Кыргызстан Борбор Азиядагы транспорттук коридорлорду күчөтүүгө салым кошот

Кыргызстан Борбор Азиядагы транспорттук коридорлорду күчөтүүгө салым кошот

Кечээ, 12-ноябрда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Ташкентте өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн транспорт министрлеринин жыйынында катышып, аймактык транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү жана мультимодалдык коридорлорду түзүү боюнча демилгелерди талкуулады. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Министр кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрүү пункттарындагы жүк ташуунун көбөйгөндүгүн белгилеп, "Бедел" ашуусундагы үчүнчү транспорттук коридордун курулушу 2027-жылы бүтөрүн, анын ишке кириши менен транзит убактысынын 12 саатка кыскарарын маалымдады.

Сыргабаев ошондой эле электрондук уруксат бланктарын алмашуу системасын (E-Permit) ишке киргизүү жана Борбор Азия өлкөлөрүндө бирдиктүү санариптик мейкиндик түзүү сунушун билдирди.

Жыйынтыгында министр Кыргызстан бул тармактагы бардык демилгелерге активдүү катышууга даяр экенин баса белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө пландалууда

Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө пландалууда

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы айылдарды байланыштырган маанилүү жолдордун бири болгон Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырым аралыгына асфальт төшөө иштери пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолдун жалпы узундугу 15 чакырымды түзөт. Учурда 6–9-чакырым аралыгында жер жумуштары жүргүзүлүп, жол кеңейтүү жана өсүмдүк катмарын алуу

“Ак-Босого” конушунда суу берүү убактылуу токтотулат

“Ак-Босого” конушунда суу берүү убактылуу токтотулат

24-февралда саат 09:00дөн 18:00гө чейин Бишкектин “Ак-Босого” конушунда ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелерине, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилерине тиешелүү. Муниципалитеттен билдиришкендей, суу берүү “Ак-Босого-1” суу топтомосунда жүргүзүлө турган оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.

2030-жылга чейин айыл чарба өндүрүшү 30%га көбөйтүлөт

2030-жылга чейин айыл чарба өндүрүшү 30%га көбөйтүлөт

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев "Агродиалог" форумунда сүйлөп жатып, айыл чарба тармагында өндүрүш жана экспорт көрсөткүчтөрү өскөнүн билдирди. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Анын айтымында, өткөн жылы айыл чарба продукциясынын жалпы көлөмү 459,7 млрд сомду түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 62,9 млрд сомго көбөйгөн. Өсүү темпи

Кыргызстанда президентке баш ийген Тергөө комитети түзүлөт

Кыргызстанда президентке баш ийген Тергөө комитети түзүлөт

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде күч түзүмдөрүн реформалоо боюнча кеңири өзгөрүүлөр даярдалып жатканын билдирип, жаңы Тергөө комитети түзүлөрүн айтты. Мамлекет башчысынын маалыматына караганда, жаңы түзүмгө бардык тергөө иштери өткөрүлүп берилет. Ал эми Башкы прокуратура жана Аскер прокуратурасы мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө функциясын сактап калат. Президент учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик