«Ысык-Көл» мейманканасынын карызын жабууга 42.5 млн сом бөлүнгөн
Жакында эле бузулган «Ысык-Көл» мейманканасынын карызын жабууга 42.5 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев өзүнүн Telegram-каналында билдирди. Белгиленгендей, бул каражат мейманкананын коммуналдык кызматтарга, соцфондго жана салык карыздарын жабууга жумшалат. «Мага маалым болгондой, мейманкананын бүтпөй калган демонтажына 9 млн сом сарпталган. Белгисиз инвестордун эсебинен мейманкананын ордуна мамлекеттик органдар