Bithumb жаңылып кардарларга 44 млрд долларлык биткойн которуп жиберген

Bithumb жаңылып кардарларга 44 млрд долларлык биткойн которуп жиберген

Түштүк Кореянын Bithumb криптобиржасы кардарларына жаңылыштык менен болжол менен 44 млрд долларлык биткойн которуп жибергенин BILD басылмасы жазды.

Сеул шаарында жайгашкан компаниянын маалыматына ылайык, окуя жарнамалык акциянын жүрүшүндө болгон жана хакердик чабуулга же коопсуздуктагы алсыздыктарга байланыштуу эмес.

Биржанын маалыматында айтылгандай, 695 кардарга ар бири 2000 вон (болжол менен 1,37 доллар) өлчөмүндө бонус чегерилиши керек болчу. Бирок катачылыктан улам алардын ар бирине кеминде 2000 биткойн чегерилип кеткен. Көптөгөн алуучулар криптовалютаны дароо сата башташкан, натыйжада рынок катуу реакция берип, Bitcoin курсу кыска убакытка 17% төмөндөгөн.

Bithumb бул окуя үчүн кечирим сурап, жаңылыштык менен таратылган 620 миң биткойндун 99,7%ы кайра кайтарылганын билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Экономист Кубан Чороев "Кабар" агенттигине улуттук валютаны жана мамлекеттик маанидеги документтерди өзүбүздөн басып чыгаруу бир нече негизги стратегиялык артыкчылыктарын белгиледи. Анын айтымында, чыгымдарды кыскартуу жана валютаны үнөмдөө эң башкы артыкчылык. "Буга чейин Кыргызстан сомду басып чыгаруу үчүн Франция же Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдүн ири компанияларына миллиондогон доллар

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстанга товарларды импорттоодо негизги үлүш Кытай менен Россияга туура келерин Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылды. Кытайдан келген импорт жалпы көлөмдүн 36,6%ын (338,6 млн доллар), Россиядан — 26,4%ын (244,3 млн доллар) түзөт. Кыргызстанга товар жеткирген негизги беш өлкөнүн катарына ошондой эле

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Медербек Туманов Жибек жолу фондунун аткаруучу вице-президенти Сы Синьбо менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга ошондой эле "Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Эмиль Такырбашев катышты. Жолугушууда тараптар өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен инвестициялык долбоорлорду талкуулашты. Өзгөчө гидроэнергетика,

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Бир нече жылдан бери чет өлкөдө жашап келе жаткан ишкер Шаршенбек Абдыкеримов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылды. Ал 28-мартта жарыялаган кайрылуусунда мурда "Аю Гранд Комфорт" жана "Томми мол" деген эки соода борборунун ээси болгонун, кийин алардын бири - "Аю Гранд Комфортту"