Италиядагы Олимпиада оюндарынын мелдештерине кирүү 1400 долларга чейин жетет

Италиядагы Олимпиада оюндарынын мелдештерине кирүү 1400 долларга чейин жетет

Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи бүгүн Италиянын Милан шаарында өтөт. Интерфакс маалымдагандай, аткаруучулардын арасында италиялык ырчы Андреа Бочелли, беш жолку "Грэмми" сыйлыгынын ээси Мэрайя Кэри, "Мыкты ыр" үчүн "Алтын глобус" сыйлыгынын ээси Лаура Паузини, италиялык рэпер Ghali жана кытайлык пианист Лан Лан бар.

Италиялык актёрлор Пьерфранческо Фавино, Сабрина Импаччаторе жана Матильда Де Анжелис да катышат. Ачылыш аземинин темасы "Гармония" деп аталат. Кирүү акысы 260 евродон башталып, 2000 еврого чейин жетет.

Олимпиада оюндары 22-февралга чейин уланат, ага 92 улуттук командадан 2900дөн ашык спортчу катышат.

Олимпиадага болжол менен 2 млн күйөрман келет деп күтүлүүдө. Мелдештерге билеттер 30 доллардан башталып, 1400 долларга чейин жетет.

Олимпиада айылдары Милан, Кортина-д'Ампеццо, Ливиньо, Бормио, Предаццо жана Расун Антерсельвада жайгашкан.

Италия Олимпиада оюндарын үч жолу 1956-жылы кышкы оюндар, 1960-жылы жайкы оюндар жана 2006-жылы кышкы оюндарды өткөргөн

Мындан тышкары окуңуз

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Экономист Кубан Чороев "Кабар" агенттигине улуттук валютаны жана мамлекеттик маанидеги документтерди өзүбүздөн басып чыгаруу бир нече негизги стратегиялык артыкчылыктарын белгиледи. Анын айтымында, чыгымдарды кыскартуу жана валютаны үнөмдөө эң башкы артыкчылык. "Буга чейин Кыргызстан сомду басып чыгаруу үчүн Франция же Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдүн ири компанияларына миллиондогон доллар

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстанга товарларды импорттоодо негизги үлүш Кытай менен Россияга туура келерин Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылды. Кытайдан келген импорт жалпы көлөмдүн 36,6%ын (338,6 млн доллар), Россиядан — 26,4%ын (244,3 млн доллар) түзөт. Кыргызстанга товар жеткирген негизги беш өлкөнүн катарына ошондой эле

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Медербек Туманов Жибек жолу фондунун аткаруучу вице-президенти Сы Синьбо менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга ошондой эле "Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Эмиль Такырбашев катышты. Жолугушууда тараптар өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен инвестициялык долбоорлорду талкуулашты. Өзгөчө гидроэнергетика,

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Бир нече жылдан бери чет өлкөдө жашап келе жаткан ишкер Шаршенбек Абдыкеримов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылды. Ал 28-мартта жарыялаган кайрылуусунда мурда "Аю Гранд Комфорт" жана "Томми мол" деген эки соода борборунун ээси болгонун, кийин алардын бири - "Аю Гранд Комфортту"