МинКаб төрагасы Дубайдагы кыргыз ишканасына барды
Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 4-февралда Дубай шаарында кыргызстандык жарандар тарабынан негизделген Epos Water Production LLC заводуна барды.
Аталган ишкана бөтөлкөгө куюлган ичүүчү сууну жана суусундуктарды өндүрүү менен алектенет. Заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 50 миң бөтөлкөгө чейин жетет. Ишкананын аймагында сууну көп баскычтуу тазалоо системасы жана заманбап куюу линиялары орнотулган.
Өндүрүш процесстери Бириккен Араб Эмираттарынын санитардык жана тамак-аш коопсуздугуна коюлган талаптарына толук жооп берери белгиленди.
Иш сапардын жүрүшүндө сууну даярдоо технологияларын колдонуу маселелери, ошондой эле мүмкүн болгон кызматташтык жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Ошондой эле бул компания Кыргызстанда Crystal бренди менен (ОсОО "НАК") ичүүчү сууну өндүрүп чыгарары маалымдалды.