Бийлеп, кунг-фу элементтерин көрсөткөн Optimus роботтору быйыл сатыкка чыгат

Бийлеп, кунг-фу элементтерин көрсөткөн Optimus роботтору быйыл сатыкка чыгат

Tesla компаниясы адам кейпиндеги Optimus роботторун 2027-жылы сатыкка чыгарууну пландап жатканын Kazinform жарыялады.

Teslaнын башкы директору Илон Маск Давосто өткөн Дүйнөлүк экономикалык форумда Optimus роботтору Tesla`нын заводдорунда иштеп, жөнөкөй өндүрүштүк тапшырмаларды аткарып жаткандыгын айткан. Быйылкы жылдын аягына чейин роботтордун аткарган кызматтары көбөйтүлөт.

Гуманоид роботту жасап чыгуу идеясын Илон Маск 2021-жылы сунуштаган. Ал эми Optimus роботунун алгачкы бет ачары 2024-жылдын октябрь айында өткөн. 2025-жылы Optimus роботу бийлеп, Голливуддагы кызыл килемден өтүп, кунг-фу элементтерин көрсөткөн.

Буга улай Маск жакынкы жылдары өндүрүш көлөмү жылына 1 миллион даанага жете турганын айткан. Кийинчерээк Optimus 4 версиясы чыгарылып, анын саны 10 миллионго чейин, ал эми Optimus 5 версиясында 50–100 миллион даанага чейин көбөйүшү мүмкүн.

Илон Маск Optimus роботтору жана автономдуу унаалар аркылуу жакырчылыксыз коом курууга болот деп эсептейт. Анын пикиринде, роботтор медицина тармагында да зор мүмкүнчүлүктөргө ээ болуп, “мыкты хирург” боло алышат. Келечекте бардык жумуштарды роботтор менен жасалма интеллект аткарып, адамдарга иштөө зарылдыгы калбайт.

Мындан тышкары окуңуз

Brent мунайынын баррели 90 доллардан төмөн түштү

Brent мунайынын баррели 90 доллардан төмөн түштү

Brent мунайынын баасы баррелине 90 доллардан төмөн түшкөнүн соода маалыматтары күбөлөндүрөт. 2026-жылдын май айында жеткириле турган Brent маркасындагы мунайдын фьючерстеринин баасы Лондондогу ICE биржасында баррелине 90 доллардан төмөн түштү. Бул баа бир суткадан бир аз убакыт өткөндөн кийин болду, мурда анын чеги 119 долларга чейин жеткен. Россия мунайынын баасы да

ЖОЖдор арасындагы инновациялык 59 долбоордун мыктылары каржыланат

ЖОЖдор арасындагы инновациялык 59 долбоордун мыктылары каржыланат

Кечээ "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар долбоорунун директору Расул Абазбек уулу 2025-жылы өткөрүлгөн инновациялык конкурстун жыйынтыгы менен бөлүштү. Анын айтымында, өткөн жылы август айында биринчи айлампа жарыяланып, 38 мамлекеттик жана жеке менчик жогорку окуу жайы сынакка катышууга өтүнмө берген. “Жалпысынан 196 долбоор

Ж.Токторбаев: Шаардын жалпы карызы 2 млрд 300 млн сом

Ж.Токторбаев: Шаардын жалпы карызы 2 млрд 300 млн сом

Ош шаарынын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаев "Азаттыкка" берген маегинде ал иштеп турганда мэриянын карызы 12 млрд сомго жеткени тууралуу маалыматтарды четке какты. Анын айтымында, ал Ошко мэр болуп дайындалганга чейин Мамыров, Амир-Тимур, Көкүм бий көчөлөрүн оӊдоого 586 млн сом бөлүнгөн. Ал кызматка киришкенден кийин 2 млрд 200 млн

Алюминий баасы жогорулап тоннасы 3544 долларга чыкты

Алюминий баасы жогорулап тоннасы 3544 долларга чыкты

Алюминий баасы 2022-жылдын апрелинен берки эң жогорку деңгээлге жеткенин Интерфакс кабарлайт. Маалыматка караганда, алюминийдин баасы биринчи жолу 2,8%га көтөрүлүп, 3544 долларды түздү. Акыркы жумада алюминий баалары дээрлик 10%га көтөрүлүп, үч жылдагы рекорддук өсүштү белгиледи, бул дүйнөлүк алюминий өндүрүшүнүн болжол менен 9%ын түзгөн Жакынкы Чыгыштагы жеткирүүнүн үзгүлтүккө