Ишкерлер ЖМК жана бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбоорлоруна кооптонушууда — ЭИК

Ишкерлер ЖМК жана бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбоорлоруна кооптонушууда — ЭИК

Эл аралык ишкерлер кеңешинин жетекчиси Аскар Сыдыков ЖМК жана бейөкмөт уюмдар боюнча өкмөт тарабынан иштелип чыккан мыйзам долбоорлоруна карата Кыргызстандын бизнес чөйрөсүнүн пикирин билдирди. Өлкөнүн ишкерлери да чуулгандуу документтердин кабыл алынышынын терс кесепеттеринен коркуп жатышканын ЭИК маалымдады.

Сыдыков бизнес-коомчулуктун атынан талкууланып жаткан бейөкмөт уюмдар жана ЖМК тууралуу эки мыйзам долбоору тең –  жарандык коом менен масс-медиага эле эмес, жалпы өлкө үчүн да маанилүү экенин айтат.

"Биз бул мыйзам долбоорлорун изилдеп чыгып, алар жарандык коомго, коммерциялык эмес уюмдарга жана коомдук ишмердүүлүккө тобокелчиликтерди жаратат деген жалпы пикирге келдик", — деди ал.

ЭИКтин жетекчисинин айтымында, ушул 30 жылдын ичинде өлкөбүздө байкалган көптөгөн терс көрүнүштөр жарандардын жана жалпы коомчулуктун кайдыгерлигинен улам болуп келген. Ошондуктан коомдук активдүүлүктү стимулдаштыруу жана колдоо абдан маанилүү. Ал эми бул мыйзам долбоорлору, тескерисинче, жарандык активдүүлүктү жана коомдук ишмердүүлүктү чектеп же демотивациялашы мүмкүн.

"Буга байланыштуу жарандардын мындай мүмкүнчүлүктөрүн чектөө мүмкүн эмес. Анын үстүнө алар Конституцияда каралган", – деген ЭИКтин жетекчиси бизнестин пикирин билдирип, коммерциялык эмес уюмдар тарабынан мүмкүн болуучу мыйзам бузууларга чара көрүү үчүн колдонулуп жаткан учурдагы мыйзамдар ансыз деле мамлекеттик органдарга жетиштүү ыйгарым укуктарды берип келгенин баса белгиледи.

Мамлекеттик органдар азыр бул ыйгарым укуктарды колдонуп жатышат. Андыктан бейөкмөт уюмдар үчүн кошумча аныктамаларды, чектөөлөрдү, отчеттуулукту, аудитти жана башка жүктөрдү жаратуунун кереги жок деп эсептейт бизнес-ассоциация.

"КЭУ мамлекет үчүн зарыл болгон функцияларды аткарат, өкмөттүн аларды аткарууга убактысы да жок. Алар окутуу, билим берүү, көндүмдөрдү жогорулатуу, татаал маселелерди калкка жөнөкөйлөштүрүлгөн форматта түшүндүрүү, коомдук талкууларды өткөрүү жана башка пайдалуу көп нерселерди жасап жатышат", – деп баса белгиледи Сыдыков.

Дүйнөлүк тажрыйбага таянсак, мамлекеттин өнүгүшү үчүн демократиялык институттар жана чечимдерди кабыл алуу процессине жарандардын активдүү катышуусу, өзүн өзү уюштуруусу талап кылынат. Бул функцияны башкалары менен бирге так ЖМКлар аткарышат.

Мындан тышкары, бизнес дагы медиага байланышкан мыйзам долбоору боюнча да кооптонуп турат.

"Бул мыйзам долбоору боюнча бир нече уюмдар тарабынан даярдалган корутундуга ылайык, сөз эркиндигин чектөө коркунучтары жана ЖМК менен интернет-ресурстардын кеңири спектри үчүн негизсиз кошумча милдеттенмелер жана жүктөр бар. Өлкөбүздө сөз эркиндигин мүмкүн болушунча сактоо жана чыңдоо зарыл, бул бизнес чөйрөсү үчүн да, жалпы коом үчүн да – өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсү үчүн абдан маанилүү", — деди ЭИКтин жетекчиси.

"Ошол эле учурда, биз 30 жылдын ичинде чет мамлекеттерге эбегейсиз жакшы адистер агылып кеткендигине күбө болдук, биз өлкөбүздө калган акылдуу жарандарыбызды алып калуу үчүн болгон күчүбүздү жумшашыбыз керек", – дейт Аскар Сыдыков.

Ошондой эле ал элди дос-душман деп, коммерциялык эмес жана коммерциялык, бейөкмөт жана мамлекеттик уюмдарга бөлүп, чет элдиктердин жана жергиликтүүлөрдүн катышуусу барларга кандайдыр бир жарлыктарды илип коюу болбойт деген пикирде. ЭИК бул сын-пикирлер эске алынып, парламент мыйзам долбоорунун азыркы редакциясынан баш тартат деп үмүттөнөт.

Мындан тышкары окуңуз

Ош шаарында таштандыдан электр энергиясын чыгаруучу завод курулат

Ош шаарында таштандыдан электр энергиясын чыгаруучу завод курулат

Ош шаарында тиричилик таштандыларын кайра иштетүү жана электр энергиясын өндүрүүчү заманбап завод курулат. Концессиялык келишимди шаар башчысы Женишбек Токторбаев менен кытайлык "Цзюньсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест" компаниясынын жетекчиси Дай Дао кол коюшканын түштүк борборунун мэриясы кабарлады. Долбоор боюнча ишкана жылына 310 миң тоннага чейин таштандыларды кайра иштетип, электр

Маала башчыларына маяна чегерүү маселеси көтөрүлдү

Маала башчыларына маяна чегерүү маселеси көтөрүлдү

Бишкек шаарында кварталдык (маала башчысы) кызматкерлерди шайлоо жана аларга айлык белгилөө зарыл экенин шаардык кеңештин туруктуу комиссиясынын “шаарга кошулган жаңы аймактарды өнүктүрүү” маселелерине арналган жыйынында депутат Казыбек Эргешов билдирди. Анын айтымында, кошулган райондор үчүнчү жылдан бери иштеп жатат. "Мурда шайланган адамдар болгон, бирок алар активист катары иштеп келишкен, айлык

Мамлекеттик автомектептерде окуучулар бекер окутулат

Мамлекеттик автомектептерде окуучулар бекер окутулат

Мамлекеттик автомектептерде мектепти бүтүп жаткан окуучулар акысыз окутуларын президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев “Кабар” агенттигине билдирди. Анын айтымында, окуу мөөнөтү 10 айды түзүп, жалпы 320 сааттык сабактардан турат. Орто мектептердин 11-класстын окуучулары жаңы окуу жылынан баштап акысыз окуй баштайт. "Курсанттар 4 айда жакшы окуп, мыкты натыйжа көрсөтсө тест

Астанада Кыргызстан элчилигинин жаңы имараты курулат

Астанада Кыргызстан элчилигинин жаңы имараты курулат

Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Кудайберген Базарбаев Астана шаарынын акими Женис Касымбек менен жолукканын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мурда жетишилген келишимдерди ишке ашыруу маселелерин жана Бишкек жана Астана шаарларынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Ошондой эле, Астанада Кыргызстандын элчилиги үчүн жаңы имаратты куруу, маданий-гуманитардык