2025-жылы Кыргызстанда жалпы 1200 километрден ашык жолго асфальт төшөлдү

2025-жылы Кыргызстанда жалпы 1200 километрден ашык жолго асфальт төшөлдү

Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев транспорт жана жол чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап жатып Кыргызстанда жыл башынан бери 1200дөн ашык чакырым жол асфальтталганын билдирди. 

 Министрдин айтымында, акыркы жылдарда жол тармагынын өнүгүүсүнө жакшы шарттар түзүлүп, Барскоон - Бедел, Балыкчы - Бөкөнбаев - Каракол, Ала-Бука - Жаңы-Базар - Кировка, Нарын - Баетов унаа жолдору мамлекеттин эсебинен курулуп жатат. 

“Ошондой эле Бишкек шаарынын айланасындагы жолдорду кеңейтүүнүн алкагында Бишкек - Кант, Бишкек - Күн-Туу - Шопоков, Лебединовка - ГЭС 5 жана Бишкектин - Түндүк айланма жолдору курулуп жатат.  Жол тыгынын алдын алуу жана айдоочуларга ыңгайлуу шарт түзүү максатында министрлик быйыл шаарды айланып өтүүчү 6 тилкелүү магистралды куруу иштерине активдүү киришкен.  

Мындан сырткары, Түндүк – Түштүк альтернативдүү автожолундагы 5 кошумча курулманы куруу уланып,  жарактан чыккан Өзгөн - Мырза-Аке - Кара-Кулжа жолунун 33 чакырымы капиталдык оңдоодон өткөн. 

Көп жылдан бери көтөрүлүп, бирок бир катар себептерден улам кийинкиге жылдырылып келген Ош - Баткен - Раззаков жолу жасалды. Туруктуу туризмдин өнүгүшүнө, аймактык каттамдарды жакшыртууга түрткү берген Түп-Кеген жолу ачылды. Чолпон-Ата шаарынын борбордук көчөсү кыска мөөнөттө жаңыланып, пайдаланууга берилди", - деди министр.

Мындан тышкары окуңуз

Дональд Трамп Кытай импортуна 20%дык бажы төлөмүн киргизерин билдирди

Дональд Трамп Кытай импортуна 20%дык бажы төлөмүн киргизерин билдирди

АКШ президенти Дональд Трамп Кытайдан импорттолгон товарларга 20%дык бажы төлөмүн киргизерин жарыялады. Ал бул чечимди фентанилдин жайылышына каршы күрөшүү чаралары менен негиздегени тууралуу  Scan X басылмасы маалымдады. Фентанил — синтетикалык опиоид болуп, анын жайылышы АКШ коомчулугунда олуттуу тынчсызданууну жаратууда. Бул демилге Вашингтондун Пекин менен болгон соода мамилесине болгон мамилесинде маанилүү

Чет өлкөгө ишке орноштуруучу мыйзамдуу агенттиктердин тизмеси жаңыланды

Чет өлкөгө ишке орноштуруучу мыйзамдуу агенттиктердин тизмеси жаңыланды

Кыргызстанда жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу боюнча мыйзамдуу агенттиктердин тизмеси жаңыртылганын Чет өлкөгө ишке орноштуруу борбору маалымдады. Тиешелүү чечимди ведомстволор аралык комиссия кабыл алган. Комиссия Түркия, Германия, Болгария, Словакия жана Перс булуңундагы өлкөлөрдө иштөө үчүн уруксат берүү, узартуу жана жокко чыгаруу боюнча арыздарды карады. Жалпысынан 28 компания боюнча чечим чыгарылып,

Кыргызстанда 2025-жылы темир жол жүргүнчүлөрү 60%га көбөйгөн

Кыргызстанда 2025-жылы темир жол жүргүнчүлөрү 60%га көбөйгөн

Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы мамлекеттик ишканасынан билдиришти. 2025-жылы жүргүнчүлөр агымы дээрлик 60%га, ал эми жүргүнчү жүгүртүүсү 70%дан ашыкка өстү. Жалпы 432,5 миң жүргүнчү ташылган. Салыштыруу үчүн айтсак, 2024-жылы бул көрсөткүч 271,6 миң адамды түзгөн. Негизги өсүш ички каттамдардын эсебинен камсыздалды. 2024-жылы

"Ориентал" кафесинин жанындагы курулуш демонтаждалат

"Ориентал" кафесинин жанындагы курулуш демонтаждалат

Жер пайдалануу жана көзөмөлдөө башкармалыгы (ЖПКБ) Бишкектеги "Ориентал" кафесинин жанындагы курулушун демонтаждаларын билдирди. Кафе жеке менчик жер тилкесинде жайгашкан жана мамлекеттик акт боюнча С.Каралаев көчөсү, 45 дарегинде катталган. ЖПКБнын маалыматына ылайык, кафенин чыгыш тарабында жеке менчиктен тышкары, муниципалдык жерге уруксат документтери жок курулуш жүргүзүлүп, Аламүдүн дарыясынын үстүнө