Коом
Жалал-Абадда бак-дарактарды суугаруу үчүн 3 скважина пайдаланууга берилди
Жалал-Абад шаарындагы Токтогул, Жеңиш эс алуу паркына жана Балтагулов көчөсүнө техникалык суу чыгаруучу скважина курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаардык мэриясынын маалымат борбору билдирди. Маалыматка ылайык, жогорудагы үч скважина Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен ишке киргизилди. Алдыда республикалык бюджеттен Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд сом акча каражатынын эсебинен