Автоунаалар үчүн электрондук паспорт системасы талкууланууда
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев транспорт каражаттарына электрондук паспортторду киргизүү маселесин талкуулаган кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Кеңешмеде Президенттин Иш башкармалыгына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин IT-блогу боюнча директорунун орун басары Айдиев Нурлан долбоордун максаттары, транспорт ээлери жана мамлекеттик органдар үчүн күтүлгөн артыкчылыктар, аныкталган көйгөйлөр жана чакырыктар, ошондой эле аны ишке ашыруунун негизги этаптары жөнүндө маалымат берди.
Кеңешменин жүрүшүндө Евразия экономикалык союзунун талаптарына шайкеш болуу, ченемдик укуктук базаны түзүү жана электрондук паспортторду башкарчу маалыматтык система иштелип чыгышы керектиги белгиленди.
Жаңы система экспорттолуучу жана реэкспорттолуучу унааларга электрондук паспорт алуу мүмкүнчүлүгүн камсыздайт. Пилоттук долбоорлор аркылуу технологиялар сыноо жолу менен киргизилип, жумуш процессин оптималдаштыруу каралууда. Акырында, башкы тапшырмалар тиешелүү мамлекеттик органдарга жүктөлдү.