акыркы жаңылыктар

Өткөн жылы калктын адам башына колдогу акчалай кирешелери 7.6 миң сомду түздү

Өткөн жылы калктын адам башына колдогу акчалай кирешелери 7.6 миң сомду түздү

Калктын адам башына эсептелген колдогу акчалай кирешелери 2022-жылдын январь-сентябрь айларында жалпы республика боюнча айына 7 миң 600 сомду түзүп, 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 17.3%га көбөйгөн. Бул тууралуу Улутстаткомдун маалыматында айтылат. 2022-жылдын январь-сентябрь айларында керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген калктын реалдуу акчалай кирешесинин көлөмү 409 млрд сомду

Кыргызстандын ИДПсы жакынкы эки жылда жылына 7%дан өсөт - ЕРӨБдүн божомолу

Экономика

Кыргызстандын ИДПсы жакынкы эки жылда жылына 7%дан өсөт - ЕРӨБдүн божомолу

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) 2023-2024-жылдарга карата өлкөлөрдүн экономикасынын өсүшү боюнча болжолун жаңылады. ЕРӨБ берген маалыматтарды жана корутундуларды карай турган болсок, Кыргызстандын экономикасы орто мөөнөттүү келечекте жогорку өсүш темптерин сактап кала алат. ЕРӨБ 2023-жылы Борбор Азиядагы өндүрүш 4.9% өсөт деп болжолдоодо. Ал эми 2024-жылы өндүрүштүн өсүшү 5.4%

Салык кызматында быйыл айып санкциялар колдонулбайт

Салык кызматында быйыл айып санкциялар колдонулбайт

ЭТТКны колдонууда ишкерлерде пайда болгон кыйынчылыктарды эске алуу менен Салык кызматында быйыл айып санкциялары колдонулбайт, бул системага жеңил өтүүгө мүмкүндүк берет. Мамлекеттик салык кызматы 17-февралда электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонуу маселеси боюнча бизнес өкүлдөрү менен чай үстүндө жолугушуу өткөрүп, ЭТТКны киргизүүгө байланыштуу көйгөйлөрдү талкуулашканын мекеменин маалымат кызматы билдирди. Талкуунун жүрүшүндө

«Айыл Банк» активдеринин өлчөмү боюнча да алдыга чыкты. Мурдагы лидер 5-орунга түштү. Рейтинг — 2022

«Айыл Банк» активдеринин өлчөмү боюнча да алдыга чыкты. Мурдагы лидер 5-орунга түштү. Рейтинг — 2022

Кыргызстандын коммерциялык банктары 2022-жылы рекорддук киреше алышты. Ошол эле маалда алардын активдери да өскөн, Economist банктардын жылдык отчетторун изилдеп чыгып, алар 36%га — 354 млрд сомдон 479.7 млрд сомго чейин өскөнүн аныктады. Акыркы бир жылда активдери боюнча банктардын рейтингинде лидер өзгөрдү — Айыл Банк активдерин 103%га, тагыраак айтканда, 39.

Иштамберди алтын кенинде кар көчкү түштү

Иштамберди алтын кенинде кар көчкү түштү

17-февраль күнү эртең менен жааган кардан улам Иштамберди алтын кенинин тоолуу аймагына кар көчкү түшкөн. Бул тууралуу Тоо-кен металлургия профсоюзунун Борбордук комитетинин төрагасы Эльдар Тажибаев билдирди. Кар көчкүнүн кесепетинен «Фулл Голд Майнинг» ишканасынын кызматкерлери жашаган жатакананын имараты жабыркаган. Жабырлануучулардын үчөө Ала-Бука аймактык ооруканасына жеткирилген. Белгиленгендей, алтын өндүрүүчү ишкананын 200гө жакын

Түркияга жардамга кыргызстандыктар дээрлик 45 млн сом чогултушту

Түркияга жардамга кыргызстандыктар дээрлик 45 млн сом чогултушту

Жер титирөөдөн жабыркаган Түркиянын жарандары үчүн ачылган атайын эсепке бүгүн, 17-февраль күнүнө карата 44 млн 702 миң сом жана 14.4 миң рубль чогулган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди. Белгилей кетсек, Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн КР Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Табигый кырсыктын кесепеттерин

Жарым млн калкы бар Ошто таза суу берүү дагы токтоду

Жарым млн калкы бар Ошто таза суу берүү дагы токтоду

Жааган жамгырдан улам Ак-Буура дарыясындагы суунун ылайланышы нормадан жогорулагандыгына байланыштуу Ош шаарынын Юго-Восток, ХБК, Туран кичи райондорунан жана Достук, Калинин массивтеринен башка аймактарына таза суу берүү убактылуу токтотулду. Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, “Ошшаарсууканал” муниципалдык ишканасы эртең менен саат 07:00дө сел түшкөн Озгур айылынын Кызыл-Кыштак тилкесинде тийиштүү иштерди жүргүзүүдө. “Ошто

Кыргызстандагы күрөөканалардын 39% гана уставдык капиталын 2 млн сомго жеткирди

Кыргызстандагы күрөөканалардын 39% гана уставдык капиталын 2 млн сомго жеткирди

2023-жылдын 1-январында киргизилген министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, уставдык капиталдын өлчөмүн 2 млн сомго чейин көбөйтүү талабын күрөөканалардын 39%ы гана аткарган. Бул тууралуу Мамлекеттик каржы көзөмөл кызматынын маалымат кызматы билдирди. Мекеменин маалыматы боюнча, быйыл жыл башында Кыргызстанда 417 күрөөкана катталган. Анын ичинен 164 ломбард гана уставдык капиталын 2 млн сомдук

ЭӨА Кыргызстандын энергетика секторуна 50 млн доллар бериши күтүлүүдө

Гранттар жана кредиттер

ЭӨА Кыргызстандын энергетика секторуна 50 млн доллар бериши күтүлүүдө

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (ЭӨА, Дүйнөлүк банктын тобунда) Кыргызстанга энергетика секторун өнүктүрүүгө 50 млн доллар бериши күтүлүүдө. Кечээ, 16-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек шаарында кол коюлган КР менен ЭӨАнын ортосундагы “Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды. “Электр

АӨБ Алматы - Бишкек каттамына электробустарды жүргүзүү долбоорун сунуштады

АӨБ Алматы - Бишкек каттамына электробустарды жүргүзүү долбоорун сунуштады

Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) Алматы менен Бишкектин ортосунда электроавтобустар жүргөн каттамды ачууну пландоодо. Бул долбоордун бет ачары 16-февралда Алматы – Бишкек экономикалык коридору боюнча эксперттик топтун жыйынында сунушталганын Экономика министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Сунуш транспорт инфраструктурасы, абанын сапаты жана табигый кырсыктар, саламаттыкты сактоо, туризм жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жаатындагы Алматы – Бишкек экономикалык

«Соода Болсун», «Анан-Банан» — Lucky Socks бренди Казакстандын рыногуна кирди

Бизнес

«Соода Болсун», «Анан-Банан» — Lucky Socks бренди Казакстандын рыногуна кирди

Байпак чыгарган Socks Master компаниясы Казакстанга продукциясын экспорттой баштады. Өндүрүштү кеңейтүүгө АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттигинин (USAID) 50 миң доллар өлчөмүндөгү гранты көмөк көрсөткөн. Бул тууралуу ишкананын пресс-турунда белгилүү болду. USAIDдин колдоосу менен Socks Master компаниясы заманбап жабдууларды алып, Кыргызстанда биринчилерден болуп термо- жана спорттук байпак өндүрүшүн ишке киргизди. Ишкана

«Санариптик көчмөн» программасы менен Кыргызстанга 1 миңден ашуун IT адистери жана бизнесмендер келди

«Санариптик көчмөн» программасы менен Кыргызстанга 1 миңден ашуун IT адистери жана бизнесмендер келди

Өткөн жылдын сентябрынан бери 1049 адам “Санариптик көчмөн” макамын алган. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова ведомствонун 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиясындагы баяндамасында билдирди. Анын айтымында, мындай статуска ээ болгон 22 адам Ишкерлерди тейлөө борборунда жеке ишкер катары каттоодон өткөн. Жалпысынан 2022-жылдын 29-сентябрынан 2023-жылдын 10-февралына чейин санариптик