Илон Маск: Айда 10 жылдан кийин шаар пайда болушу мүмкүн

Илон Маск: Айда 10 жылдан кийин шаар пайда болушу мүмкүн

"Алгачкы шаар Айда жакынкы 10 жылдын ичинде пайда болушу мүмкүн. SpaceX бул максатты өзү үчүн эң артыкчылыктуу деп эсептейт" деп билдирди компаниянын негиздөөчүсү Илон Маск.

"SpaceX өз фокусун Айда өз алдынча өнүгүп кете ала турган шаар курууга бурду, анткени теориялык жактан биз бул максатка 10 жылдан аз убакытта жетише алабыз. Ал эми Марс тууралуу айтсак, ал үчүн 20 жылдан ашык убакыт талап кылынат", — деп жазды ал X социалдык тармагында.

Масктын айтымында, Марска учуу үчүн мүмкүнчүлүк терезеси ар 26 айда бир жолу ачылат жана жол жүрүү убактысы болжол менен алты айды түзөт. Ал эми Айга болсо ар 10 күндө бир жолу учууга болот, учуу убактысы болгону эки күндү алат.

Ошол эле учурда SpaceX компаниясынын негиздөөчүсү компания "Марста шаар курууга да умтуларын" жана "бул иш менен болжол менен беш–жети жылдан кийин активдүү алектене баштарын" белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Экономист Кубан Чороев "Кабар" агенттигине улуттук валютаны жана мамлекеттик маанидеги документтерди өзүбүздөн басып чыгаруу бир нече негизги стратегиялык артыкчылыктарын белгиледи. Анын айтымында, чыгымдарды кыскартуу жана валютаны үнөмдөө эң башкы артыкчылык. "Буга чейин Кыргызстан сомду басып чыгаруу үчүн Франция же Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдүн ири компанияларына миллиондогон доллар

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстанга товарларды импорттоодо негизги үлүш Кытай менен Россияга туура келерин Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылды. Кытайдан келген импорт жалпы көлөмдүн 36,6%ын (338,6 млн доллар), Россиядан — 26,4%ын (244,3 млн доллар) түзөт. Кыргызстанга товар жеткирген негизги беш өлкөнүн катарына ошондой эле

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Медербек Туманов Жибек жолу фондунун аткаруучу вице-президенти Сы Синьбо менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга ошондой эле "Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Эмиль Такырбашев катышты. Жолугушууда тараптар өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен инвестициялык долбоорлорду талкуулашты. Өзгөчө гидроэнергетика,

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Бир нече жылдан бери чет өлкөдө жашап келе жаткан ишкер Шаршенбек Абдыкеримов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылды. Ал 28-мартта жарыялаган кайрылуусунда мурда "Аю Гранд Комфорт" жана "Томми мол" деген эки соода борборунун ээси болгонун, кийин алардын бири - "Аю Гранд Комфортту"