Кытай адам сымал роботторду чыгаруу жагынан алдыда

Кытай адам сымал роботторду чыгаруу жагынан алдыда

Кытай адам сымал роботтордун дүйнөлүк рыногунда үстөмдүк кылып, орнотулган роботтордун 80%дан ашыгы ушул өлкөгө туура келерин South China Morning Post билдирет.

Маалыматка ылайык, AgiBot жана Unitree компаниялары Кытайга 2026-жылы дүйнөлүк рыноктун чоң бөлүгүн ээлөөгө жардам берет, ал эми 2027-жылга карата рыноктун көлөмү алты эсе өсөт.

Counterpoint компаниясынын маалыматына ылайык, 2025-жылы дүйнө жүзү боюнча 16 миң адам сымал робот орнотулган. Алар негизинен маалымат чогултуу, изилдөө иштеринде, ошондой эле логистика, өндүрүш жана автоунаа өнөр жайында колдонулган.

Изилдөө компаниясынын божомолу боюнча, 2027-жылга карата рыноктун көлөмү 100 миң даанадан ашат. Бул 2025-жылга салыштырмалуу алты эсе көп. Ошол эле учурда логистика, өндүрүш жана автоунаа тармактары жалпы орнотуулардын 72%ын түзөт деп күтүлүүдө.

"Жакынкы эки жылда адам сымал роботторду иштеп чыккан компаниялар аларды сериялык түрдө чыгара башташат. Алардын иштөө натыйжалуулугу бүткүл тармактын өнүгүү темпин аныктайт", — деп айтылат Counterpoint отчетунда.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек мэри шаардагы ири курулуш объектилерин текшерди

Бишкек мэри шаардагы ири курулуш объектилерин текшерди

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев шаардык кызматтардын жетекчилери менен бирге бир катар инфраструктуралык жана курулуш объектилерин текшерди. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти. Алгач Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги участок каралды. Бул жерде транспорттук жол түйүнүн куруу пландалууда. Тиешелүү кызматтарга даярдык иштерин баштоо тапшырылды. Андан соң Бакаев

Чоң-Алай районунда 3 млн сом салык карызы өндүрүлдү

Чоң-Алай районунда 3 млн сом салык карызы өндүрүлдү

Чоң-Алай районунда салык карызы боюнча ири суммадагы каражат мамлекеттин пайдасына өндүрүлдү. Сот аткаруучулар кызматынын маалыматына ылайык, Чоң-Алай райондук сот аткаруучулар бөлүмүнө жаран А.А.Б.дан Салык кызматынын пайдасына 3 млн сом өндүрүү тууралуу аткаруу баракчасы келип түшкөн. Сот аткаруучулар тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин жана мыйзамдуу талаптардын негизинде, карызкор аталган

Бишкекте №95 мектепте мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды

Бишкекте №95 мектепте мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды

Бишкек шаарынын Ленин районунун прокуратурасы №95 орто мектепте окуучулардын ата-энелеринен мыйзамсыз акча чогултуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, айрым мугалимдер кошумча сабактар үчүн мамлекет тарабынан белгиленген тарифтен жогору өлчөмдө акча алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин балдардын акысыз мектептик билим алуу укугун камсыз кылуу боюнча Жарлыгынын талаптарын бузушкан.

Бишкекте Дэн Сяопин көчөсүндө жол оңдоо иштери уланат

Бишкекте Дэн Сяопин көчөсүндө жол оңдоо иштери уланат

Бишкек шаарында 2026-жылдын 13-мартынан тарта Дэн Сяопин проспектисинин түштүк тарабында жолду капиталдык оңдоонун экинчи этабы башталат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ага байланыштуу Кайназарова көчөсүнөн Сыдыгалиев көчөсүнө чейинки тилкеде автотранспорттун кыймылы убактылуу жабылат. Буга чейин оңдоо иштеринин биринчи этабынын алкагында Дэн Сяопин проспектисинин Интергельпо көчөсүнөн Кайназарова көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылган. Белгилей