Кыргызстанда миң адамга 158 жеңил унаа туура келет — Улутстатком

Кыргызстанда миң адамга 158 жеңил унаа туура келет — Улутстатком

2023-жылдын башында республикада жеке менчик ээлигинде бир миллиондон ашык жеңил авто унаалар болгон, алардын саны 2021-жылга салыштырмалуу 4%га көбөйгөн. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет берди.

Статистикага ылайык, республиканын туруктуу калкынын миңине алганда 158 жеңил автоунаа туура келген. Жеңил автоунаалардын эң чоң үлүшү Бишкек шаарынын (миң адамга 277 автоунаа), Чүй облусунун (238 автоунаа) жана Ош шаарынын (207 автоунаа) жеке ээлерине туура келген.

Ошондой эле комитет өлкөдө жүк ташуу боюнча дагы маалымат берип, 2022-жылы автоунаа транспорту менен 36 млн тонна жүк ташылганын да билдирди.

  • Автоунаа транспорту менен жүк ташуулардын олуттуу бөлүгү (70%га жакын)  жеке ишкерлер (жеке жактар) тарабынан жүргүзүлөт.
  • 2022-жылы жүктөрдү ташуунун эң чоң көлөмү Талас, Чүй облустарынын, ошондой эле Бишкек шаарынын чарбалык субъекттеринин транспортуна туура келген. 

2022-жылда аймактар боюнча автоунаа транспорту менен жүк ташуулар
(жыйынтыкка карата пайыз менен)

Жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча айтсак, алардын негизги көлөмү да (90 пайыздан ашыгы) автоунаа транспортуна (автобустар жана таксилерге) туура келет. Жүргүнчүлөрдүн эң көп саны Бишкек, Ош шаарларынын, ошондой эле Чүй жана Ысык-Көл облустарынын чарбалык субъекттери тарабынан ташылган.

2022-жылда аймактар боюнча автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу
(жыйынтыкка карата пайыз менен)

Мындан тышкары окуңуз

Евразия аймагындагы өз ара инвестиция  48,4 млрд долларга жетти

Евразия аймагындагы өз ара инвестиция 48,4 млрд долларга жетти

Евразия аймагында инвестициялык активдүүлүк дүйнө жүзүндөгү түз чет элдик инвестициялардын (ТЧИ) жалпы төмөндөшүнө карабастан өcүп жатканы ЕАӨБдүн "Өз ара инвестицияларды мониторинг кылуу" аттуу отчетунда айтылат. 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын аягында аймактагы өлкөлөрдүн ортосундагы топтолгон ТЧИ көлөмү рекорддук 48,4 млрд долларга жетти. Өсүштүн негизги кыймылдаткычы — жеке бизнес. Негизги

Оштогу "Келечек" базарын ишке киргизүү мартка жылдырылды

Оштогу "Келечек" базарын ишке киргизүү мартка жылдырылды

Ош шаарындагы "Келечек" базарына соодагерлерди көчүрүү 1-мартка жылдырылганын мэр Жеңишбек Токторбаевдин таңкы рейддик кыдыруусу учурунда билдирди. Муниципалитеттен билдиришкендей, базарды көчүрүү кыштын ызгаарында соодагерлерди кыйнабоо максатында жылдырылган. Ошондой эле мэр Ош базары, Жибек-Жолу, Келечек жана таттуулар базарындагы курулуш иштерин жеринен көрүп, кемчиликтерди тез арада чечүү тапшырмасын берди. Мындан тышкары,

Түрк мамлекеттер уюмунун энергетика министрлери  негизги долбоорлорду аташты

Түрк мамлекеттер уюмунун энергетика министрлери негизги долбоорлорду аташты

Стамбулда өткөн жолугушууда Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) энергетика министрлери кызматташтыкты кеңейтүү үчүн бир катар маанилүү долбоорлорду белгилешкенин уюмдун басма сөз кызматы маалымдады. Анда негизги долбоорлор катары төмөнкүлөр көрсөтүлдү: * нефть жана газ куурлары (Баку — Тбилиси — Жейхан, Түштүк-Кавказ кууру, TANAP, TAP, Ыгдыр — Нахичеван газ кууру); * Азербайжан, Казакстан жана Өзбекстандын “жашыл” энергияны өнүктүрүү

Нарын, Ысык-Көл облустарында саркынды сууларын тазалоо имараттары жаңыртылып жатат

Нарын, Ысык-Көл облустарында саркынды сууларын тазалоо имараттары жаңыртылып жатат

Ведомстволор аралык жумушчу топ Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы муниципалдык тазалоо имараттарынын ишине текшерүү жүргүздү. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Нарын шаарындагы 70–80-жылдары курулган муниципалдык тазалоо имараттары авариялык абалда турат. Ошого байланыштуу, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан "Нарын