акыркы жаңылыктар

Кыргызстан менен Азербайжан биргелешкен фондун ишке ашырууга даярданып жатышат

Кыргызстан менен Азербайжан биргелешкен фондун ишке ашырууга даярданып жатышат

КР менен Азербайжан биргелешкен фондун ишке ашырууга даярданып жатышат. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Азербайжандын премьер-министринин орун басары Али Ахмедов менен жолукту. Тараптар Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондун ишке ашырууда зарыл болгон ички жол-жоболор аяктагандыгына байланыштуу, жакынкы аралыкта фондду практикалык жактан баштоо

Бакыт Төрөбаев Азербайжандын премьер-министринин орун басары менен жолукту

Бакыт Төрөбаев Азербайжандын премьер-министринин орун басары менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Азербайжандын премьер-министринин орун басары Али Ахмедов менен жолукту. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2022-жылдын август айында Баку шаарында өткөрүлгөн кыргыз-азербайжан Өкмөттөр аралык комиссиясынын отурумунун Протоколунун аткарылышын талкуулашты. Ошондой эле, жолугушууда эки өлкөнүн лидерлеринин 2022-жылы Азербайжанга жана КР болгон иш

Март айында Бишкекте «Кыргызстан-Пакистан» инвестициялык форуму өтөт

Март айында Бишкекте «Кыргызстан-Пакистан» инвестициялык форуму өтөт

Бишкекте 16-17 мартта «Кыргызстан-Пакистан» инвестициялык форуму өтөт. Бул тууралуу Соода-ѳнѳр жай палатасы билдирди. Маалыматка ылайык уюштурууга Пакистандагы КР элчилиги жана Экономика министрлиги жардам берет. Пакистандын делегациясына логистика, фармацевтика, айыл чарба тармактарынын 40 ишканалардын өкүлдөрү кирет. Кызыкдар катышууну төмөнкү телефондор (613874, 613876, 0555321302) же электрондук почталар аркылуу ырастаңыз info@cci.kg,

«Евразия сактык банкты» Kaspi bank жана Сбербанктай санариптик банкка трансформацияланат

«Евразия сактык банкты» Kaspi bank жана Сбербанктай санариптик банкка трансформацияланат

«Евразия сактык банкты» Kaspi bank жана Сбербанктай санариптик банкка трансформацияланат. Бул тууралуу банктын ишмердиги менен таанышып жатып минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров  жарыялады. Эскертсек, банкта болгон көчмө жыйында банк секторунда санариптештирүүнү өнүктүрүү санариптик экономикада негизги мааниге ээ экендиги айтылды. «Биздин рынокто азыркыга чейин чыныгы санариптик банк жок. Банктын Санариптик өнүктүрүү министрлигине

Түркияда жабыр тарткан жарандары үчүн эсеп 88.5 млн сомго толукталды

Түркияда жабыр тарткан жарандары үчүн эсеп 88.5 млн сомго толукталды

Түркияда зилзаладан жабыр тарткан жарандары үчүн ачылган атайын эсеп 88.5 млн сомго толукталды. 2023-жылдын 2-мартына саат 09.00го ыкчам маалыматты Финансы министрлиги билдирди. Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алышат. Банк: «Айыл Банк» ААК ИНН: 01803199710084 БИК: 135001

Азербайджандык AZAL авиакомпаниясы Баку-Бишкек авиарейсин ачканга кызыкдар

Азербайджандык AZAL авиакомпаниясы Баку-Бишкек авиарейсин ачканга кызыкдар

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Азербайжандын AZAL авиакомпаниясынын жетекчиси Жахангир Аскеров менен жолукту. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аба каттамдары жаатында эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Анда негизинен эки мамлекеттин борборлорунун ортосунда түз авиакаттамдарды жана аба аркылуу жүк ташууларын ачуунун келечеги

Кыргызстанда энергетиктердин акциздик ставкасы жылдын аягына чейин жогорулатылбайт

Кыргызстанда энергетиктердин акциздик ставкасы жылдын аягына чейин жогорулатылбайт

Министрлер кабинети 2023-жылдын сергитүүчү (энергетикалык) алкоголсуз суусундуктарга акциз салыгынын ставкасы он эсеге азайтылды. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Алсак, акциз салыгынын ставкасы 2023-жылдын 1-январынан 31- декабрына чейин 1 литр үчүн 20 сомдун ордуна 2 сомду түзөт. 2024-жылдын 1-январынан баштап бул сумма 30 сомдун ордуна 3 сом болот. Мындан тышкары, 2024-жылдын

Кыргызстан «Миграциядагы аял жүзү» эл аралык форумуна катышты

Кыргызстан «Миграциядагы аял жүзү» эл аралык форумуна катышты

Кыргыззстандыктар Екатеринбургда өткөн «Миграциядагы аял жүзү» эл аралык форумуна катышты. Бул тууралуу ТИК билдирди. Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 1-мартында Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун жана Свердлов облусунун өкмөтүнүн колдоосу менен эл аралык форуму өттү. Кезектеги форумдун алкагында ишкер аялдардын эл аралык кооперация маселелери жана миграцияга чейинки даярдыктары талкууланды. Ошол эле күнү кыргыз

Кытай элчилиги арыкылуу январь айында бир миңден ашык «айдоочулук виза» берилди

Кытай элчилиги арыкылуу январь айында бир миңден ашык «айдоочулук виза» берилди

Кыргыз тараптын өтүнүчү боюнча Кытай элчилиги бизнес жана айдоочулук визаларды берүүнү кайрадан баштады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Ошондой эле, кытай тарап менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жана Кытайдын КРдагы элчилигинин колдоосу менен 2023-жылдын январь айынан баштап «айдоочулук виза» алуу үчүн 8ден 60 адамга чейин көбөйтүлдү. Документтер жумасына 3

2023-жылы өкмөт туулгандыгы тууралуу, нике күбөлүктөрүн электрондук түргө өткөрөт

2023-жылы өкмөт туулгандыгы тууралуу, нике күбөлүктөрүн электрондук түргө өткөрөт

Санариптик өнүктүрүү министрлиги 2023-жылдын аягына чейин туулгандыгы тууралуу күбөлүк, нике күбөлүгү, жогорку окуу жайды бүткөндүгү жөнүндөгү дипломду электрондук түргө өткөрүүнү пландаштырып жатат. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди. Ошондой эле, министрликтин негизги иштеринини бири иштелип жаткан Санариптик кодексти аягына чыгаруу жана архивдик документтерди санариптештирүүнү каралган. Ошондой эле минкабдын төрагасы Акылбек

Өкмөт июлга чейин санариптик кодексин аягына чыгарууну талап кылууда

Өкмөт июлга чейин санариптик кодексин аягына чыгарууну талап кылууда

Министрлер кабинети Санариптик кодексти ушул жылдын июлуна чейин даярдап сунушун күтөт. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди. «Даярдалып жаткан Санариптик кодекс мыйзамдардагы бардык карама-каршылыктарды жоюп, санариптик экономикага жаңы дем берет деп күтөбүз. Бул кодекс тар чөйрөдөгү адистерге эле эмес, ар бир жаранга түшүнүктүү болушу керек экендигине көңүл буруу зарыл», – деди

Акылбек Жапаров баардык кызмат көрсөтүүлөрдө Face ID аркылуу идентификацияны киргизүүнү сунуштады

Акылбек Жапаров баардык кызмат көрсөтүүлөрдө Face ID аркылуу идентификацияны киргизүүнү сунуштады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баардык кызмат көрсөтүүлөрдө Face ID аркылуу идентификацияны киргизүүнүн зарылдыгын айтты. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдө эле эмес, банктарда, нотариустарда жана ооруканалардагы кызмат көрсөтүүдө жарандардын өздүгүн аныктоо үчүн биометрикалык идентификацияны (Face ID) киргизүү зарыл. Эске салсак, азыр Санариптик өнүктүрүү министрлигинин