VI дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө 1000ден ашык ыктыярчы тартылат

VI дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө 1000ден ашык ыктыярчы тартылат

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги VI дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү алкагында 1000ден ашык ыктыярчылардан турган команда түзүлөрүн билдирди. Волонтёрлор оюндарды уюштурууга катышып, иш-чараларды өткөрүүнүн негизги процесстеринде иш алып барат.

Ыктыярчылык программага катышуу уникалдуу тажрыйба алууга, эл аралык командада иштөөгө жана дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чараны уюштурууга жеке салым кошууга мүмкүнчүлүк берет.

Ыктыярчыларды тандоо этаптары:
  • I этап — онлайн каттоо. Талапкерлер ыктыярчылык программага катышуу үчүн анкетаны толтурушат.
  • II этап — маектешүү. Онлайн тандоодон өткөн талапкерлер жеке маектешүүгө чакырылат.
Тандалган ыктыярчылар үчүн окутуу жана даярдоо программалары, тематикалык тренингдер жана окуу лагерлери уюштурулат.

Арыздарды кабыл алуу мөөнөтү: 3-март, саат 18:00гө чейин.

Арыз берүү тартиби: Ыктыярчылык программага катышуу үчүн расмий сайттагы профилдин башындагы шилтеме аркылуу анкета толтуруу керек:
volunteer.kg

Байланыш үчүн: +996 220 244 525.

Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин Бишкек шаары жана Ысык-Көл облусунун аймагында өтөт.

Мындан тышкары окуңуз

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги ири компаниялар менен кызматташат

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги ири компаниялар менен кызматташат

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы кечээ Бишкек шаарындагы “Кока-Кола Бишкек Боттлерс” ЖЧКсынын заводунда болгонун аталган агенттиктен билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, анда ишкананын иши, ошондой эле өлкө экономикасына инвестицияларды кеңейтүү жана мындан аркы өнүгүү келечеги талкууланды. Компаниянын өкүлдөрүнүн айтымында, ишкана Кыргызстанда 1996-жылдан бери ийгиликтүү иш алып барып келет жана бул аралыкта өндүрүштү

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Экономист Кубан Чороев "Кабар" агенттигине улуттук валютаны жана мамлекеттик маанидеги документтерди өзүбүздөн басып чыгаруу бир нече негизги стратегиялык артыкчылыктарын белгиледи. Анын айтымында, чыгымдарды кыскартуу жана валютаны үнөмдөө эң башкы артыкчылык. "Буга чейин Кыргызстан сомду басып чыгаруу үчүн Франция же Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдүн ири компанияларына миллиондогон доллар

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстанга товарларды импорттоодо негизги үлүш Кытай менен Россияга туура келерин Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылды. Кытайдан келген импорт жалпы көлөмдүн 36,6%ын (338,6 млн доллар), Россиядан — 26,4%ын (244,3 млн доллар) түзөт. Кыргызстанга товар жеткирген негизги беш өлкөнүн катарына ошондой эле

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Медербек Туманов Жибек жолу фондунун аткаруучу вице-президенти Сы Синьбо менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга ошондой эле "Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Эмиль Такырбашев катышты. Жолугушууда тараптар өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен инвестициялык долбоорлорду талкуулашты. Өзгөчө гидроэнергетика,