Унаа токтотмолорундагы төлөмдөр QR-код аркылуу төлөнүп баштайт

Унаа токтотмолорундагы төлөмдөр QR-код аркылуу төлөнүп баштайт

Бишкектеги унаа токтотуучу жайларда төлөм жүргүзүүнүн заманбап, накталай эмес ыкмасы киргизилгенин мэрия кабарлады. Муниципалитеттен билдиришкендей, эми унаа токтотмолордо төлөмдөрдү QR-код аркылуу жүргүзүүгө болот жана мындай инновациялык кадам менен унаа токтотуучу жайлардагы кызматкерлерге накталай акча берүү токтотулат. 

QR-код аркылуу төлөм жүргүзүү тартиби

  • Унааны токтоткондон кийин телефонуңуздун камерасын алдыңыздагы QR-кодго багыттаңыз.
  • QR-кодду скандагандан кийин GDTI.KG сайтына өтөсүз.
  • Сайттагы тиешелүү бөлүмгө унааңыздын мамлекеттик номерин киргизиңиз.
  • Сунушталган банк карталарынын бирин тандап, 25 сом төлөп, төлөмдү аяктаңыз.

Төлөмдү унааңызды токтоткондон кийин же унаа токтотмо жайдан чыгып бара жатканда жүргүзсөңүз болот.

Айып пулдар жана жеңилдиктер

  • Эгер айдоочу унаасын токтоткондугу үчүн төлөм жүргүзбөсө, жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом айып пул каралган.
  • Жекшемби күндөрү жана майрам күндөрү унаа токтотуу акысыз.

Учурда QR-код системасы төмөнкү көчөлөрдүн аралыктарында иштеп жатат:

  • Орозбеков көчөсү (Токтогул көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейин);
  • Турусбеков көчөсү (Москва көчөсүнөн Жибек жолу проспектисине чейин);
  • Безымянная жана Тоголок Молдо көчөлөрү.

Мындан тышкары окуңуз

Адылбек Касымалиев: 2030-жылга чейин 385 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ачуу пландалууда

Адылбек Касымалиев: 2030-жылга чейин 385 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ачуу пландалууда

Өкмөт 2030-жылга чейин айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнүн көлөмүн 25%га жеткирүүнү жана жүздөгөн жаңы ишканаларды ишке киргизүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев "Агродиалог" форумунда билдирди. Касымалиевдин маалыматына ылайык, учурда кайра иштетүүнүн үлүшү 7%ды гана түзөт. Бул көрсөткүчтү жогорулатуу үчүн 2030-жылга чейин 385 жаңы

Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө пландалууда

Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө пландалууда

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы айылдарды байланыштырган маанилүү жолдордун бири болгон Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырым аралыгына асфальт төшөө иштери пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолдун жалпы узундугу 15 чакырымды түзөт. Учурда 6–9-чакырым аралыгында жер жумуштары жүргүзүлүп, жол кеңейтүү жана өсүмдүк катмарын алуу

“Ак-Босого” конушунда суу берүү убактылуу токтотулат

“Ак-Босого” конушунда суу берүү убактылуу токтотулат

24-февралда саат 09:00дөн 18:00гө чейин Бишкектин “Ак-Босого” конушунда ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелерине, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилерине тиешелүү. Муниципалитеттен билдиришкендей, суу берүү “Ак-Босого-1” суу топтомосунда жүргүзүлө турган оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.

2030-жылга чейин айыл чарба өндүрүшү 30%га көбөйтүлөт

2030-жылга чейин айыл чарба өндүрүшү 30%га көбөйтүлөт

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев "Агродиалог" форумунда сүйлөп жатып, айыл чарба тармагында өндүрүш жана экспорт көрсөткүчтөрү өскөнүн билдирди. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Анын айтымында, өткөн жылы айыл чарба продукциясынын жалпы көлөмү 459,7 млрд сомду түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 62,9 млрд сомго көбөйгөн. Өсүү темпи