өсүмдүктөрү – жүгөрү, арпа, ошондой эле көп жылдык чөптөрдү айдоого басым жасалат.

Өлкөдө айдоо жерлердин аянты 1.2 млн га түзөт

Айыл чарба министрлиги Кыргызстанда айдоо жерлердин жалпы аянты 1 млн 226 миң гектарга жетерин, учурда аларды 6000 гектарга көбөйтүү, башкача айтканда, түшүм берчү жерлерди 1 млн 232 миң гектарга жеткирүү пландаштырылып жатканын айтты.

Жашылча айдоо өткөн жылдын деңгээлинде калууда

Маалымат жыйында Мукашев жашылча айдоо көлөмүнүн көрсөткүчтөрү былтыркы жылдын деңгээлинде сакталып жатканын, картошка айдоо 2021-жылы 72 миң га аянтты түзгөнүн, быйыл аны 77 миң гектарга жеткирүү пландалып жатканын белгиледи.

Айыл чарба тармагына 10 млрд сом бөлүнгөн

Финансы министрлиги мамлекеттик эки банкка – «Айыл Банкка» 5.5 млрд сом жана «РСК Банкка» 4.5 млрд сом бөлүп берген. Айыл чарба министрлигинин билдиргенине ылайык, 1 млрд сом лизингге жумшалып, анын 50% асыл тукум малды сатып алууга, экинчи 50% айыл чарба шаймандарын жана жаадыргыч тамчылатып сугаруу техникаларын сатып алууга жумшалат.

5 млрд сом айыл чарбаларды колдоого жумшалат. Ал каражаттан 300 миң сомго чейин дыйкандар күрөөсүз насыя ала алышат. Ал эми 500 миң сомго чейин күрөө менен алса болот. Мукашев ошондой эле 1 млн сомдон ашык товар жүгүртүүсү бар дыйкандар 5 млн сомго чейин насыя ала аларын кошумчалады.

Түштүктө жазгы талаа иштери 80% бүтүп калды

Кыргызстандын түштүгүндө себүү иштери 80% аяктаса, өлкөнүн түндүгүндө аба ырайына байланыштуу жумуштар 50%га гана аткарылды. 20 күнгө жакын абанын температурасы нөл болгондуктан, айдоо-себүү иштери апрель айынын экинчи декадасында, туруктуу аба ырайы болгондо уланаары күтүлүүдө.

Россиядан алынган үрөндүн жарымы кийинки жумада келет

Азамат Мукашев Россия менен 14 миң тонна 335 кг үрөн алуу боюнча келишим түзүлгөнүн, бүгүнкү күндө анын 50% келгенин жана калганы Казакстан менен Россиянын чек арасында туруп калганын, ал кийинки жумада келээрин билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Байтик Баатыр айыл аймагында 27,82 гектар жер трансформацияланат

Байтик Баатыр айыл аймагында 27,82 гектар жер трансформацияланат

МинКаб Чүй облусунун Аламүдүн районундагы жер тилкесин  Борис Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин (КРСУ) кампусун куруу үчүн трансформациялоо токтомун кабыл алды. Токтомго ылайык, Байтик Баатыр айыл аймагындагы  27,82 гектар жер айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан калктуу конуштардын жерлери категориясына өткөрүлдү. Анын ичинен 25,38 гектары мамлекеттик менчикте, ал эми

Экономиканын кайсы тармактары өлкөнүн бюджетинин негизин түзөт?

Экономиканын кайсы тармактары өлкөнүн бюджетинин негизин түзөт?

2025-жылдын январь–ноябрь айларында салыктык түшүүлөргө экономиканын алдыңкы тармактары олуттуу салым кошту. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Алардын ичинен: * Соода тармагы – 31% (84,6 млрд сом) * Тоок-кен тармагы – 20,6% (56,7 млрд сом) * Курулуш – 8% (15,5 млрд сом) * Финансылык кызматтар – 4,7% (12,8 млрд сом) * Байланыш – 2,

МинКаб 2026-2027-жылдарга карата бюджеттик өзгөртүүлөрдү бекитти

МинКаб 2026-2027-жылдарга карата бюджеттик өзгөртүүлөрдү бекитти

МинКаб 2025-жылдын 15-декабрындагы №810 токтому менен 2025-жылга республикалык бюджетке жана 2026–2027-жылдарга карата пландуу мезгилге өзгөртүүлөрдү бекитти. Бул өзгөртүүлөр Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы түзүлгөндөн кийин бир айдын ичинде парламенттин кароосуна киргизилет. 2025-жылга бюджеттин негизги көрсөткүчтөрү * Кирешелер:  605,5 млрд сом * Чыгашалар: 590,1 млрд сом * Сальдо (айырма): 15,4 млрд

Сузактан келген делегат Кара-Дарыя айылына дамба куруу маселесин көтөрдү

Сузактан келген делегат Кара-Дарыя айылына дамба куруу маселесин көтөрдү

IV Элдик курултай учурунда Сузак районунан келген делегат Залкарбек Макамбаев Кара-Дарыя айылында улуттук телеберүүлөр жеткиликтүү эместигин билдирди. "Биздин айылга телеберүүлөрдү таркатуучу станция жана уюлдук операторлордун антеналарын орнотуп берүүнү суранабыз. Экинчи маселе - 18 миң калкы бар айылыбызда маданият үйү жок маданий иш-чаралар мектептин залында өткөрүлүп келет. Эски маданият үйүн