Кыргызстанда “Экотранспорт” насыялык программасы ишке кирди
Кыргызстанда “Экотранспорт” насыялык программасы ишке киргизилгенин Ишкерликти өнүктүрүү фондунан билдиришти.
“Экотранспорт” программасы өлкөдөгү смогду азайтууга жана аба сапатын жакшыртууга багытталган.
Бул жеңилдетилген финансылоо ишкерлерге дагы, физикалык жактарга дагы жеткиликтүү. Каражатка электромобилдерди, гибриддик же газдык кыймылдаткыч менен жүрүүчү унааларды, газ отуну менен жүрүүгө кайрадан жасалып чыкккан унааларды сатып алууга болот.
Насыянын жылдык үстөк пайызы 12%. Насыялоонун мөөнөттөрү:
300 миң сом – 24 айга;
1,5 млн – 36 айга;
5 млн – 60 айга.