
Гранттар жана кредиттер
Баткенде Суу-Башы каналы пайдаланууга берилди – долбоордун баасы 14.6 млн сомду түздү
Баткен районунун Кара-Булак айылындагы Суу-Башы каналынын курулушу аяктап пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Аталган канал 1964-жылы курулуп, эскилиги жеткендиктен суу 50 % га чейин жоготууга учурап, натыйжада айылда суу таңкыстыгы жаралган. Бул көйгөйдү чечүү үчүн үстүбүздөгү жылдын башында эл менен жергиликтүү бийликтин