Италия кышкы Олимпиада оюндарынын дарядыгына 5 млрд доллар сарптады

Италия кышкы Олимпиада оюндарынын дарядыгына  5 млрд доллар сарптады

Милан жана Кортине-д’Ампеццо шаарларында өтчү 2026-жылкы кышкы Олимпиада оюндарына даярдык чыгымдары материалдардын баасынын өсүшү жана кыска мөөнөттөгү курулуштар себептүү баштапкы пландан бир топ кымбатыраак болгону маалымдалды деп жазат Reuters.

Уюштуруу комитетинин башкы директору Андреа Варнье белгилегендей, даярдыкка каралган бюджет бир нече эсе көбөйгөн.

2019-жылы оюндарды өткөрүүгө арыз бергенде чыгымдар болжол менен 1,3 миллиард доллар деп баалангандан кийин, Оюндун ачылышына чейин операциялык бюджет 1,7 миллиард долларга жеткен. Негизги финансылык жүк мамлекеттин казынасына түшкөн: жолдорду жана жаңы спорттук объектилерди курууга кошумча 3,5 млрд доллар инвестиция салынган.

Уюштуруучулар Олимпиаданы өткөрүү жолунун "күтүлгөндөн татаалдашканын" мойнуна алышты. Айрыкча көйгөйлүү учурлардын бири — Кортине шаарындагы санно-бобслей трассасын куруу болду.

ЭОКтун сунушуна карабастан, Италия өз борборун курууну чечкен, анын наркы 50 млн евродон 120 млн еврого чейин көтөрүлгөн. Ошондой эле Миландагы Santa Giulia хоккей аренасы шашылыш бүткөрүлүп, бир нече апта калганда гана жарыштарга даяр болгон.

Мындан тышкары окуңуз

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Экономист Кубан Чороев "Кабар" агенттигине улуттук валютаны жана мамлекеттик маанидеги документтерди өзүбүздөн басып чыгаруу бир нече негизги стратегиялык артыкчылыктарын белгиледи. Анын айтымында, чыгымдарды кыскартуу жана валютаны үнөмдөө эң башкы артыкчылык. "Буга чейин Кыргызстан сомду басып чыгаруу үчүн Франция же Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдүн ири компанияларына миллиондогон доллар

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстанга товарларды импорттоодо негизги үлүш Кытай менен Россияга туура келерин Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылды. Кытайдан келген импорт жалпы көлөмдүн 36,6%ын (338,6 млн доллар), Россиядан — 26,4%ын (244,3 млн доллар) түзөт. Кыргызстанга товар жеткирген негизги беш өлкөнүн катарына ошондой эле

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Медербек Туманов Жибек жолу фондунун аткаруучу вице-президенти Сы Синьбо менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга ошондой эле "Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Эмиль Такырбашев катышты. Жолугушууда тараптар өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен инвестициялык долбоорлорду талкуулашты. Өзгөчө гидроэнергетика,

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Бир нече жылдан бери чет өлкөдө жашап келе жаткан ишкер Шаршенбек Абдыкеримов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылды. Ал 28-мартта жарыялаган кайрылуусунда мурда "Аю Гранд Комфорт" жана "Томми мол" деген эки соода борборунун ээси болгонун, кийин алардын бири - "Аю Гранд Комфортту"