акыркы жаңылыктар

Президент Чүй облусунун губернаторун жана райондук акимин кызматтарынан бошотту

Президент Чүй облусунун губернаторун жана райондук акимин кызматтарынан бошотту

Чүй облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Андан сырткары, Сокулук районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Курбанбек Айтибаев ээлеген кызматынан бошотулду. Жарлыктарга президент Садыр Жапаров кол койду.

Айыл чарба министрине жеңилдетилген насыяларды берүүнүн көзөмөлүн күчөтүүнү тапшырылды

Айыл чарба министрине жеңилдетилген насыяларды берүүнүн көзөмөлүн күчөтүүнү тапшырылды

Президент Садыр Жапаров айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековго жеңилдетилген насыяларды берүү боюнча көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди. Ошондой эле, президент насыялар дыйкандарга жана айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөргө дайындуу жетиши, ошол эле учурда акча каражаттарын башка максаттарга берүү сыяктуу коррупциялык көрүнүштөргө жол берилбеши керектигин айтты. Андан

Президент Садыр Жапаров айыл чарба министрин кабыл алды

Президент Садыр Жапаров айыл чарба министрин кабыл алды

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековду кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди. Министрл учурдагы иштери жана кезектеги жазгы талаа өнөктүгүн өткөрүү боюнча пландар тууралуу маалымат берилди.  Аскарбек Жаныбековдун отчету боюнча 2022-жылдын жыйынтыгы менен агро өнөр жай тармагындагы дүң продукциянын өсүшү 2021-жылга салыштырмалуу 7% ашык

Корумдуда кыям жана козу карындарды чыгаруучу цех иштеп баштады

Корумдуда кыям жана козу карындарды чыгаруучу цех иштеп баштады

Ысык-Көл районунун Корумду айылында 2022-жылдын күздөн бери жогорку сапаттагы  кыям жана козу карындарды чыгаруучу цех иштеп жатат. Бул тууралуу Улуу Британиянын элчилиги билдирди. Маалыматка ылайык, Кыял Саткангулова жолдошу менен Улуу Британиянын өкмөтү тарабынан каржыланган Кыргызстандагы чакан жана орто бизнести колдоо программасы Рeak тарабынан уюштурулган 7 тема боюнча интенсивдүү тренингден кийин

Кыргызстандык Sonun бренди жашылча консерваларын Россияга, Казакстанга жана АКШга экспорттойт – видео

Кыргызстандык Sonun бренди жашылча консерваларын Россияга, Казакстанга жана АКШга экспорттойт – видео

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) Sonun брендинин өндүрүштү өнүктүрүү үчүн $3.9 млн насыя берген. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы билдирди. «Прод Импекс» ишканасынын башчысы Шайлоогүл Майлиеванын айтымында,  жашылча-жемиш консерваларынын негизги бөлүгү Кыргызстандын аймагында сатылат. Продукциянын 30%га жакыны экспортко чыгарылат. Компания 2017-жылы ишке киргизилген. Аны курууга жана заманбап техникалар менен

Акча алмаштырууда мыйзамдарды бузуу үчүн эки алмашуу бюрого айып пул салынды

Акча алмаштырууда мыйзамдарды бузуу үчүн эки алмашуу бюрого айып пул салынды

КР мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн эки алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу КРУБун маалымат кызматы билдирди. Ошондой эле, Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн үч жаранына 17

Кыргызстандын жана Кувейттин өкмөттөрү биргелешкен комиссияны өткөрүүдө

Кыргызстандын жана Кувейттин өкмөттөрү биргелешкен комиссияны өткөрүүдө

Кыргызстандын жана Кувейттин өкмөттөрү биргелешкен комиссияны өткөрүүдө. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, финансы министри Алмаз Бакетаев КР атынан экономикалык жана техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-кувейт өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын 3-жыйынына катышуууда. Иш-чарада экономика, соода жана инвестициялык кызматташуу, халал индустриясын стандартташтыруу, ошондой эле туризм тармагындагы эки тараптуу кызматташуу маселеси талкууланат.

2022-жылы 12 мамлекеттик ишкана чыгаша менен аяктаган

2022-жылы 12 мамлекеттик ишкана чыгаша менен аяктаган

2022-жылды 33 мамлекеттик ишкана киреше менен, 12 мамлекеттик ишкана чыгаша менен аяктаган. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди. Мекененин маалыматына ылайык, ишканалардын жалпы таза кирешеси 2.3 млрд сомду түздү. Ошондой эле, өкмөт «Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул токтом менен мамлекеттик ишканаларды 2022-2025-жылдар аралыгындагы бардык таза

Кыргызстан АЧК-2 долбоорунун негиздемесин даярдоону тездетет – курууга Кытай жардам берет

Кыргызстан АЧК-2 долбоорунун негиздемесин даярдоону тездетет – курууга Кытай жардам берет

Кытай менен Кыргызстан Айланма Чүй каналы-2 (АЧК-2) курулушунун долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашып жатышат. Маселе министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Кытайдын ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэн менен жолугушуусунда көтөрүлдү. Маалыматка ылайык, АЧК-2 Кыргызстандын сугат жерлерин суу менен камсыз кылууну жогорулатууга мүмкүндүк берет. Министрлер кабинетинин башчысы долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоону тездетүү

Акылбек Жапаров Кытайдын элчиси менен жолукту

Акылбек Жапаров Кытайдын элчиси менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын КРдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууга ошондой эле Кытайдын экспорттук кредиттик камсыздандыруу корпорациясынын өкүлдөрү катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу, ошондой эле өз ара

«Манаста» 4 млн сомдон ашык баалуу зер буюмдардын контрабандасы аныкталды

«Манаста» 4 млн сомдон ашык баалуу зер буюмдардын контрабандасы аныкталды

«Манас» аэропортунун аэробекеттик комплексинде жүргүнчүлөрдү бажылык көзөмөлгө алуунун алкагында бажы мыйзамдарын бузуу фактысы аныкталган. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 23-февралында саат болжол менен саат 03:00 Стамбул-Бишкек авиакаттамы менен келе жаткан «Turkish airlines» авиакомпаниясынын жүргүнчүлөрү бажы көзөмөлүнүн аймагынан өтүп бара жатканда Өзбекстандын эки жараны «К.С.Ш.

Талас районунда медициналык практика борборунун жетекчилиги 2.1 млн сомго зыян алып келген – УКМК

Талас районунда медициналык практика борборунун жетекчилиги 2.1 млн сомго зыян алып келген – УКМК

Талас райондук Жалпы медициналык практика борбордогу медицина кызматкерлеринин эмгек акысына кошумча акы төлөнбөй жаткан. Бул тууралуу УКМК билдирди. Маалыматка ылайык, 2020-жылдын январь айынан тарта Талас районунун Жалпы дарыгердик практика борборунун кызматкерлерине эмгекке катышуу коэффициенти (ЭКТ) түрүндөгү эмгек акысына кошумча акы төлөнбөй келгени аныкталган, себебин медициналык кызматкерлердин негизги эмгек акысына коэффициент