Инновациялык үрөн себүү ыкмасынын натыйжалуулугу тастыкталды

Инновациялык үрөн себүү ыкмасынын натыйжалуулугу тастыкталды

 Кыргызстанда алгачкы жолу үрөн себүүдө инновациялык ыкма колдонулуп, анын натыйжалуулугу практикада тастыкталганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Аймактар менен өз аракеттенүү жана жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Нурдин Довлетов билдирди.

Жаңы ыкма жер семирткичтин коромжусун азайтып, түшүмдүүлүктү жогорулатып, отоо чөптөрдүн өсүшүн кескин кыскартат. 

Инновациялык ыкма төмөндөгүдөй болот: 

1 гектар жерге 200 кг арпа себилсе, болгону 10 кг селитра талап кылынат. Алгач үрөн селитра менен аралаштырылып, 1-2 сутка тыныктырылат. Бул аралыкта үрөн селитрадан азыктанып, күчтөнөт. Андан соң үрөн сеялкага салынып себилет. Отоо чөп дээрлик чыкпайт. Жердин кычкылдуулугу төмөндөйт. Кошумча 1 кг акиташ кошуу жер кыртышы үчүн дагы да пайдалуу.

Бул ыкма Нурдин Довлетов тарабынан 10 жылдан ашуун убакыттан бери колдонулуп, бир нече жолу жогорку натыйжа берген.

Мындан тышкары окуңуз

Аламүдүндө мыйзамсыз курулуп жаткан бетон заводу аныкталды

Аламүдүндө мыйзамсыз курулуп жаткан бетон заводу аныкталды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй регионалдык башкармалыгы Аламүдүн районундагы курулуш объектилеринде пландан тышкаркы текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Текшерүүгө Байтик Баатыр айыл аймагынын №312, 314, 324 жана 326 контурларында бетон заводу курулуп жатканы тууралуу түшкөн маалымат негиз болгон. Текшерүүнүн жүрүшүндө бетон

Бишкекте 31 жаран 2 млн 906 миң сомдук камсыздандыруу төлөмдөрүн алды

Бишкекте 31 жаран 2 млн 906 миң сомдук камсыздандыруу төлөмдөрүн алды

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун(МКУ) Бишкек филиалы 31 жаранга ОСАГО жана КАСКО полистери боюнча жалпы 2 млн 906 миң сомдук камсыздандыруу төлөмдөрүн тапшырды. Филиалдын директорунун орун басары Бактыбек Жунусовдун айтымында, мурда төлөмдөр бир ай ичинде каралса, уюм жетекчилигинин талабына ылайык, акыркы учурда 2 жуманын ичинде берилүүдө. "Бүгүн жарандар төлөм сертификаттарын

Жогорку Кеңеш бир катар өлкөлөр менен визасыз режимди ратификациялады

Жогорку Кеңеш бир катар өлкөлөр менен визасыз режимди ратификациялады

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында дипломаттык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу тууралуу бир катар макулдашууларды ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорлору каралып, үч окууда кабыл алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынан билдиришти. Атап айтканда, Кыргыз Республикасы Бенилюкс мамлекеттери, Словения, Оман Султанаты жана Мисир Араб Республикасы менен түзүлгөн макулдашууларды ратификациялады. Бул келишимдер

"Дөөлөт курулуштун" объектилери Курулуш министрлигинин карамагына өткөрүлүүдө

"Дөөлөт курулуштун" объектилери Курулуш министрлигинин карамагына өткөрүлүүдө

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин биринчи орун басары Самат Джантелиев “Дөөлөт курулуш” ЖЧКсынын үлүш ээлеринин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Үлүш ээлеринин кайрылууларынан кийин компаниянын ишмердүүлүгү Президенттин көзөмөлүнө алынып, Курулуш министрлигине тиешелүү тапшырмалар берилген. Учурда “Дөөлөт курулуш” ЖЧКсынын жетекчилиги курулуш объектилерин бүткөрүү үчүн аларды