Париждеги 400 жыл мурун жоголгон сүрөт 3 млн доларга сатылды
400 жыл мурун жоголду деп эсептелген Питер Пауль Рубенстин сүрөтү аукциондо 3 млн долларга сатылганын Le Parisien жазды.
Osenat аукциондук үйү “Христос крестте” картинасын 2,3 млн еврого саткан. Комиссиялык сумма менен бирге ал 2 млн. 940 миң 789 евро болгон.
Белгиленгендей сүрөт сатылган Версалдагы бул аукцион үйүндө эл жыкжыйма болгон. Азырынча сатып алуучунун аты айтыла элек. 1613-жылы тартлыган бул сүрөт 2024-жылы париждик үйлөрдүн биринен табылган.