Бишкекте 26-ноябрда 25,3° сельсияга жетип, рекорддук жылуу чегине жетти

Бишкекте 26-ноябрда 25,3° сельсияга жетип, рекорддук жылуу чегине жетти

Быйыл Кыргызстанда ноябрь айы жылуу өттү. Айдын экинчи жарымында бардык аймактарда аба ырайы көп жылдык орточо көрсөткүчтөрдөн 4-7° сельсияга жогору болгонун Кыргызгидромет кызматы маалымдады.

Бишкек шаарында 25-26-ноябрь күндөрү аба ырайы аномалдуу жогору болуп, 25-ноябрдагы максималдуу температура 20,2°С түзгөн. Буга чейин ноябрь айындагы мындай жогорку температура 1936-жылы катталып, ал 19,4° сельсияга жеткен. Ошондой эле быйыл 26-ноябрда аба ырайы 25,3° сельсияга чейин жылып, 1936-жылдын ушул күнүндөгү 23,4° сельсия абсолюттук максимумдан ашып кеткен.

Ушундай эле ноябрь айындагы абсолюттук максимум 2017-жылы 2-ноябрь күнү 29,8°сельсияны түзүп, рекорд койгон.

Кыргызгидромет кызматынын Болжолдоолор бөлүмүнүн башчысы Айзада Абдывалиева “Кабар” агенттигине буга чейинки ноябрь айы жылуу болгон жылдарды айтып берген. 

“2023-жылы 16-ноябрда 24,5° сельсия, 2013-жылы 24,7° сельсия градус жылуу болгон. Ошондой эле 1999-жылы да 22,4 градусту түзгөн жылуу аба ырайы катталган”,-деген ал. 

Мындан тышкары окуңуз

Эки айда негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сом болду

Эки айда негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сом болду

2026-жылдын январь–февраль айларында негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сомду түздү. Бул көрсөткүч 2025-жылдын январь–февраль айларына салыштырмалуу 8,4%га көп экенин Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, инвестициялардын жалпы көлөмүнүн өсүшү негизинен ички каржылоо булактарынын 11,5%га көбөйүшүнүн эсебинен

Бишкектин жаңы аймактарын өнүктүрүүгө 39 млрд сом талап кылынат

Бишкектин жаңы аймактарын өнүктүрүүгө 39 млрд сом талап кылынат

Бишкектин жаңы аймактарын өнүктүрүүгө болжол менен 39 млрд сом талап кылынарын борбор калаанын мэринин орун басары Азамат Кадыров "Ишеним" жана "Ала-Тоо" депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында билдирди. Депутат Жумабек Салымбеков административдик-аймактык реформанын алкагында борбор калааны өнүктүрүүгө канча каражат керектиги боюнча эсептөөлөр жүргүзүлгөн-жүргүзүлбөгөнүнө кызыкты. Азамат Кадыров мындай эсептөөлөр

Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы мечиттин ордуна жаңысы курулат

Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы мечиттин ордуна жаңысы курулат

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы мечиттин жамаатына ооз ачар уюштурганын муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди. Шаар башчысы чогулгандарды ыйык Рамазан айынын башталышы менен куттуктап, бул мезгил ар бир үй-бүлөгө тынчтык, бакубатчылык, береке жана ынтымак алып келсин деген каалоосун билдирди. Иш-чаранын алкагында мэрге жаңы мечит куруу боюнча долбоор

Кыргызстандын тышкы, ички товар жүгүртүүсү январда 1 млн долларга жетти

Кыргызстандын тышкы, ички товар жүгүртүүсү январда 1 млн долларга жетти

2026-жылдын январь айында Кыргызстандын тышкы жана өз ара товар жүгүртүүсүнүн көлөмү 1 млн долларды түзгөнүн Улуттук статистикалык комитети билдирди. Бул көрсөткүч өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу 2%га көп.  Мында экспорттук жеткирүүлөр 20,3%га азайып, ал эми импорттук товардын келүүлөрү тескерисинче 6,1%га көбөйгөн. Ошондой эле бул аралыкта