Бийлик

Электр энергиясын импорттоону кескин кыскартуубуз керек - президент

Бийлик

Электр энергиясын импорттоону кескин кыскартуубуз керек - президент

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында кечээ, 28-декабрда, өлкөнүн министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны өттү. Жыйында кириш сөз сүйлөгөн президент гидро потенциалга ээ болуп турганда, электр энергиясын импорттоону кескин түрдө кыскартуу керектигин билдирди. “Жараткан тартуулаган суу ресурстарын туура пайдаланып, электр кубатын өндүрүүнү жогорулатып, элибизди арзан электроэнергиясы менен камсыз кылууга милдеттүүбүз. Кыргыз энергетикасынын

Отчеттук жыйында «эң жакшы» деген баага Экономика жана Финансы министрликтери татыган жок

Бийлик

Отчеттук жыйында «эң жакшы» деген баага Экономика жана Финансы министрликтери татыган жок

Кечээ, 28-декабрда өткөн министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров министрликтердин жана ведомстволордун ишинине мониторингдин жана натыйжалуулугуна баа берүүнүн жыйынтыгын чыгарды.  Жапаров өлкөнүн башкы документи болгон – Улуттук программага сапаттуу жана толук ишке ашыруу үчүн министрликтердин жана ведомстволордун ишинин натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүүнүн жана баа берүүнүн так жана жөнөкөй системасы киргизилгендигин

Нарын, Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл облустарынын ИИБне жаңы жетекчилер дайындалды

Бийлик

Нарын, Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл облустарынын ИИБне жаңы жетекчилер дайындалды

Бүгүн, 28-декабрда Ички иштер министри Улан Ниязбеков онлайн кеңешме өткөрүп, Нарын, Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл облустарынын ички иштер башкармалыктарына дайындалган жаңы жетекчилерди өздүк курамга тааныштырды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди. Алар: • Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги кызматына милициянын полковниги Канат Жумагазиев дайындалды. Мурда ал Ысык-Көл ОИИБдин начальниги кызматын ээлеп

Милиционерлер көмүскө экономиканы ачыкка чыгарууга жардам бериш керек - Акылбек Жапаров

Бийлик

Милиционерлер көмүскө экономиканы ачыкка чыгарууга жардам бериш керек - Акылбек Жапаров

Бүгүн, 27-декабрда Бишкектеги эски аянтта коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого тартылган ички иштер органдарынын гарнизондук саптык кароосу өттү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, министрдин орун басарлары, ИИМдин кызматтарынын, башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери, ички иштер органдарынын ардагерлери,

Садыр Жапаров Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычы жана Өзбекстан менен чек ара боюнча келишимдерге кол койду

Бийлик

Садыр Жапаров Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычы жана Өзбекстан менен чек ара боюнча келишимдерге кол койду

29-ноябрда Кыргызстандын президенти Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычы жана Өзбекстан менен чек ара боюнча келишимдерге кол койду. Өзбекстандын Анжиян деп аталган Кемпир-Абад суу сактагычы жөнүндө “КР министрлер кабинети менен Өзбекстан өкмөтүнүн ортосундагы Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө 2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга

Садыр Жапаров коррупцияны азайта албаганын мойнуна алды

Бийлик

Садыр Жапаров коррупцияны азайта албаганын мойнуна алды

“Мен өлкөгө жетекчи болуп келгенден бери коррупция менен күрөшүүнү башкы милдет кылгам, бирок коррупциянын тамыры кеңири жайылып, коомду бул илдеттен толук арылтуу азырынча мүмкүн болбой жатканын моюнга алышыбыз керек”. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда, өтүп жаткан биринчи элдик курултайда президент Садыр Жапаров билдирди. «Коррупция азайбай жатат. Бул илдет эки баштуу ажыдаарга

Депутат өз үй-бүлөсүн да, Ташиевдердин үй-бүлөсүн да текшерүүнү сунуштады

Бийлик

Депутат өз үй-бүлөсүн да, Ташиевдердин үй-бүлөсүн да текшерүүнү сунуштады

Бүгүн, 24-ноябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева өзүнүн үй-бүлөсүн жана Ташиевдердин үй-бүлөсүн текшерип, салыштырып көрүүнү сунуштады. Буга чейин ал УКМКнын кызматкерлери тарабынан кысым жана коркутуп-үркүтүүлөр болуп, туугандарынын бизнесин тартып алабыз деп коркутканын айткан. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев “Кудайберген” базарына ээлик кылган Сурабалдиеванын үй-бүлөсү мамлекетке 70

Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевди шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Бийлик

Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевди шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров казак кесиптеши Касым-Жомарт Токаевди шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Мамлекет башчылары бүгүн, 21-сентябрда, телефон аркылуу баарлашканын өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди. Жапаров бул шайлоонун жыйынтыктары Токаевдин жаңы мамлекетти курууну, экономиканы өстүрүүнү жана казак элинин бакубаттуулугун жогорулатууну көздөгөн саясий багытын эл колдоорун тастыктаганын белгиледи. Ал ошондой эле Казакстандын

Кыргызстандагы жолдордун сапаты дагы эле дүйнөлүк орточо деңгээлден төмөн - 113-орунда турат

Бийлик

Кыргызстандагы жолдордун сапаты дагы эле дүйнөлүк орточо деңгээлден төмөн - 113-орунда турат

КР Транспорт министрлиги (Quality of roads) Global Competitiveness Report глобалдык изилдөөсүндө өлчөнгөн көрсөткүчтөргө ылайык, жолдордун сапаты боюнча Кыргызстан 113-орунду ээлегенин айтат. Жалпысынан тизмеге 138 өлкө киргизилген. Ал эми Кыргызстан 2016-жылы 131-орунду ээлеп турган, бирок 2019-жылга карата акыркы маалыматтар боюнча 113-орунду ээлеген. Министрлик бул өлкө басып өткөн узак жол жана бул

Өзбекстан менен Кыргызстандын Тышкы иштер министрлери Кемпир-Абад боюнча келишимге кол коюшту

Бийлик

Өзбекстан менен Кыргызстандын Тышкы иштер министрлери Кемпир-Абад боюнча келишимге кол коюшту

Бүгүн, 3-ноябрда КР Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу боюнча Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министри Владимир Норов КРга расмий иш сапары менен келди. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди. ТИМдин берген маалыматына ылайык, жолугушууда тараптар КР менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимге кол коюшкан. “КРнын

Бир дагы жакын тууганым «Кумтөр» менен иш кылбайт - Садыр Жапаров

Бийлик

Бир дагы жакын тууганым «Кумтөр» менен иш кылбайт - Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине “Кумтөрдүн” айланасындагы акыркы окуяларга байланыштуу маек курду. Президент “Кумтөрдүн” ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлгөнү тууралуу оюн айтты. “Айрым ою бузук жарандар, бир депутатыбыз шек санап, “Жапаровдор алтын уурдап жатат, 19 тонна алтын жоголуптур”, – деп жалаа жабууга аракеттерди кыла башташканда өзүм демилге көтөрүп, “депутаттардан

Президент менен жолугушуу, холдинг түзүү, күмбөз жана музейге сапар – Садыр Жапаровдун БАЭге болгон иш сапарынын жыйынтыгы

Бийлик

Президент менен жолугушуу, холдинг түзүү, күмбөз жана музейге сапар – Садыр Жапаровдун БАЭге болгон иш сапарынын жыйынтыгы

Президент Садыр Жапаровдун Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) 30-октябрдан 1-ноябрга чейин созулган жумушчу сапары аяктады. Кечээ өлкө башчысы Бишкекке кайтып келгенин президенттин маалымат кызматы билдирди. Сапардын алкагында Жапаров БАЭ президенти шейх Мохаммед бин Заид Аль Нахайян менен жолугушуп, соода-экономикалык, билим берүү, гуманитардык, инвестициялык жана башка тармактарда кызматташуунун келечегин жана аны өнүктүрүүнү