Коом
Жумгалдыктар «Росатом» уран калдыктарын рекультивациялоо иштеринин деңгээлине нааразы
Нарын облусунун, Жумгал районунун активисттери россиялык «Росатом» тарабынан уран калдыктары герметикалык унаалар менен эмес ачык ташылып, талаптар жана нормалар сакталбай жатканын айтышты. Маселе Жогорку Кеңеште «Росатомдун» өкүлдөрүнүн, Жумгал районунун тургундарынын катышуусунда жыйынында көтөрүлгөн. Такталгандай, жыйында Миң-Куштагы уран калдыктарын рекультивациялоо маселеси талкууланды. Жергиликтүүлөр уран калдыктары герметикалык унаалар менен эмес ачык