Кыргызстанда миң адамга 158 жеңил унаа туура келет — Улутстатком
2023-жылдын башында республикада жеке менчик ээлигинде бир миллиондон ашык жеңил авто унаалар болгон, алардын саны 2021-жылга салыштырмалуу 4%га көбөйгөн. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет берди.
Статистикага ылайык, республиканын туруктуу калкынын миңине алганда 158 жеңил автоунаа туура келген. Жеңил автоунаалардын эң чоң үлүшү Бишкек шаарынын (миң адамга 277 автоунаа), Чүй облусунун (238 автоунаа) жана Ош шаарынын (207 автоунаа) жеке ээлерине туура келген.
Ошондой эле комитет өлкөдө жүк ташуу боюнча дагы маалымат берип, 2022-жылы автоунаа транспорту менен 36 млн тонна жүк ташылганын да билдирди.
- Автоунаа транспорту менен жүк ташуулардын олуттуу бөлүгү (70%га жакын) жеке ишкерлер (жеке жактар) тарабынан жүргүзүлөт.
- 2022-жылы жүктөрдү ташуунун эң чоң көлөмү Талас, Чүй облустарынын, ошондой эле Бишкек шаарынын чарбалык субъекттеринин транспортуна туура келген.
2022-жылда аймактар боюнча автоунаа транспорту менен жүк ташуулар
(жыйынтыкка карата пайыз менен)
Жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча айтсак, алардын негизги көлөмү да (90 пайыздан ашыгы) автоунаа транспортуна (автобустар жана таксилерге) туура келет. Жүргүнчүлөрдүн эң көп саны Бишкек, Ош шаарларынын, ошондой эле Чүй жана Ысык-Көл облустарынын чарбалык субъекттери тарабынан ташылган.
2022-жылда аймактар боюнча автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу
(жыйынтыкка карата пайыз менен)