Декабрь айында дыйкандар 4 млрд сомго айыл чарба техникасын лизингге алышты

Декабрь айында дыйкандар 4 млрд сомго айыл чарба техникасын лизингге алышты

2023-жылдын декабрь айында Кыргызстандын дыйкандары жеңилдетилген насыянын шартында 4.3 млрд сомго 1155 айыл чарба техникасын алышкан. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган демилге айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн машина-трактордук паркын толуктоо, жаңылоо жана айыл чарба техникалары менен камсыздоого багытталган. 

Долбоордун аткаруучу оператору "Айыл банк" техника жана жабдуулардын бардык түрлөрүн  жылдык үстөгү 6-9% менен 7 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө жеңилдетилген шартта лизингге берет.

Берилген маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө чейин дыйкандар 13.7 млрд сомго 6617 техниканы лизинг жолу аркылуу алышкан.

 

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Улуттук банк FinConference 2026 конференциясына катышты

Дайджест: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

Ишкерлердин бир катар категориясы фискалдык программалык камсыздоого милдеттендирилет

Улуттук банк гросстук эсептешүү системасына кошуу шарттарын тактоону сунуштайт

Жайылда таштанды үчүн компанияга 17 миң сом айып салынды