акыркы жаңылыктар

Эми кыргызстандык өндүрүүчүлөр соода түйүндөрүнө 5%дан ашпаган ретробонус коюмун төлөйт

Эми кыргызстандык өндүрүүчүлөр соода түйүндөрүнө 5%дан ашпаган ретробонус коюмун төлөйт

Ички соода жөнүндө мыйзамга жаңы өзгөртүүлөр ата мекендик өндүрүүчүлөр менен соода түйүндөрүнүн ортосунда өз ара пайдалуу кызматташуу үчүн шарттарды түзөт. Бул тууралуу минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев агроөнөр жай комплексинин бизнес-ассоциацияларынын, соода түйүндөрүнүн, ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда билдирди. Жолугушууда Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленген ички

Биз чийки зат эмес, даяр продукция сатышыбыз керек – айыл чарбачылар Россия менен кызматташуунун келечеги тууралуу

Биз чийки зат эмес, даяр продукция сатышыбыз керек – айыл чарбачылар Россия менен кызматташуунун келечеги тууралуу

«Кыргызцентрпродукт» ЖЧКсынын башкы директору Манас Белошаров белгилегендей, Кыргызстан агроөнөр жай комплексинин артыкчылыктарын натыйжалуу пайдалануусу зарыл. Бул тууралуу ал Эл аралык көп тармактуу бизнес миссиясынын жүрүшүндө билдирди. Анын айтымында, өлкөдө миллиондогон тонна буудай өстүрүүгө жер жетишсиз. Бирок жаратылыш-климаттык шартыбызда суроо-талапка ээ болгон башка продукциялардын кеңири ассортиментин чыгарууга болот. «Биз кайра иштетүүгө

«Альянс Алтын» бюджетке 6.7 млрд сом салык төлөдү

«Альянс Алтын» бюджетке 6.7 млрд сом салык төлөдү

Июнь айына карата Жерүй кенин иштетип жаткан «Альянс Алтын» компаниясы республикалык жана жергиликтүү бюджетке 6.7 млрд сом салык төлөсө, анын ичинен 4.2 млрд сому алтынды сатуудан түшкөн каражаттан берилген. Бул тууралуу компаниянын каржылык отчетунда айтылат. Талас районунун жергиликтүү бюджетине инфраструктураны өнүктүрүү жана кармоо үчүн «Альянс Алтын» ЖЧКсы тарабынан

«Инфокомдун» ишинен түшкөн таза киреше 122 млн сомду түздү

«Инфокомдун» ишинен түшкөн таза киреше 122 млн сомду түздү

Бүгүнкү күндө өлкөдө 34 жаңы форматтагы калкты тейлөө борборлору (КТБ) иштеп жатат, анын ичинен Бишкек шаарында 3 кичи КТБ иштейт. Мындай маалыматты санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов Транспорт, коммуникациялар жана архитектура боюнча комитетинин көчмө жыйынында билдирди. Анын айтымында, 2021-жылы «Инфоком» ЖЧКсынын ишмердүүлүгүнөн түшкөн таза киреше 122 млн сомду, 2020-жылы 72

Согуштун алгачкы эки айында Европа Россиядан 44 млрд доллардык отун сатып алган – Арнольд Шварценеггер

Согуштун алгачкы эки айында Европа Россиядан 44 млрд доллардык отун сатып алган – Арнольд Шварценеггер

Арнольд Шварценеггер Austrian World Summit климаттык саммитинде Европа өлкөлөрүн россиялык энергия алып жүрүүчүлөрдү (отундун бардык түрлөрү) сатып алуудан баш тартууга чакырды. Ал муну Россиянын согуш аракеттерин каржылоого барабар деп айтты. Бул тууралуу meduza билдирди. Арнольд Шварценеггер – Австрияда туулган америкалык актёр жана Калифорния штатынын мурунку губернатору – Вена шаарында өткөн Austrian World

Appboxо аталган кыргызстандык стартап Борбор Азия боюнча эң мыкты деп табылды

Appboxо аталган кыргызстандык стартап Борбор Азия боюнча эң мыкты деп табылды

Appboxо аталган кыргызстандык стартап Казакстанда өткөн биринчи Борбор Азиялык венчурдук форумда (CAVF) “Борбор Азиядагы эң мыкты стартап” сыйлыгын алды. Иш-чарада тажрыйбалуу венчурдук инвесторлор жана инвестицияларды издеген, рынокко жаңыдан чыккан стартапчылар чогулду. Аccelerate Prosperity Кыргызстан жана Accelerate Prosperity Таджикистан форумда АР глобалдык кеңсесинин атынан катышып, CAVF форумунун расмий өнөктөшү болушту. Форумдун

Кыргызстан Россияга 134 млн доллардык айыл чарба продукциясын экспорттогон

Кыргызстан Россияга 134 млн доллардык айыл чарба продукциясын экспорттогон

2021-жылы Кыргызстан Россияга 134 млн доллардык айыл чарба продукциясын (мөмө-жемиш, жашылча, сүт азыктары жана балык) экспорттогон. Бул тууралуу Эл аралык көп тармактуу бизнес миссиясынын алкагында Айыл чарба министрлигинин кластердик өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Уран Чекирбаев билдирди. Ал Россия Кыргызстандын негизги соода өнөктөшү экенин баса белгиледи. Россия өлкөбүзгө импорттогон айыл чарба продукциясынын

«Электр станцияларынын» 100 млн доллардык карызын кечүү каралып жатат

«Электр станцияларынын» 100 млн доллардык карызын кечүү каралып жатат

Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитеттин депутаттары 14-июндагы жыйынында «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун карызын кечүү боюнча мыйзам долбоорун карап чыгып, колдошту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди. Камбар-Ата ГЭС-2нин курулушуна 2009-жылы Россия өкмөтү тарабынан Кыргызстан өкмөтүнө берилген кредиттин каражаттарынан 100 млн доллар өлчөмүндө

Май айында инфляциянын эң жогорку деңгээли Казакстанда белгиленди

Май айында инфляциянын эң жогорку деңгээли Казакстанда белгиленди

2022-жылдын май айында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында инфляциянын эң жогорку деңгээли Казакстанда белгиленди. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди. Статистикалык кызматтардын маалыматы боюнча, 2022-жылдын май айында өткөн айга салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү ЕАЭБдин бардык мүчө-өлкөлөрүндө байкалып, эң көп өсүш (1.4%) Казакстанда катталган. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин керектөө секторунда инфляциянын

PayBox.money ребрендинг жөнүндө жарыялайт

PayBox.money ребрендинг жөнүндө жарыялайт

Онлайн-бизнести төлөм технологиялары менен камсыз кылган PayBox.money аталышын жана логотибин Freedom Pay деген атка алмаштырат. Жаңы товардык белги компаниянын Freedom Holding Corp. менен байланышын баса белгилейт жана бирдиктүү «чатыр» бренди алдында Холдинг куруп жаткан финансылык экосистеманын маанилүү курамдык бөлүктөрүнүн бири катары анын өнүгүү стратегиясын чагылдырат. Ребрендинг процессине болжол менен

Кыргызстанда бардык инвестициянын дээрлик 40%ы тоо-кен тармагына жумшалат

Кыргызстанда бардык инвестициянын дээрлик 40%ы тоо-кен тармагына жумшалат

Кыргызстанда инвестициянын негизги көлөмү тоо-кен тармагына туура келет жана 40%га жакын бөлүгүн түзөт. Бул тууралуу Улуттук инвестициялык агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов Эл аралык көп тармактуу бизнес миссиясынын жүрүшүндө билдирди. Ошондой эле, анын айтымында, соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө инвестициялардын агымы өсүүдө. Инвестициялардын 30-40%ы кайра иштетүү тармагына

Кыргызстанда IT тармагында иштегендердин 11%ы гана аялдар – Сырга Тилекова

Кыргызстанда IT тармагында иштегендердин 11%ы гана аялдар – Сырга Тилекова

Бүгүнкү күндө IT тармагында аялдардын саны болгону 11%ды түзөт. Бул тууралуу санариптик маркетолог жана NBFit долбоорунун негиздөөчүлөрүнүн бири Сырга Тилекова Programmer Ayimdar II долбоорунун аякташында билдирди. Ал санариптик технологиялар келечекте көйгөйлөрүбүздү чечүүчү негизги куралга айланарын, ошондуктан кыздар бул тармакка көбүрөөк катышышы керек экендигин белгиледи. «Биз 2022-жылы жашап жатканыбызга, азыр